Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:54

Экономика

“Кумтөрдүн” жумушчулары иш таштады

“Кумтөр” алтын кенинде иштеген жумушчулар 7-февралдан тарта мөөнөтсүз иш таштаганын жарыялады.

Жүктөө
Текст көлөмү - +
Кумтөр алтын кенин иштетүүчү компаниянын 1 400 кызматкери бүгүндөн тарта иш таштады. Республикалык кесиптик кошуундун тоо-металлургия комитетинин башчысы Элдар Тажыбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул нааразылык акция мөөнөтсүз. Негизги талап - Социалдык фондго 1993-жылдан 2010-жылга чейин төлөнбөй келаткан акчаны берүү же ошонун эсебинен айлыкты көбөйтүү.

Иш таштоо болуп жатканын "Кумтөрдүн" маалымат кызматынын өкүлү Сергей Дедюхин да "Азаттыкка" тастыктады. Анын айтымында, маанилүү участоктордо иш үзгүлтүккө учураган жок. Өндүрүштө коопсуздук сакталууда.


Нааразылыктын себептери

“Кумтөрдүн” жумушчулары маяналарына кошулган тоо коэффициентинин эсебинен социалдык төлөмдөрдү кармап калууга каршы. Аларга бийик тоолуу шартта иштешкендиги үчүн айлыгына кошумча алтымыш пайыз төлөнөт. Жогорудагы чечимге нааразы жумушчулар 28-январда  бир күндүк эскертүүчү иш таштоо уюштурушкан. Ошондон бери койулган талапка көңүл бурулбай жаткандыктан эми алар мөөнөтсүз иш таштоо чечимине келишти. Тоо-кен кызматкерлеринин кесиптик кошууну алтын кенде иштеген жумушчулардын кызыкчылыгын коргоп чыкты.

Кесиптик кошуундун төрагасы Элдар Тажибаевдин айтымында, учурда социалдык чегерүүлөрдү компания өзүнүн эсебинен төлөсүн же айлыкты жогорулатсын деген талап койулууда:

- Былтыр социалдык фонд “Кумтөрдү” текшерип, бийик тоолуу шартта иштөө үчүн төлөнгөн кошумча айлык акыдан чегерүүлөр болбогондугун таап чыгыптыр. Жаңы жылдан баштап компаниянын жетекчилиги социалдык чегерүүлөрдү жумушчулардын эсебинен которо баштаптыр. Бул көп жылдан бери бул жагдайды териштирип, өз учурунда төлөп турбаган компаниянын күнөөсү. Ал үчүн эмнеге кайра жумушчулар маңдай тери менен тапкан акчасынан төлөш керек деген маселе койулуп жатат. Ошондуктан компания айлыкты көтөрсүн же мына ошону өзүнүн эсебинен төлөшү керек.

Буга чейин  социалдык чегерүүлөр базалык айлык акынын негизинде компаниянын эсебинен жүргүзүлүп келген. Бирок социалдык фонд базалык маянанын эсебинен эмес, тоо коэффициентинин эсебинен он пайыздык чегерүүлөрдү жүргүзүү талабын койгон. Мына ушундай өзгөртүүлөргө байланыштуу аталган төлөмдөрдү жумушчулардын айлык акысынан кармоо чечими кабыл алынган. Учурда компанияда жалпысынан миңге жакын жумушчу эмгектенет.

“Кумтөр” алтын кен компаниясынын өкмөт менен байланыш бөлүмүнүн менеджери Акылбек Дүйшөнбиев жумушчулар мыйзамдын талабын түшүнгүсү келбей жаткандыгына токтолду: 

- Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ар бир иштеген жаран айлыгынын эсебинен социалдык төлөмдөрдү чегерүүгө милдеттүү. Бул бардык эле ишканаларда ошондой. Бирок биздин компания мурда базалык айлыктын эсебинен жалпы төлөмдү жүргүзүп келген. Бизде иштеген жумушчулардын орточо айлыгы 80 миң сом. 2010-жылы 271 миллион, 2011-жылы 457 миллион сом жумушчулардын айлык акысынын эсебинен компания өзү төлөп келген. Мындан ары ар бир жумушчу өзүнүн маянасынын эсебинен төлөөгө тийиш.

Иликтөөдөн жыйынтык жок

Ошол эле кезде социалдык фонд буга чейин эмне себептен бийик тоолуу шартта иштегендиги үчүн жумушчулардын айлыгынан социалдык төлөмдөрдү талап кылбай келгендиги белгисиз. Эки тараптуу макулдашууда да бул тууралуу шарттар каралган эмес.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров “Кумтөрдөгү” буга байланышкан иликтөөнүн жыйынтыгы белгисиз себептерден улам создугуп жаткандыгына токтолду:

- Кармала турган социалдык төлөмдөрдү компания айлыгына кошуп бериши керек. Бул боюнча өкмөт маселе көтөрүш керек деп айтып чыктык. Депутаттык комиссия иликтегенде ушундай кирешелүү компания болгону менен башка чет элдиктерге караганда айрым жергиликтүү жумушчулардын айлык маянасы аз экендиги аныкталган. Бул боюнча иликтеген депутаттык комиссия жыйынтык чыгарыш керек болчу. Бирок сегиз айдан бери анын жыйынтыгынан дайын жок.

Бул боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Райкан Төлөгөнов менен байланышууга мүмкүн болгон жок.  Аталган комиссияга  “Кумтөр” алтын кениндеги айлык акыга, экологиялык абалга жана алтын казып алуунун жалпы жагдайына байланышкан бир топ көйгөйлөрдү иликтөө жагы тапшырылган болчу. “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын тоо кен өнөр-жай тармагындагы бирден-бир ири киреше берүүчү ишкана.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Марат каяктан: Бишкек
09.02.2012 12:14
Мен Кумтордо иштегем. Бул иш таштоону уюштуруучулар оз кызыкчылыгын гана ойлошууда. Кумтор 3 % базалык айлыкты которолу дешиптир ( бул 3% 2,4 тоо коэфициентине кобойтсо 7 эседен коп кторуудо, бул бир. Экинчи премияларды кобойтолу десе да ага каршы болуптур. Компания анчыз деле 17,25% жумушчу учун толойт да, а калганын мыйзам турундо жумушчу озу толоосу керек да. Шантаждын кимге кереги бар? Бул демек бир кызыкдар топтун заказын аткарууда. Кумтордо иштеген 15-16 жылдан бери бузукулар бар, алардын 4-5 Бишкекте уйлору бар, аларга баары бир да. А жанагы орточо айлык ал туура, бул орточо айлыкка чет элдик специалисттердин маянася кошулбай эсептелет. Жонокой уборщица 25-30 мин албаса, калганын кошсо ошондой эле болот. Ачык жазыш керек, элдин башын айлантпай. А калган Казармандагы, Солотон -Сарыдагы айлыктар канча экенин билесинерби? Аран 15-20 мин болот. Ушинтип шантаж кыла берсек биздин олкого кайсы инвестор келет???
Пикирге жооп

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
09.02.2012 17:06
Марат сен ал жерде иштеп кетпей эле ошол жерде иштейсиң. Ошон үчүн өзүң элдин башын айлантып аларды коргоп жазып жатасың. Сага окшогондор колдогондуктан алар бизге карата каалагандай мамиле жасап жатышат. Алар Кум-Төргө афера аркылуу ээ болгону жалганбы? Мамлекеттин ичинде мамлекет түзүп, канча казып жаткеаны жөнүндө жалган маалымат берип жаканы жалганбы? Биздин өлкөгө пайда кылбаш үчүн алган буюмдарды бир канчалап баасын көтөрүп жазганы жалганбы? Анткени бизге түшкөн пайдадан дивидент төлөнөт. Алтындан башка баалуу кен байлыктарды эсепке албастан ташып кетип жатканы жалганбы? Кыргыздын уулу катары эмнеге ушул маселелерди көтөрбөйсүң? Кайра Макмал, Солтон-Сарыны Кум-Төргө салыштырасың. Аларда Кум-Төрдөгүдөй көп алтын жана башка сейрек кездешүүчү металлдар өндүрүлсө айлыгы жогору эле төлөнмөк.
Пикирге жооп

кимден: Марат каяктан: Бишкек
14.02.2012 11:54
ДАН сенде мааламат жок экен, адегенде тактап туруп анан жазыш керек. Балким сен ушул иш таштоону уютургандардан болушун керек. Балким бул иш таштоо кыргыз экономикасын талкалоонун биринчи этабы, а сага окшогондор куралдарсынар. Сен билесонби, кумтордун алтыны ошол фабрикадан эле Кыргыз алтын ААК на откозулуп берилет, Доре куютмасы турундо. Ана ал алтынды биздин Кыргызалтын озу эритип (афинаждап) алтынын озунчо сатып, анан кумторго акча гана тушот. Ал эми жез, кумуш жана башка сен айткан кошулмаларды да ошол биздин кыргызалтындын окулдору тейлейт. Туура, башында чон ката менен макулдашууларга кумтор ачылганда кол коюлган, бирок 2009 жылкы макулдашуу жакшы эле да!? Эгер инвестордун кызыгы болбосун ким иштейт? Же базардагы катынча бугун бирди суйлоп, эртен бирди суйлой берсек анда бизге ким келет? Иш таштоодон мурда баардык чараларды коруш керек да. Кумтордун сунушун эсептебей эле туруп, жок биз айткандай деп профсоюз айта берсе эле туурабы? Мына эл айта баштады, эгер иштшкиси келбесе оордуна биз барабыз деп. А ортодогу чыгым кимге пайда алып келуудо? А сен Солтон-Сары жана башка ишк4аналарга барып кордун беле? Корчу кандай акмактай шарттарда иштешет. Анан иштеп жаткан ишкананы талкалаш оной да. Мен деле сендей патриотмун, бирок жети олчоп кесиш керек. Эл аралык соттордо биз уттурабыз, а кыргыздар ойлонбой эле уйдо баатырбыз. Ошол ишкналардын алтынын ким уурдап жатканын эл билет. Же калппы. А кумтордон чычкан да чыга албайт , ишенбесен барып кор.

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
08.02.2012 17:47
Камеко Кум-Төрдүн алтын баш болгон кен байлыктарды алдап ташыганы аз келгенсип, жумушчулар кийин пенсияга чыкканда пайдалануучу салыкты дагы соцфондго төлөбөй ачкөздүк кылышууда. Эмнеге ушул убака чейин бул маселени көтөргөн эмес соцфонддогулар? Эмнеге 2010-2011-жылдардыкын гана төлөтүшкөн. Өзүбүздөгү ишкер ушундай кылса чоң коррупционерди кармагансып ошол замат түрмөгө тыгышмак. Эмнеге буларга андай чара колдоно алышпайт. Анткени буларды биздин сатылган бийликтеги өз элинин чыккынчылары көптүрүп жатат. Оозуна бир нерсе тиштетип койсо эле алардын сөзүн сүйлөп, аларды коргоп адвокат боло калышат. Дүйшембиев орточо айлык 80миң сомду түзөт деп элди адаштырып жатат. Жөнөкөй иш таштаган жумушчулардын айлык акысын айтпайбы канча экенин. Булар 80миңден айлык алса иш таштоого барышмак эмес. Орточо айлыка ошол Кум-Төрдө иштегендердин баарынын айлыгы эсептелет. Биздин жөнөкөй жумушчулар 20-30миң сом айлык алса, сырттан келип иштегендер 20-30 миңдеген доллар айлык алышат. Негизи биздин бийликтегилер революциянын чыгуу себептерин изилдеп, аны чечүү үчүн иш кылышпаса, азыркы убактагыдай туруктуулук болбостон. парламент тарайт, бийликтегилер кетет деген саясий оюндар улана берип, бийликтин шишиги толгондо эл жарылат. Кум-Төрдү башында эле Бирштейндин аферасы менен алдатканбыз. Ошол ушул убака чейин уланып келүүдө. Революциядан кийин генералный келишимди кайра карап чыгып, күнөкөр саткындарды жасалап, келишимди эки тараптуу пайдага чечкенге лидер жок болуп жатат. Ушинтип миллиарддаган доллар турган байлыктарыбыз таланып жатса, биздин саясатчылар 1 миллион сомдун тегерегиндеги акча талашты кеп кылып өздөрү менен өздөрү кырылышып жатышат. Мамлекеттик деңгээлдеги орчундуу маселе көтөрүүнүн ордуна ушундай майдачыл саясатчылардан уяласың. Кээ бирөөлөр айтат эгерде бул маселени көтөрсөк инвесторлор келбей коёт. Дүйнөлүк коомчулукка шерменде болобуз деп. Дүйнөлүк коомчулук эмне аферистерге шарт түзүп бергиле деп жатабы? Чынында Камекого окшогон аферист инвестордун барынан жогу жакшы. Ушулардын жана бийликтин пара сураган сугалактык жоруктарынын айынан таза чыныгы нормалный инвесторлор келбей жатат. "Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды ууртап ичет" дегендей азыр элдер Кыргызстан боюнча алтын казууга каршылык көрсөтүшүүдө. Себеби баары эле Кум-Төрдөгүдөй алданабыз деген ойдо болушууда.

кимден: Asan каяктан: Bishkek
07.02.2012 13:44
Эмнеге эле митинг, иш таштоо дей беришет. Сексен мин сомдон айлык алып жатышкандан кийин, унчукпай эле ишей беришпейби. Эми ошончодон он процент (сегиз мин сом) мамлекеттик соцфонддого толошсо, кемпир-чалб бала-чакага эле жакшы эле го. Бул кенчилерин да саран экен?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.02.2012 02:59
туура кылып жатат жумушчулар, тим койсо эртен мындан да чоң өнөрдү көрсөтөт булар.Кыргызстанда жумуш жок деп эле каалаган жасаса боло берет бекен. ӨЗДӨРҮ ТӨЛӨСҮН!!!
Пикирге жооп

кимден: Нурлан каяктан: Бишкек
07.02.2012 15:12
Эмне учун компания алар учун толошу керек. Закон баары учун бирдей да! Байкуш мугалим да 5000 сом маянасынын 10 % толойт соцфондго, ал эми бул толомдор биздин, озулорунун эле пенсиясына кошулат да? Бул жерде соцфонд эки оюн кылууда, мурда базалык ставкадан толосо, эми тоо коэфициентин кошуп толо деп жатышат. Ушинте берсек кайсы инвестор бизге келет? Ар ким каалагандай законду буза берсе, бюджетке акча толсун деп!?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине