Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Улуттук банк кризистен чыгармак, бирок...


Кубан Чороев
Кубан Чороев

Кыргызстан экономикалык депрессиядан чыгуу үчүн акча реформасын жасоо зарыл жана Улуттук банкты улутташтыруу керек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы монетардык терминдер менен мүнөздөгөндө эки терс жагдайга кабылып турат: бир жагынан экономикабызда долларлашуу процесси жүрүп жатса, экинчи жагынан сомдун массасы кескин түрдѳ төмөндѳп кетти. Аталган жагдайлар экономикабыздын жакынкы келечектеги өсүшүнѳ кооптуу абал жаратты. Мындай абалды биз экономикалык депрессиянын башталышы деп айтсак жаңылбайбыз. Коомдо экономикалык бүдөмүк абалга байланыштуу экономикалык активдүүлүк өтө төмөн деңгээлге түшүп кетти. Эми бул абалдын келишинин себептерин жалпак тилге салып, чечмелегенге аракет кылып көрөйүн.

Куну кеткен сом, көкөлөгөн доллар

Акыркы он жылда өлкөдөгү улуттук валютабыз - сомдун массасы жылдан жылга өсүп келаткан эле. Ал эми өткөн 2014-жылдын он бир айында сомдун массасы 22.7 млрд. сомго азайып кетти. Мындайча айтканда, экономикабызда болгон сомдун массасынын үчтөн бир бөлүгү кыскарып жатат. Бирок сомдун массасынын кыскарганына карабай, инфляция 2014-жылдын акыркы он бир айында 10,2% түздү, салыштырмалуу мурдагы 2013-жылы инфляция 4.4% түзгөн эле. Эмне үчүн мындай кызык абал түзүлүүдө? Ар бир экономист билгендей, инфляция бул акчанын көлөмү көбөйгөндө боло турган экономикалык кѳрүнүш. Ал эми ѳткѳн жылы акчанын - сомдун көлөмү 30% чейин азайып жатса, бул инфляция кайдан келип чыкты деген суроо туулат.

Экинчи кызык жагдай, бардык коммерциялык банктар "сом менен биздин банкка депозит салыңыз, пайыздар көтөрүлдү" деген жарнактарды илип жатышат. Ал эми ошол эле убакта Улуттук банктын статистикасын карасак, банктарда сом менен салынган депозиттер акыркы жылда кескин кыскарып кетти. Үчүнчү кызыктуу жагдай, Улуттук банк 2014-жылы сомдун курсунун туруктуулугун кармаш үчүн валюталык резервинен 516 миллион АКШ долларын коротту. Мындай ири сумманы Улуттук банк буга чейинки турмушунда короткон эмес, бирок буга карабай доллар 2014-жылдын башында 49 сом болсо, жылдын аягында 60 сомду түзүп, 11 сомго же 18% кымбаттап кетти. Бул деген Кыргызстанга келген импорттук товарлар жана дары-дармектер 18% кымбаттады дегенди билдирет.

Өйдөдө айтылып кеткен жагдайлардын себептерин экономиканын долларизациясы же долларлашуусу менен түшүндүрсөк болот. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2014-жылдын ноябрь айына карата экономиканын долларлашуу деңгээли 58.2% түзгѳн. Бул биздин экономикабыздагы коммерциялык банктарда депозиттерде жаткан доллардын көлөмү жалпы акча массасынын 58.2% доллар түзөт дегенди билдирет. Ал эми банктардан тышкары жаткан накталай долларларды кошкондо, мындан да бир кыйла доллардын пайыздык көлөмү өйдө болору анык. Дүйнѳлүк стандарттарга таянсак, бул көрсөткүч 50% ашканда өлкөнүн улуттук акча системасы көзөмөлдөн чыкты жана ошол өлкөнүн Улуттук банкы өз жөндөмдүүлүгүн жоготуп, акча системасын көзөмөлдөй албай калды деп бааланат. Эгерде абал ушул нукта өнүгө бере турган болсо, анда улуттук валютанын жана Улуттук банктын мындан ары кереги жок болуп калышы ыктымал. Анткени, анын коомго болгон пайдасынан өзүнүн жеген куну көп болуп калышы мүмкүн.

Кайда барба доллар

Экономикабыздагы долларлашуунун түпкү себеби биздин Улуттук банк акча системасын натыйжалуу көзомолдөй албагандыгынан улам сомдун туруксуздашып кеткенинде жатат. Кыргызстанда жарандар жана ишканалар сомго ишенбегендиктен, бардык чогулткан аманаттарын долларга айландырып, доллар менен сактай баштаганы бардыгына белгилүү. Кыргызстанда бардык рыноктук келишимдер доллар менен жүрөт. Автоунаа сатып аласызбы, үй аласызбы, жер аласызбы, бардыгы доллар менен ченелет жана иш жүрөт. Демек, сом өзүнө жүктѳлгѳн акча функцияларын аткарбай калган. Ал эми 2014-жылга чейин өлкөнүн долларлашуу деңгээли 50% чейин эле. Бул ал кезде Улуттук банк акча саясатында таасирдүүрөөк болуп, абалды туруктуу кармоого жөндөмдүү болуп келгенин көрсөтөт. Бирок 2014-жылы сомдун курсу кыйла төмөндөй баштаганда элдин жана ишканалардын Улуттук банкка болгон акыркы ишеничи такыр жоголуп, экономикада толук долларлашуу багыты күч алды.

Эми эмне үчүн бүгүнкү күндө сомдун куну жоголуп, доллардын курсу өсүүдө? Түшүндүрүп берүүгө аракет кылайын.

Биринчиден, долларга болгон суроо-талаптын чукул өсүп кетүүсүнө кандай жагдайлар түрткү берерин жогоруда түшүндүрдүк.

Кыргызстанда үй сатуу-сатып алуу доллар менен гана жүргүзүлөт
Кыргызстанда үй сатуу-сатып алуу доллар менен гана жүргүзүлөт

Экинчиден, сомдун долларга карата арзандашы экономикада сомдун массасынын өсүшү менен тыгыз байланышта. Эми кандай учурларда сомдун массасы экономикабызда өсүп кетет? Биринчи, эгерде Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунан доллар сатып алса, сомдун массасы өсөт. 2014-жылы Улуттук банк биздин валюталык рыноктон доллар сатып алган жок, тескерисинче 516 млн. АКШ долларын сатты.

Экинчи жол, Кыргызстандын өкмөтүнүн Улуттук банктагы акча эсебине башка өлкөлөрдөн жана дүйнөлүк донордук-кредиттик уюмдардан акча келгенде. Ал акчалар доллар менен келет, ал эми өкмөт сом менен бюджет аркылуу сарпташ керек да. Мисалы, Орусия федерациясы 500 млн. доллар которду дейли кыргыз өкмөтүнүн эсебине. Аны Улуттук банк өзүнүн резервине салат дагы, бир доллар 60 сом деген курс менен жаңыдан басылган 30 млрд. сомду кыргыз өкмөтүнүн казынасына которуп берет. Өкмөт бул акчаны бюджет аркылуу коротот. Өкмөттүн чыгашасы кимдир бирөөнүн кирешеси болот эмеспи. Андыктан бул 30 млрд. сом акырындап биздин экономикабызга агылып кирет. Бирок эл жана ишканалар "кирешелерди долларга которуп коёлук, сом арзандап кетет" дешип, доллар ала баштаганда суроо-талаптын көбөйүшүнѳн улам доллар сомго карата кымбаттай баштайт. Мына бүгүнкү күндөгү доллардын кымбатташы ушундан келип чыгат. Анан кийин кезек Улуттук банкка келип жетет. Башкача айтканда, доллар кымбаттап жатат деп эл дүрбөлөңгө түшкөндө Улуттук банк баягы өзү басып чыгарып, өкмөткө берген сомдорун баягы Орусия которгон доллар менен кайра сатып ала баштайт. Бирок Улуттук банк өкмөткө бергенде курс бир доллар 60 сом болсо, кайра ошол сомдорду сатып алгыча бир далай убакыт ѳтөт, доллар кымбаттап, мисалы, бир доллар 70 сомго чыгат. Буга байланыштуу баягы 30 млрд. сомду Улуттук банк кайра 428.5 млн. долларга сатып алып, ортодо 71.5 млн. доллар пайда көрүп, өзүнүн резервин толуктай берет. Ортодо кордукту көргөн баягы эле кыргыз эли.

Ал эми Улуттук банктын төрагасы коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын, Жогорку Кеңештин жана президенттин "сомдун куну эмне үчүн түшүп жатат?" деген суроолоруна "сезонго, Орусиянын санкцияларына байланыштуу, нефть кымбаттап кетти" деген негизсиз себептерди айтып, жайгарат. Же болбосо Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларга шылтап, өз ишин уланта берет. Ушундай алдоо жолдору менен Улуттук банк мындайча айтканда, эбегейсиз байыган. 2002-жылы Улуттук банктын резерви 285 млн. доллардын тегерегинде болсо, азыркы күнү Улуттук банктын резервине 1 миллиард 970 миллион доллар акча жыйналган. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, Улуттук банк эч нерсе өндүрүп чыгарбаса, же сатпаса, бул резерв кайдан көбөйгөн? Ошол эле убакта бул резервдердин кѳпчүлүк бөлүгү чет элдик компаниялардын акцияларына айландырылып, чет өлкөлүк уюмдардын кызыкчылыгына иштеп жатат.

Улуттук банкты реформалоо экономикалык өнүгүүгө жол ачат

Эми сомдун курсун коё туруп, Улуттук банктын реформасы тууралуу сөз кылалы. Жыйырма бир жылдан бери кыргыз элин кордоп келе жаткан Улуттук банкты канткенде кыргыз элинин кызыкчылыгына иштетебиз деген маселени кѳтѳрүп, 2014-жылдын 24-апрелинде президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткѳ 14 барактан турган Кыргызстанга «алтын сом» деген жаңы акча бирдигин киргизүү жөнүндө сунушумду киргиздим эле. Президенттин аппараты Улуттук банкка, Каржы министрлигине, Экономика министрлигине "бул сунуш боюнча экономист Чороев мырзага жооп бергиле" дегенден башка эч нерсе жасаган жок. Ал эми Улуттук банк эки жолу мени менен жолугуу өткөрүп, “талкуу өткөрсөңүз биз ага катышабыз, бирок биз өзүбүз бул маселени көтөрүп чыга албайбыз” деп тим болду. Бул маселе боюнча бүгүнкү күндѳ Улуттук банк өзүнүн ачык позициясын көрсөтө алган жок.

"Улуттук банк жөнүндөгү" мыйзамда ал кыргыз экономикасынын кызыкчылыгына, анын өсүшүнө иштейт деген бир да сөз жок, ал мыйзамда сомдун туруктуулугун кармайт деген эле жобо бар. "Улуттук банктын активдери мамлекетке карабайт, Кыргыз Республикасына тиешеси жок жана Улуттук банк мамлекеттин милдеттенмелерин бѳлүшпөйт" деп, ташка тамга баскандай кылып, бизге Дүйнөлүк валюта корунун юристтери жазып берген. Ошондой эле Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө эч ким кийлигише албайт, анын резервдерин Эсептөө палатасы текшере албайт, Башкы прокуратура эч бир кылмыш ишин козгой албайт. Сиздер массалык маалымат каражаттарынан Улуттук банктын башкаруучу кызматкери туура эмес валюталык интервенция кылып коюп, Башкы прокуратура тарабынан иш козголду дегенди уктуңуздар беле? Бул жагынан караганда Улуттук банк өзүнчө мамлекеттин ичиндеги мамлекет, булар өз «түшүнүктөрү» менен жашашат. Бул орган бир гана Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта корунун директиваларын так жана ийкемдүү аткарат, анткени мыйзамдар менен өзүлөрүн ошондой бекемдеп алган. Улуттук банк алардын колундагы "куурчак" десек жаңылбайбыз. Анткени, өзүңөр байкагандай, Улуттук банктын акча системасы канчалык мамлекетке сырттан акчалай жардам которулган сайын эл ошончолук кыйналгыдай системада түзүлгөн. Кыргызстанда инфляция жана девальвация болуш үчүн кыргыз өкмөтүнүн эсебине акча которуп коюу эле жетиштүү, калган ишти Улуттук банк өзү бүтүрөт.

Кыргызстандагы эң биринчи бийлик бутагы бул - президент эмес, өкмөт эмес, Жогорку Кеңеш эмес, Жогорку Сот эмес, биринчи эң таасирдүү жана эч кимге көз каранды эмес бийлик бутагы бул - Улуттук банк. Ал ар бирибиздин чөнтөгүбүздѳ жаткан сомдун кунун аныктаган бийлик бутагы, бирок анын кунун жоготсо да жоопко тартылбайт. Бирөө миң сомуңуздун жүз сомун уурдап алса, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат, туурабы? Улуттук банк сомдун кунун каалагандай калчап, элдин мээнетин жеп жатса да, ал жоопко тартылбайт. Ага андай "укук" мыйзам менен бекитилген. Айтыңызчы, президент же өкмөт башчысы, эч ким менен кеңешпей, сурабай, талкуулабай туруп, 516 млн. долларды бир жылда корото алабы? Ал эми Улуттук банк аны кылат жана эмне үчүн кылганын, кайсы банктарга, кайсы курста, эмне үчүн дал ошол банкка сатканы жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү эмес жана ал үчүн жоопко да тартылбайт.

Араб мамлекеттеринин мисалы Кыргызстанда ишке ашабы?

Бүгүнкү күндѳ кыргыз бийлигинде жана коомчулугунда эки маселе турат. Биринчиси - бул Улуттук банкты жана анын активдерин улутташтыруу, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү. Экинчиден, Улуттук банк кыргыз экономикасынын кызыкчылыгына иштей тургандай акча системасын түзүү.

Биринчи маселени бийлик чечсин, мен экинчи маселени кантип ишке ашырабыз деген суроого сунуштарды берейин.

Бизге жаңы эч нерсенин ойлоп табуунун кажети жок. Өнүккөн Араб өлкөлөрүндө, бул маселени өткөн кылымдын 70-жылдардын башында эле чечип коюшкан. Катар, Араб Эмираты жана Сауд Арабиясында валюталык башкаруу системасы түзүлгөн. Бул өлкөлөр өз акча бирдигин АКШ долларына бир курс менен байлап койгон. Мисалы, Катардын акча бирдиги риал бир долларга 3.64 курс менен, Араб Эмиратынын дирхамы 3.66 жана Сауд Арабия акча бирдиги риал 3.74 курсу менен 1971-жылы түзүлгөн валюталык башкаруу мыйзамдары менен бекитилген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин кырк жылдан ашуун убакыт өтсө да алардын валюталарынын курсу долларга карата өзгөрбөй келет.

Биз дагы Улуттук банкты реформалап, айтылган валюталык башкаруу системасын түзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндѳ буга биздин толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Анын кыскача арифметикасы мындайча болуусу керек:

Улуттук банктын бүгүнкү күндө 1 млрд. 970.56 млн. АКШ доллар валюталык резерви бар. Ошол эле убакта, экономикабызда тегеренип жүргөн сомдун массасы 65 млрд. 340.5 млн. сомду түзѳт. Эгерде бул сумманы бүгүнкү доллардын курсу - бир доллар/60 сом деп бөлсөк, 1 млрд. 89 млн. доллар деген сумма чыгат.

Демек, бизге ушул тапта сомду бир доллар 60 сом деген кур менен түбөлүктүү фиксация кылып коюу үчүн 1 млрд. 89 млн. доллар гана жетиштүү. Ал эми резервдеги калган 881 млн. АКШ долларын Улуттук банк биздин коммерциялык банктар аркылуу бүгүнкү убакта насыясы бар жарандарга кредиттерин кайра жаңыртып, пайыздарын төмөн кылып берсе, бүткүл кыргыз элин оор насыяларынан куткарып, Кудайга жагаар иш жасамак эле. Бизде, өзгөчө айыл жерлеринде, кредиттеринен кутула албай, үй-жайынан айрылган атуулдарыбыз аз эмес, кээ бир учурларда оор жагдайга туш келип, өзүн өрттөгөндөрдү да массалык маалымат каражаттарынан угуп, көрүп жатабыз.

Эми мен бул жерде, бул системанын деталдарын жазып жүрбѳйүн, бул жѳнүндѳ Америкадагы эң мыкты делген 10 экономисттин бири Жон Хопкинс университетинин профессору Стив Ханке мырза докторлук диссертация жактап, ондогон том материалдарды жазган. Ал киши убагында Америка президенти Рейгандын экономика боюнча башкы консультанты да болуп иштеген. Эң негизгиси, ал киши Кыргызстанга келип, акылы менен жардам бергенге даяр экенин мага электрондук почта аркылуу жазды.

Эми бул жерде мен бул валюталык башкаруу системасы кандай натыйжаларга алып келерин кыскача атап өтөйүн:

- Кыргызстан ѳз валюталык резервдерин ѳзү башкарып калат жана тышкы башкаруудан толугу менен чыгат;

- Сомдун долларга болгон курсу аталган Араб өлкөлөрдүкүндөй түбөлүктүү болот;

- Кыргызстанда баалардын ѳсүшү жылына 1-3% гана түзүп калат да финансылык стабилдүүлүк орнойт;

- Банктарда насыялар арзандайт жана проценттер төмөндөп, ишкерлерге жана айыл чарбасына жакшы жагдайлар түзүлөт;

- Финансалык туруктуулук өлкөдө экономикалык активдүүлүктү, инвестициялардын келишине жана экономикалык өсүшкө алып келет;

- Сом Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлѳрдүн арасында эң стабилдүү валютага айланып, кадыр-баркы ѳсѳт;

- Кыргыз экономикасы долларлашуу процессинен толугу менен арылат, эл сом менен иштеп, кирешесин сом менен гана сактап калат, анткени анын курсу доллардыкы менен түбѳлүктүү бир курс болуп калат;

- Валюталык башкаруу системасына өткөндѳн кийин «алтын сом» валютасын киргизүү оңой болуп калат, ал үчүн кийин жакшы кырдаал түзүлгөндө, валюталык резервдеги долларды алтынга алмаштырып, сомду алтынга байлап койсо болот.

Сөзүмдүн акырында байыркы кытай акылмандарынын айтканын мисал келтиргим келет: “Дарак тиккенге эң жакшы убакыт жыйырма жыл мурун болчу, ал эми андан кийинки эң жакшы убакыт бүгүн». Эгерде бүгүнкү күнү бийлик башындагылар жакшылап ойлонуп, Улуттук банкты реформалап жана акча реформасын жасабаса, ал эми Улуттук банк азыр элге жасап жаткан кыянаттыгын уланта берсе, Кыргыз мамлекети абдан кооптуу экономикалык депрессияга туш болоору айкын.Карап, байкап кѳргүлөчү, бүгүн банктар ипотека насыяларын токтотуп коюшту, курулуш секторунда каатчылык башталды, ишкерлерг е насыялар кымбаттап кетти, фермерлерге кредиттер кымбат, кийим тигүүчүлѳр рублдин девальвациясынан жабыркады, соода-сатык жана экономикалык активдүүлүүк төмөндөп баратат...

Кубан Чороев, экономист

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG