Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

"Макмалды" тооруган коррупция менен "каралар"


Макмал кени. Тогуз-Торо. 2014-жыл.
Макмал кени. Тогуз-Торо. 2014-жыл.

Мамлекеттин колундагы "Макмал" алтын комбинаты оор мезгилдерди башынан кечирүүдө. Алтын казып алуу кескин кыскарып, комбинаттын келечеги суроо алдында турат.

Айлык акылары кечигип калгандыктан жумушчулар иш таштоого чыгып, бирок учурда маселе чечилгенин жетекчилик билдирди. Комбинаттын айланасында түзүлгөн оор кырдаалга уурулук жана кылмыш дүйнөсүнүн тиешеси бардыгы айтылууда.

"Макмал" алтын комбинатында айлык акы март айында бир жумага кечигип, жумушчулар өткөн жумада иш таштоого чыгышкан.

“Кыргызалтын” айлык которулуп, маселе чечилгенин 30-мартта “Азаттыкка” билдирди. “Кыргызалтындын”жетекчиси Токон Мамытов айлык-акылардын кечигиш себептери тууралуу буларды маалымдады:

- "Макмал" комбинаты акыркы үч айда планды 50-60% аткарбай келди. Ошол дагы себеп болду. Кысталышка карабай башка филиалдардын эсебинен 27-мартта айлыктарын төлөп бердик.

Токон Мамытовдун айтымында, "Макмалда" түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Сагынбек Абдырахманов башында турган комиссия түзүлүп, ал Тогуз-Торого жөнөп кетти.

Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинаты 1986-жылы ишке киргизилип, андан бери 20 тоннадан ашуун алтын казылып алынган. Комбинаттын жабдуулары андан бери эскирип, кен казуу кескин азайып баратат. “Кыргызалтындын” жетекчилиги кырдаалды оңдоо үчүн Кылдоо жана Чыгыш деп аталган зоналарында жайгашкан кенди иштетүүгө аракеттенүүдө. Бирок ал үчүн инвестиция жана үч-төрт жыл убакыт керек.

"Макмал" алтын комбинатынын мурунку жетекчилеринин бири Максат Жээналиев бул кендерди ачууга жана комбинатты кайра жабдууга көп каражат керек дейт:

- Мисалы, чалгындоо иштери үчүн эле кеминде 5 млн. доллар керек. Ал эми реконструкция үчүн 30-50 млн. доллар керектелет. Ансыз абал өтө оор болот. Эми азыр болор-болбос деген менен эмгекчилерди жумуш менен камсыз кылып, тырышып иштетип жатышат.

"Макмал" алтын комбинатындагы оор абалга коррупция, "каралардын" же кылмыш дүйнөсүнүн басымы кошумча болуп жатканын укук коргоочулар билдирип, аны комбинаттын айрым жумушчулары да тастыктоодо. Маселен, “Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун жетекчиси Качкын Булатов:

- Бул жерде кырдаал аябай курч. Экинчиден, бул жерде уурулук аябай өнүккөн. Анан ошол эле Тогуз-Торонун кылмыш дүйнөсү башын салып алган. Аны Токон Мамытов деле билет, Сагын Абдырахманов да билет, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, прокуратура деле билет. Бирок чара көрбөй келишет.

Качкын Булатов комбинаттын мурунку жетекчиси Жолдош Алымбеков үч-төрт ай иштеген мезгилде уурулук абдан күчөгөн дейт. Ошондуктан ал кызматтан алынды. Бирок кылмыш иши козголбой калган.

Макмал алтын комбинатынын жумушчусу Урмат Токтожумаев комбинатта уурулук жана каралардын таасири тууралуу Качкын Булатовдун сөзү туура дейт:

- Качкын байкенин айтканы туура. Мен анын айткандарына кошулам. Ошондой иштер болуп атат, коркутуулар болуп атат. Бишкекке барсак деле, каяка барсак деле биздин алдыбыздан тосуп, ошондой иштерди жасашууда.

Урмат Токтожумаев жумушчулардын айлыктары берилгенин тастыктап, иш кайра башталды деди. Ошол эле мезгилде бир айда араң тогуз килограмм алтын өндүрүп туруп, айлык талап кылуу да оор экенин Токтожумаев кошумчалады.

"Макмал" Тогуз-Торо районунун бюджетинин кирешесинин 95% берген бюджет түзүүчү ишкана. Комбинатта жалпысынан 1200 киши иштейт. Өндүрүш көлөмү азайып бараткандыктан жумушчулардын санын кыскартуу да күн тартибинде турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG