Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Кыргызстан инвестиция издөөнүн жолунда


Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги ири долбоорлорду ишке киргизүү үчүн 2015-жылы Кыргызстан жыйырмага чукул бизнес-форумга катыша турганын жарыялады.
Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги ири долбоорлорду ишке киргизүү үчүн 2015-жылы Кыргызстан жыйырмага чукул бизнес-форумга катыша турганын жарыялады.

Өлкөдөгү экономикалык оор кырдаалда чет элдик түз инвестиция тартуунун көйгөйлөрү талкууга алынды.

Чет элдик ири инвестицияларды тартуудагы курч атаандаштыкка Кыргызстан кандайча туруштук берип, инвестициялык климатын кандай жол менен жакшырта алат деген суроолор Экономика министрлигинде өткөн тегерек үстөлдө кабыргасынан коюлду. Инвестиция тартуунун чаралары жана аны коргоонун кепилдиктери боюнча аталган министрлик алдында жаңыдан түзүлгөн агенттик ишке кирише баштады.

Кепилдикти талап кылган инвестиция

Быйыл Кыргызстанга келчү чет элдик түз инвестициялардын көлөмү кескин кыскарган. Буга бир катар ички-тышкы факторлор себеп болгонун аталган агенттиктин жетекчилиги белгилеп өттү.

Инвесторлор салым киргизүү үчүн керектүү башка жактарды издеп жатышат. Биз ошол жактан инвестиция тартышыбыз керек.

Бирок мыйзамдары жумшак, жеңил салык системасы жана ишкер чөйрөгө ийкемдүү шарттары бар деген Кыргызстанга эмнеге чет элдик ири инвестициялар келбейт деген суроо коюлду. Ошол эле кезде авторитардык бийлик режими орногон Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанга чет элдик түз инвестициянын агымы Кыргызстанга караганда жогору экени белгиленди.

Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин жетекчи орун басары Нурбек Максутов чет элдик ири инвестиция агымын саясий туруктуулук менен байланыштырды:

- Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанда инвестиция сөзсүз бир бийликтеги бир таасирдүү кызмат адамдарынын арты менен келет. Анан калса, аталган мамлекеттерде мына ошол каналдар аркылуу келген инвестициянын корголушуна кепилдик берилет. Бийлик күчтүү болуп, саясий калканч менен маселени андан ары чечип алуу чет элдик инвестор үчүн башында баары жеңилдей көрүнөт. Бирок бизде жагдай башка. Учурда Кыргызстанга келген инвестицияга кайсы бир жеке адамдар кепилдик бере албайт. Бирок системалуу түрдө инвестордун жана мамлекеттин кызыкчылыгын тең салмактаганга аракет кылабыз. Ошондуктан инвестиция тартуу жана аны колдоо биздин агенттик аркылуу ачык-айкын жол менен ишке ашат. Азырынча бул система калыптанганча инвесторлорго бул жол оордой көрүнөт. Бирок келечегинде бул жол цивилизациялуу. Биз эки ыңкылапты баштан кечирдик. Ал эми кошуналарда бир нерсе болсо, ал жактагы инвестицияга эч ким кепилдик бере албайт.

Кара-Кече көмүр кени
Кара-Кече көмүр кени

Кыргызстанга чет элдик инвестицияны тартуу көйгөйү катары талкуунун катышуучулары өкмөттө бирдиктүү жана туруктуу саясаттын жоктугун белгилешти. Мындан башка өлкөдө инвестиция жаатындагы эл аралык эрежелердин сакталбаганы айтылды. Мына ошондуктан ири долбоорлорго кызыгып келген чет элдик инвесторлор салымын киргизүүдөн баш тарткан учурлар ондоп саналат. Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводу жана Кара-Кече көмүр кени сыяктуу ири долбоорлор жең ичинен соодалашуулардын айынан ишке кирбегени мисалга алынды.

Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин жетекчиси Алмаз Сазбаков энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгына мындайча токтолду:

- Бизде азыр энергетика жаатында чоң көйгөй болуп жатат. Мындай шартта бизге инвестор келиши кыйын. Анткени биздин өзүбүзгө, калк пайдаланганга электр энергиясы жетишпей жатса, анан ишкердикке керектелүүчү энергияны каяктан алмак элек? Ошондуктан биздин биринчи мега долбоор бул – Кара-Кечедеги көмүр кени боюнча үч долбоорду ишке ашыруу. Азыр тиешелүү инвестор табылган. Анын негизинде темир жолду ишке киргизип, көмүр кенин иштетип, анан жылуулук берүү станциясын куруп алсак болот. Ошондо башка инвестициялык долбоорлорду да ишке ашырууга жол ачылат.

Жагдайдын жайгарымы

Жакынкы Чыгыш, Ирак, Сирия жана Украинадагы согуштук кырдаал менен Орусиядагы каржылык абал ал жактан капиталдын качуусун шарттаган. Бул жагдайды өнүгүп келаткан өлкөлөр өзүнө ыңгайлуу пайдаланууну көздөп жатканы белгиленди.

Жаш ишкерлер бирлигинин өкүлү Элдияр Абакиров бул багытта чет элдик ири инвестиция тартып калуунун мүмкүнчүлүгүн белгиледи:

- Биз жакында Дубайда болуп келдик. Азыр Дубайда жана Абу-Дабиде акча ашып-ташып турган учур. Анткени Иракта согуш, Сирияда кагылышуу, башка араб өлкөлөрүндө деле абал тынч эмес. Ошондуктан ал жактан качкан капитал түз эле мына ошол эки шаарга келип токтогон. Бирок ал жакка андан ары акча сала берүү мүмкүн эмес. Ошондуктан инвесторлор салым киргизүү үчүн керектүү башка жактарды издеп жатышат. Биз ошол жактан инвестиция тартышыбыз керек.

Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды илгерилетүү агенттиги ири долбоорлорду ишке киргизүү үчүн 2015-жылы Кыргызстан жыйырмага чукул бизнес-форумга катыша турганын жарыялады. Учурда Кытай, Түштүк Корея, Түркия, Малайзия, КМШ жана Араб өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгиленди. Мына ошол форумдарда Кыргызстандын өкүлчүлүгү чет элдик инвесторлорду кызыктыра турган ири ишкер долбоорлорду сунуштай турганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG