Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Бажы биримдиги: өкмөт жол картасын жактырды


Бажы биримдигине кирүүгө каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.
Бажы биримдигине кирүүгө каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.

Кыргыз өкмөтү көптөн бери талкуулап келе жаткан Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын кабыл алды.

Эми ал Жогорку Кеңеште комитеттердин талкуусунан өтүшү керек. Андан соң май айынын акырында Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин президенттери катышкан Астанадагы саммитте ага кол коюлмакчы.

Сырдуу “жол карта”

Өкмөт 12-майда Бажы биримдиги боюнча жол картаны журналисттердин катыштырбай, жабык талкуулады. Буга чейин да анын мазмуну купуя сакталып келе жаткан. Бирок 12-майдагы өкмөттүн отурумунда өкмөт мүчөлөрүнүн баары аны алеки саатта колдоп, кабыл алганын экономика министри Темир Сариев журналисттерге маалымдады.

Темир Сариевдин айтымында, эми ал парламентте талкууланган соң, Бажы биримдигин түзгөн өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда кол коюлат. Ал жолугушуу жакынкы мезгилде Астанада өтмөкчү.

- Бүгүн жол карта боюнча протоколдук чечим кабыл алынды. Биздин ички регламентке ылайык, ал парламентке жөнөтүлүп, Эл аралык мамилелер, ошондой эле Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетте каралат. Андан соң Евразиялык экономикалык аймактын мамлекет башчыларынын жогорку деңгээлиндеги жолугушуусунда каралып, чечим кабыл алынат. Ага биздин президент катышат.

Экономика министринин билдиришинче, жол карта 182 пункттан турат. Аны кабыл алгандан кийин 90го чукул нормативдик документтерге, анын ичинде 30дай мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Бирок Сариев жол картага кол коюу Бажы биримдигине кирди дегенди билдирбесин, уюмга кирүүнүн мөөнөтү өзүнчө келишим менен аныкталарын кошумчалады.

- Жол картаны бекиткенден кийин биз Бажы биримдиги менен келишим түзөбүз. Биз сурап жаткан жеңилдиктер жана шарттар ошол келишимде жазылат. Ал келишим парламенттен ратификациядан өтүшү керек болот. Биздин оюбузча, Бажы биримдигине 2015-жылдын ичинде киребиз. Бирок так мөөнөтүн ал келишим парламентте каралгандан кийин айта алабыз.

Ал эми 182 пункттан турган жол картанын долбоорунда болсо, мыйзамдарды уюмга шайкеш келтирүүдөн тышкары, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен чек ара бекеттеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо каралган. Дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, өнөр жай жана азык-түлүк товарларын Бажы биримдигинин техникалык регламентине шайкеш келтирүү сыяктуу жоболор да бар.

Бажы биримдигине каршылардын үнү

Кыргызстанда Бажы биримдигине кирүү боюнча коомдук пикир эки ача болуп келүүдө. Ошондон улам, Жогорку Кеңеш келерки аптада Бажы биримдигинин пайда жана зыянын талкуулаган парламенттик угуу өткөргөнү жатат.

Ал эми экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, Бажы биримдигинин техникалык регламенти өтө катаал. Кыргызстан Бажы биримдигине кирген күндө деле, анын шарттарына шайкеш келбеген товарлар Казакстан жана Орусиянын аймагына кире албайт.

- Чек арадан баары бир товарлар өтпөйт. Анткени техникалык регламент деген бар. Ошого шайкеш келмейинче, чек арадан бир да товар өткөрүлбөйт. Азыркыдай эле абал сакталат, товарлар киргизилбейт. Булардан тышкары, Бажы биримдигине кирсек баалар 20-30 пайызга өсөт, жыл сайын өсүп турат. Реэкспорт токтоп, Кыргызстанда жасалган товарлардын да баасы кымбаттайт.

Буга чейин бир катар коомдук жана саясий уюмдар Бишкекте Бажы биримдигине кирүүгө каршы акцияларды өткөргөн. Алардын айтымында, Бажы биримдиги экономикалык эмес, ириде Орусиянын саясий долбоору. Андыктан алар бул уюмга кирүү өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерине жана эгемендигине балта чабат деп эсептешет.

Ошол эле кезде эл арасында уюмга кирүүнү жактагандар да арбын. Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча арызды уюмга 2011-жылы тапшырган болчу. Бажы биримдигин үч мамлекет: Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн. Ушул эле мамлекеттер Бажы биримдигин өркүндөтүп, Евразиялык экономикалык аймакты түзгөнү жатышат. Ага да Астанада кол коюлары мерчемделүүдө.

XS
SM
MD
LG