Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Сомдун наркы ылдыйлап баратат


Кыргызстанда улуттук валюта – сомдун наркы арзандап жатат. Жыл башынан бери арзандоо 10 пайызга жакындады.

Кыргызстандын акча базарында соңку төрт күндөн бери сомдун наркы кескин арзандаганы байкалууда. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча сатууда бир доллар 53 сом 95 тыйын болсо, Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда дүйшөмбү күнү бир доллар 57-58 сомдун тегерегинде болуп калды.

Акча алмаштыруу жайлардын биринде эмгектенген Максат Кудайбердиевдин айтымында, сомдун куну качканы акыркы 3 күндүн ичинде кескин байкалды:

- Кечээ, жекшембиде эле 1 АКШ долларын 54 сом 80 тыйындан алып, 55 сом 55 тыйындан сатып жатканбыз. Бүгүн доллар дагы көтөрүлдү. Негизи сомдун арзандашы жыл башынан бери болуп жатат. Мындай деңгээл менен дагы эле арзандай берет окшойт.

Маектешибиз акча алмаштырчу жайларда долларга болгон талап да күчөгөнүн кошумчалады.

Бир катар адистер мындай кырдаалды кооптуу деп баалап жатат. Улуттук банктын мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов парламенттин 27-февралдагы жыйынында бул маселени көтөрүп, жыл башынан бери сом кунун 10 пайызга жакын жоготконуна көңүл бурду:

- Жыл башынан бери сом 10 пайыз арзандап кетти. Буга каршы чараларды көрүү керек болуп калды. Улуттук банк эле эмес, өкмөт биргеликте аракет көрүшү керек. Биздин төлөө жана соода балансыбыз кескин түрдө начарлап кетти. Ошондуктан өкмөт атайын программа түзүп, улуттук валютанын туруктуулугун кайтарып алуунун жолдорун иштеп чыгуусу зарыл.

Улуттук банк болсо сомдун курсу эркин коюлган жана анын баасын базар аныктайт деген позицияны карманат. Ошентсе да сомдун наркы арзандаган соң Улуттук банк бир катар аракеттерди көрүп, жыл башынан аны туруктуу кармап калуу үчүн 4 ирет 61 миллион доллардан ашык интервенция жасады.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегиндин айтымында, сомдун кескин арзандашына Украина, Орусиядагы окуялардан улам акча базарындагы олку-солкулук себеп болду:

- Украина менен Орусиянын айланасындагы абал оор болуп жатат. Буга байланыштуу Орусиянын накталай акча базарындагы рублдун курсу кескин түшүп кетти. Ал нерсе бизге да таасирин тийгизип жатат. Биз бу абалды жөнгө салуу үчүн акча базарына аралашып, белгилүү бир өлчөмдө интервенция жасадык. Биздин болжолубуз боюнча, азыркы түшүнбөстүктөр убактылуу нерсе, бир-эки күндүн ичинде абал турукташып калат.

Абдыбалы тегин кошумчалагандай, учурда Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу аракетин көрүп, бүгүн, 3-мартта кезектеги интервенциясын жасады.

Ошол эле учурда доллардын курсунун көтөрүлүшү бир катар жарандарга таасирин тийгизүүдө. Маселен, бишкектик Келдибек Жакыпов банктардын биринен насыяга автоунаа алган. Келдибек унааны алгандан бери доллардын курсу көтөрүлгөндүктөн төлөгөнгө келгенде кыйын болуп жатканын айтууда:

- Ипотекага машине алган элек. Ал учурда доллардын курсу 47 сом болчу. Азыр болсо 55 сомго чыгып кетиптир. 6-7 сом кошуп төлөп калып жатам. Бир топ суммага кыйын эле болот экен. Мен эмес, көпчүлүк эле мендей кыйналып жатса керек.

Буга чейин коңшу Казакстан жана Тажикстанда улуттук валютанын курсу төмөндөгөн. Казакстандагы теңгенинин 20 пайыздан ашык девальвацияланышы калкта нааразылык жаратып, Алматы шаарында бир нече жолу казак бийлигине каршы акциялар өткөн болчу.


Сом кескин арзандап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG