Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Сарпашев кыйын кезең болорун эскертүүдө


"Дордой" базары. 2014-жыл.
"Дордой" базары. 2014-жыл.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2016-17-жылдары Кыргызстан оор экономикалык кырдаалга туш болорун эскертти. Өкмөт кризиске каршы чара көрүүнүн жолдорун карап жатканы маалым болду.

Экономикалык кырдаал канчалык начарлайт?

Акыркы мезгилде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кыргызстандыктарды өзүнүн билдирүүлөрү менен чочута баштады. Бир туруп 2016 жана 2017-жылдары Кыргызстан экономикасында кыйынчылыктар болорун эскертсе, Ош облусуна барып, Кара-Суу жана Араван райондорун Украинанын Донецк жана Луганск облустарына салыштырган.

Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, экономикага оорчулук Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши жана ага байланыштуу пайда болгон өзгөрүүлөр менен келет. Ошондуктан мамлекеттик кызматтар, өзгөчө Салык кызматы даяр болушу керектигин эскертти.

Бирок кыргыз бийлиги Бажы биримдигине кирүү менен өлкө экономикалык кризистен чыгат, өндүрүш тармагы жолго коюлат деп, элди ишендирип келгени маалым.

Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Өкмөттүн расмий документтеринде да "алдыдагы үч жылда экономика өсөт" деп белгиленген. Маселен, быйылкы жылы 6.2%, келерки жылы 6.6%, андан кийинки 2017-жылы 7% өсүш болот деп болжонгон.

Бирок азыркы кезде Экономика министрлиги быйылкы жылы бюджетте бекитилген өсүш камсыздалбайт деп, аны төмөндөтүү жагына ыктап турат. Өкмөт дагы кризиске каршы чараларды көрүүгө кам уруп жатканы маалым болду.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоров Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстанда кыйынчылык болот дегенге кошулат. Ошол эле учурда экономикалык кырдаалдын начарлашы ички өндүрүштүк потенциалдын жоголушуна байланыштуу дейт Улукбек Кочкоров:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

​- Акыркы жылдагы тенденцияларды карай турган болсок, биз толугу менен импортко көз каранды болуп баратабыз. Маселен, 2010-жылы импорттун ички дүң продукцияга катышы 27% түзсө, 2013-жылы ал 50% ашты. Демек, барган сайын бизде импорт көбөйүп, ички өндүрүш жок болуп баратат.

Мына ушундай өндүрүшү жоголуп бараткан мамлекеттин, өндүрүшү бир топ күчтүү мамлекеттер түзгөн Бажы биримдигине кириши сөзсүз оорчулукту жаратарын Кочкоров кошумчалады.

Өкмөттө түрдүү кызматтарда иштеген Акылбек Жапаров өкмөт биринчи кезекте кризиске каршы программасын даярдоого тийиш дейт:

- Бажы биримдигине киребиз, жыргайбыз дегенде эле эскерткем, анын жакшы да, жаман да жагы бар деп. Жаман жагы Орусияга санкциялар кирип, валютасы туруктуу болбой, ошонун кесепетин кыргыз экономикасы тартат дегем. Мына ошол толугу менен келди. Мени тынчсыздандырып жаткан нерсе Путин баш болуп, Медведев төш болуп кризиске каршы программа даярдап, Орусия анын үстүндө иштеп жатканда, биздин өкмөт коркутуп-үркүткөндү коюп, кризиске каршы программаны иштеп чыгып, 2015-жылы экономикада мындай тоскоолдуктар турат, аны минтип жеңебиз, мынча акча таптык деш керек эле. 2016-жылы мындай коркунучтар турат, аны жеңебиз деген программаны алып чыгуусу керек эле.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаровдун пикиринде, азыркы кезде кыргыз экономикасында анархия өкүм сүрүп, эч ким эч нерсеге жооп бербей жатат. Экономикалык кырдаалдын начарлашынан биринчи кезекте пенсионер, бюджеттен айлык алгандар кыйынчылыкка туш болот.

Дүйнөлүк банк дагы республикада экономикалык өсүштүн начарлашынан калктын аз камсыз болгон катмары кыйынчылыкка туш болорун эскертүүдө.

Каржы министрлигинен алынган маалыматка караганда, өкмөт ар бир министрликке кризиске каршы чараларды иштеп чыгып, сунуштоону тапшырды. Ал биринчи кезекте чыгашаларды оптималдаштырууну сунуштоодо.

Мамлекеттик чыгашаларды кескин кыскартуу Улуттук оппозициялык кыймыл даярдаган программада дагы көрсөтүлгөн. Оппозиция президент баштаган бийликтин чыгашаларын кыскартуу жана бийлик структураларын оптималдаштыруу менен 10-15 млрд. сомго чейин бюджеттик акчаны үнөмдөп, аны мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө, саламаттык сактоого, чек араны бекемдөөгө жана коопсуздукка жумшоого болорун билдирген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG