Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Кумтөр финансылык кризиске алып келеби?


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр маселеси туура эмес чечилсе, өлкөдө финансылык кризис болушу мүмкүндүгүн эскертти. Финансылык абалды салык жана бажы тармагынан каражаттын аз жыйналып жатканы да оорлотууда.

Каржы министри Ольга Лаврованын маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, Салык комитети пландагыдан 300 млн. сом, Бажы кызматы 600 млн. сом аз жыйнап жатат. Бул 17 млрд. сом тартыштыгы бар бюджет үчүн кошумча оорчулук.

Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев кирешенин кыскаруусун алтынга баанын арзандашына байланыштырып, башка жагынан Салык кызматы планды дээрлик аткарууда дейт:

- Жалпы маалымат боюнча, тогуз айдын жыйынтыгында 42 млн. сом аз болуп жатат. Аткарылышы 99.9% болууда. Эми 0.1% жетпей жатат.

Исхак Масалиевдин айтымында, алар салык боюнча пландын алтынга баа боюнча түзүлгөн объективдүү себептерден башкасын аткарууга аракет жасашат.

Кирешенин азайышы менен бийлик тарапта бюджетти секвестирлөө же жапырт кыскартуулар жөнүндө сөз козголо баштады. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев секвестирлөөгө жол берилбейт, бирок бюджеттин чыгашасы тандалып кыскартылат деп жатат. Ошондуктан быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоору жакын арада парламентке сунушталат.

Өлкөнүн финансылык абалы оор экенин президент Алмазбек Атамбаев да 9-октябрда кыйыр түрдө тастыктады. Мамлекет башчысынын сөзүнө караганда, Кумтөр маселесинин туура эмес чечилиши Кыргызстанда финансылык кризисти жаратат.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров бюджеттин чыгашасын эбегейсиз көбөйтүү, Бажы биримдигине кирүү алдында ого бетер татаалчылыкты жаратат деп эсептейт. Мындай шартта Кыргызстан бюджетиндеги тартыштыкты кыскартууга баруу зарыл дейт.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов өкмөттүн бюджет саясатын сынга алып, Кыргызстанда бюджет жөнүндөгү мыйзамдын аткарылбашы кадырэсе көрүнүш дейт:

- Мамлекет аткарбай калат. Дайым эле аткарбайт. Аны эч ким көзөмөлдөй албайт. Биздики Америкадай эмес да. АКШда тык эткирип токтотуп койду эле, баары айлык акысыз эмгек өргүүсүнө кетишти. Бизде андай жок. Бизде мамлекет мыйзамдан коркпойт.

Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, бюджеттин кыскартылышы менен капиталдык салым, курулуш иштери аксайт. Ал эми айлык акыларды берүүгө өкмөттө азырынча мүмкүнчүлүгү бар.

Өкмөт келерки жылдын бюджетин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. Анда да көп өлчөмдө тартыштык кала берген. Маселен, быйылкы жылдын бюджетинин тартыштыгы 17 млрд. сом деп белгиленсе, келерки жылдыкы 18 млрд. сомго жакын деп жазылууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG