Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Дилгер Жапаровдун соту башталды


Дилгер Жапаров.
Дилгер Жапаров.

18-августта “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун үстүнөн сот иши Биринчи май райондук сотунда башталды.

Ал Кумтөрдөн түшкөн 200 миллион дивидендди “Центеррага” мыйзамсыз которуп, мамлекетке зыян келтирген деп айыпталууда. Соттук отурумда Жапаров коюлган айыптарды четке какты.

200 миллиондун тагдыры кантип чечилген?

Мамлекеттик айыптоочу Нурдин Молдотаевдин айтканына караганда, Дилгер Жапаров “Кыргызалтындын” жетекчиси болуп турган кезде өз укук-милдеттерин ишкананын жана Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы пайдаланган. Прокурор Жапаров 2013-жылдын 6 жана 19- декабрында бир жыл мурдагы, атап айтканда, 2012-жылдагы киреше үчүн деп, “Центерранын” эсебине 200 миллион доллар дивидендди мыйзамсыз которгонун айтты:

- Киреше боюнча чечим акционерлердин жылдык жыйналышында кабыл алынат. Ал 2012-жыл аяктагандан соң кийинки жылдын 1-майынан кечиктирилбестен кабыл алынышы керек болчу. Бирок Жапаров өзүнүн бөлүштүрүүчү жана башкаруучу укуктарынан пайдаланып, “Кыргызалтындын” жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын эске албастан, “Центерранын” пайдасына иштеген. Ал 2012-жылды компания 150 миллион доллар чыгым менен аяктаганына карабай, директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү Ян Аткинсон, Андрей Сазанов менен биргеликте чечим кабыл алган. Башкача айтканда, түшкөн киреше жана мыйзамдуу зарылчылык жоктугун, ошондой эле 2013-жылы план боюнча дивиденд төлөөгө акча каралбаганын билип туруп, ушундай кадамга барган.

Анын пикирин “Кыргызалтындын” юридика бөлүмүнүн башысы Индира Өмүрбекова да кубаттады. Анын айтымында, Жапаров “Акционердик коомдор жөнүндөгү” мыйзамды бузган. Аталган соттук териштирүүдө “Кыргызалтын” жабырланучу катары өтүп жатат.

- Мага дивиденддердин төлөнүшү канчалык мыйзамдуу болгон деген маселе боюнча баа берүү тапшырылган. Менимче, эгерде 2012-жылы компаниянын таза кирешеси болбосо, анда дивиденд төлөө менен бул жерде мыйзам бузулган деп ойлойм.

Жапаров айыптарды четке кагууда

Прокурордун маалыматында, Жапаров кыргыз өкмөтү “Центерра” менен жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билип туруп, дивиденддерди которуу кадамына барган. Атайынбы же кокустан дал келүүбү, “Центеррага” 200 милллион дивидендди которуу боюнча директорлор кеңешинин чечими кыргыз өкмөтү менен “Центерра” 50-50 пайыздык тең үлүшкө ээ болгон жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү кызуу жүргүзүп жаткан кезге туш келген. Бирок “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы президенти Дилгер Жапаров 18-августта башталган сот отурумунда күнөөсүн мойнуна алган жок. Жапаров али жаңы келишим түзүлө элек, ошондуктан мамлекетке зыян келтирген жокмун деп эсептейт.

- Башында биз ишканага кандай зыян келгенин тактап алсак. Эч кандай зыян жок бул жерде. Азыр жаңы келишим боюнча аликүнчө сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Жапаровдун адвокаты Владислав Лужанкий да коюлган айыптар үчүн далилдер жетишсиз деп, анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү соттон өтүндү. Судья Абдразак Боронбаев ал өтүнүчтү кийинки соттук отурумда кароону убада кылды.

Жапаровдун камакка алынганынан жана Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонуна чочулаган “Центерранын” жетекчилиги Кыргызстанга келүүдөн чочулап жаткан кези. Бул өз кезегинде кыргыз өкмөтү менен “Центеррага” 50-50 пайыздык теңшерик укугундагы жаңы ишкананы жана келишимдердин түзүлүшүн кечеңдетип жатат. “Центерранын” инвестиция боюнча вице-президенти Жон Пирсон компаниянын кызыкчылыгын мындайча түшүндүрдү:

- Азыркы учурда биздин жетекчилик Башкы прокуратура козгогон иштен улам Кыргызстанга келбейт. Биздин менеджмент бул маселе чечилмейинче жумушчу топ менен жана кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү башка жерде сүйлөшүп турууну сунуштады.

Учурдагы иштеп жаткан келишим боюнча Кумтөрдү иштеткен “Центерра голд” компаниясында Кыргызстандын 33 пайыз үлүшү бар. Жаңы келишим түзүлсө, ал 50 пайызга чыкмачы. Бирок айрым саясатчылар жана депутаттар Кумтөрдү толугу менен улутташтыруу демилгесин көтөрүп келишүүдө.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду “Кумтөр Голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап, 29-майда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызматтык абалынан пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жапаров учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

XS
SM
MD
LG