Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Бажы биримдигинен баш тартабызбы?


Бажы биримдиги -- казакстандык сүрөтчү Галым Смагулдун тамаша сүрөтү, 14-январь, 2013.
Бажы биримдиги -- казакстандык сүрөтчү Галым Смагулдун тамаша сүрөтү, 14-январь, 2013.

Кыргызстанды Евразиялык комиссия бекиткен Бажы биримдигине кирүүнүн жол картасы канааттандырбайт.

Кыргыз өкмөтү жакында бекитилген жол картасы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын эске албастан туруп бекитилгенине нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу Бажы биримдигине кирүүнүн шарттарын иштеп чыгуу боюнча өкмөттүн алдындагы жумушчу топ мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге маалымат берди. Президент Атамбаев жолугушууда улуттук кызыкчылык эске алынган шартта гана Кыргызстан Бажы биримдигине кириши керек деген талап койду.

Күмөнсүткөн жагдайлар

Бажы биримдигине кирүүнүн шарттарын кароодо Кыргызстан өз өнөктөштөрүнөн бир катар жеңилдиктерди сураган болчу. Бул - бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан тарта турган зыяндын ордун толуктоочу компенсациялык фонд түзүү жана атамекендик товарларды экспорттоо үчүн лабораторияларды курууга көмөктөшүү маселеси. Ошондой эле Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн чийки зат жана техникалык жабдуулар үчүн бажы төлөмүнүн жеңилдигин камсыздоо шарттары. Президент Атамбаев менен жолугушууда жумушчу топ жол картасы Кыргызстандын кызыкчылыгын эске албай туруп бекигенин талкуулады.

Өкмөт башчынын орун басары Жоомарт Оторбаев мындай жагдайда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин караган жол картасына кол коюу белгисиз мөөнөткө жыла турганын белгиледи:

- Евразиялык экономикалык комиссия биз менен макулдашпай туруп жол картасын бекитип салышты. Биздин берген комментарийлерди кабыл албастан, өздөрүнүн жамааттык чечимин чыгарды. Комиссияга жол картасынын биз иштеп чыккан вариантын дагы бир жолу жөнөттүк. Бул боюнча сүйлөшүүлөр качан болоору белгисиз. Анан эми ал маселе терең талкууланып, биздин кызыкчылыкты эске алуу менен ага качан кол коюларын азырынча айта албайм.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия, Казакстан жана Беларустан турган Бажы биримдигине Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгы сакталган шартта гана кириши керектигин белгиледи. Муну менен президент бул багытта Кыргызстандын кызыкчылыгын эске албастан туруп жол картасынын бекитилишине макул эместигин туюндурду.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Үсөнов мамлекет башчысынын бул багыттагы расмий позициясын билдирди:

- Президент улуттук кызыкчылыктарды эске алып жана Кыргызстандагы социалдык туруктуулукка залакасын тийгизбегидей шартта гана өлкө башка мамлекеттер менен экономикалык интеграцияга бара турганын баса белгиледи.

"Дордой" базары, 24-январь, 2013-жыл
"Дордой" базары, 24-январь, 2013-жыл
Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирбеген Кытай, Индия жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн келүүчү чийки зат жана техникалык жабдуу түрүндөгү товарларга бажы төлөмүн азыркы деңгээлинде калтырууну суранган. Бул чара менен Кыргызстан өзүнүн өндүрүштүк абалын чыңдап калмак. Мындай тизмеге башында алгач 2600 товардын түрү киргизилип, бирок ал тизме кийин жарымына чейин кыскартылган болчу. Ошондой эле “Дордой”, “Кара-Суу” жана “Мадина” сыяктуу базарлардын иштешин камсыздоо шарттары каралган.

Өнөктөштөр атаандаштыкты каалашпайт

Экономист Азамат Акелеев коюлган шарттар аткарылбастан Бажы биримдигине кире турган болсо Кыргызстан экономикалык каатчылыкка кептелерине токтолду:

- Мына ошол коюлган шарттар аткарылбай турган болсо, анда Бажы биримдигине кирүү менен өлкөдө жумушсуздук күч алат. Ошондой эле жергиликтүү өндүрүшчүлөргө бир топ зыян алып келе турган жагдайлар орун алат. Эң негизгиси жанагы бажы тарифи жана техникалык жөнгө салуудагы маселелер чечилиши керек. Алар чечилбесе, Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинен пайда жок. Бажы биримдигинин бирдиктүү каттоосуна кирүү жана тышкы чек аралардагы бажы көзөмөлүн камсыздоо чараларына эле чоң чыгым жумшалат. Мына ошонун бардыгы чечилиши керек болчу.

Ошол эле кезде талдоочулар Орусия, Казакстан жана Беларус Кыргызстанды сураган жеңилдиктин негизинде Бажы биримдигине кабыл алууга кызыкдар эмес деген пикирде.

Экономист Азамат Акелеев Бажы биримдигине кирген аталган үч өлкө Кыргызстанды чийки зат базасы менен камсыздоочу өнөктөш катары гана көргүсү келет деген ойдо:

- Негизи экономикалык жактан алып караганда Бажы биримдигиндеги бизге өнөктөш боло турган өлкөлөр жеңилдиктин негизинде Кыргызстандын өндүрүшчүлөрү алар менен атаандаш болушун каалашпайт. Ошондуктан болушунча жанагыдай преференцияларды бербөөгө тырышат. Алар болгону Бажы биримдигинин чек арасын кеңейтүүдө рыноктун чоңойушун гана көрүшөт. Кыргызстанды чийки зат менен камсыздоочу өнөктөш катары көрүшүп, негизинен бышпаган айыл чарба азыктарын гана алууга кызыкдар. Анан бул жакка кайра өздөрү өндүргөн товарлардын гана таралышын каалашат.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев декабрь айынын экинчи жарымында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги жыйынынын алкагында Москвага барышы күтүлүүдө. Мына ошол жолугушууда президент Атамбаев Орусиянын, Казакстандын жана Беларустун мамлекет башчылары менен Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин негизги шарттарын талкууга алышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG