Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Туруксуз өкмөттүн жемиши - туруксуз экономика


Премьер Жоомарт Оторбаев баштаган жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте. 2-апрель, 2014
Премьер Жоомарт Оторбаев баштаган жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте. 2-апрель, 2014

Өкмөттүн туруксуздугу ишкерликке терс таасир этип жатканы “Бизнестин абалы: кечээ, бүгүн жана эртең” деген аталышта Бишкекте өткөн талкууда айтылды.

Ишкерлердин айтымында, улам өкмөт алмашкан сайын бизнестеги эрежелер да өзгөрүп, анын айынан орто жана чакан ишкерлик зыян тартууда.

Экономика туруктуулукту жана ырааттуулукту сүйөт

16-апрелде Бишкекте өткөн “Бизнестин абалы: кечээ, бүгүн жана эртең” деген тегерек үстөлгө эксперттер, ишкерлер жана депутаттар катышты. Маселен, Бишкек ишкерлер клубунун мүчөсү Азамат Акелеевдин айтымында, өкмөт алмашкан сайын, ар бир премьер-министр өзүнүн реформасын жана программасын баштап, ырааттуулук болбой калат. Ал өкмөттү дайындоодо жана кетирүүдө эч кандай критерий жоктугуна да токтолду:

- Өкмөттү алмаштыруу эки-үч адамдын чечими менен гана болуп калып жатат. Мисалы, Өмүрбек Бабановдун өкмөтү, жакында болсо Сатыбалдиевдин өкмөтү эмнеге алмашканын биз дагы эле так билбейбиз. Бул мамлекеттин иштөөсүнө терс таасирин тийгизип жатат. Реформалар жүрүп баштап, алмашканда кайра токтоп калууда.

Кыргызстанда жаңы жетекчи келгенде мурдагы жетекчинин демилгеси жана программасы унутта калган тажрыйба адаттагы көрүнүш. Ал эми жаш ишкерлер кеңешинин мүчөсү Улан Исаков болсо, мыйзамдардагы туруксуздукка токтолду. Анын билдиришинче, тез-тез күтүүсүз алмашкан бизнестеги эрежелер ишкерлердин узак мөөнөттүү стратегиялык пландарды кабыл алуусуна мүмкүндүк бербей жатат.

Ишкер Улан Исаков буга бизнести түшүнбөгөн парламент депутаттарынын да салымы бар экенин кошумчалады:

- Өкмөттүн жана премьердин да эч кандай күчү жок. Кайсы бир нерсеге эгер депутаттар каршы боло турган болсо, аны өздөрү каалагандай өзгөртүп ташташат. Ошон үчүн ишкерлердин талабы: саясий-экономикалык вектордун аныкталуусу. Биз кайсы жол менен барабыз? Демократиялыкпы, либералдыкпы же комунисттик өнүгүү менен барабызбы? Ушулар аныкталып, ага жараша бизнес өзүнүн ыкчам аракеттерин көрүшү керек.

Үмүт жараткан Оторбаев

Анткен менен ишкерлер жаңыдан дайындалган өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевден үмүтү чоң. Алардын оюнча, Оторбаев ишкерчиликти түшүнгөн, экономиканы билген жетекчи. Бирок ага өз командасын түзүүгө фракциялар жана президент мүмкүнчүлүк бербейт дейт, тегерек үстөлгө катышкан оппозициячы депутат Равшан Жээнбеков.

- Жоомарт Оторбаев бизнести түшүнөт, кандай иштешти билет. Мамлекеттик органдар жана бизнес-компаниялар кандай болушу керектигин түшүнөт. Бул жагынан кандайдыр бир деңгээлде кичинекей өзгөрүүлөрдү жасай алышы мүмкүн. Бирок чоң өзгөрүүлөргө бара албайт. Ага баруу үчүн тегерегинде командасы, пикирлеш адамдары болушу керек. Анын андай командасы, бир да адамы жок.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 11-апрелде ишкерлер менен жолуккан кезде бизнестеги абалды жакшыртууга, ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө убада берди. Бирок ошол эле кезде ишкерлер өздөрү пара берип, мамлекеттик органдарды коррупцияга түртөт деп да айыптады.

- Эмне үчүн өзүңөр пара бересиңер? Өзүңөр салык төлөөдөн качып, пара берип жатасыңар. Силер кирешеңерди ойлоп, ушундай кылсак боло берет дейсиңерби? Урматтуу ишкерлер, коррупция эки тараптуу болот. Андан көрө биз муну менен кантип күрөшөбүз деп ойлонгула.

2010-жылдагы апрель окуясынан бери Кыргызстанда бешинчи өкмөт башчы иштеп жатат. Ал эми Кыргызстандын эгемен тарыхында Жоомарт Оторбаев 26-премьер-министр. Ал да эң көп болсо 1,5 жыл, тактап айтканда келерки жылы болчу парламенттик шайлоого чейин гана өкмөттү башкара алат.

XS
SM
MD
LG