Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Кумтөрдү иликтөө өкмөткө тапшырылды


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

27-июнда Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча токтом кабыл алып, кендин иштетилишин текшерүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүү сунушталды.

Ал эми Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгарууну сунуштаган Садыр Жапаровдун долбоору жетиштүү добуш алган жок.

Жогорку Кеңеш Кумтөрдүн ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын өткөн жумада уга баштаган эле. Бирок токтом долбоору боюнча бирдиктүү пикир табылбагандыктан, 27-июнга чейин орток пикир табуу сунушталган.

27-июндагы жыйында андай пикир табылбаганы айкын болду. Депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров мурункудай эле Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну көздөгөн радикалдуу кадамдарды сунуштаган долбоору менен чыкса, үч комитеттин биргелешкен долбоорунда мамлекеттик комиссия түзүп, Кумтөрдү дагы бир жолу текшерип чыгуу сунушталды.

Садыр Жапаров комитеттер тарабынан даярдалган долбоордун кемчилиги тууралуу буларды билдирди:

- Бул токтом болбойт. Себеби 15-февралда депутат Иманкожоева Кумтөр боюнча маалымат бергенде биз 5 пункттан турган токтом кабыл алганбыз. Ошол токтомго жазылган нерселерди бүгүн да кайталап берип жатасыздар. Барып карагыла, экологиялык катастрофага алып келатат, ушуну келтиргиле делген. Бирок бирөө да басып барган эмес. Бул токтом менен да бирөө басып барбайт.

Өкмөткө берилген иш өтөөсүнөн чыкпашын Садыр Жапаров Кумтөр боюнча Кыргызстанга зыян келтирген чечимдерди кабыл алган чиновниктер учурда өкмөттө отурушу менен түшүндүрдү. Анын айтымында, алар биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, башкы прокурор Аида Салянова, каржы министри Акылбек Жапаров, анын орун басары Арзыбек Кожошев жана башкалар.

Садыр Жапаров тарабынан даярдалган долбоорду кабыл алууга эмне үчүн болбосун экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитет төрагасы Исхак Пирматов мындайча негиздеди:

- Эмнеси менен макул эмесмин? Үч күндүн ичинде тартып алынсын, үч күндүн ичинде жокко чыгарылсын дегенге каршымын. “Кумтөралтын” түзүлсүн деп жатат. Эми биз мыйзам менен барышыбыз керек. “Акционердик коом жөнүндөгү” мыйзам ага жооп береби-бербейби? Мен ошого жооп алышым керек.

Биринчи-вице-премьер-министр Аалы Карашев да депутаттык комиссия эмес, комитеттердин долбоорун кабыл алууну жактады:

- Мамлекеттик комиссия түзсөк. Ага депутаттар, аткаруу бийлиги, президенттик аппараттын өкүлдөрүн кошуп, көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирге комиссиянын корутундусун дагы бир сыйра карап, ошону менен бир жыйынтыкка келсек. Бул жерде бир нече млрд. доллар турган ишкана жөнүндө сөз болуп жатат. Үч комитеттин биргелешкен долбоору алып чыкты, ошону колдоп берсеңиздер жакшы болот эле.

Бир катар депутаттар ага каршы чыгып, мындай чечим кабыл алынса, эч нерсе өзгөрбөйт деген пикирин билдирди. Маселен, КСДП фракциясынын мүчөсү Исмаил Исаков:

- 2000-жылдары да парламентте каралып, ушундай токтомдор кабыл алынган. Алар бүгүнкү абалга алып келди. Бул маселени чечүүнүн жолу бирөө эле -бул комиссиянын долбоорун кабыл алуу. Же нары, же бери. Мен комитеттердин мүчөлөрүн, төрагаларын сыйлаймын. Бирок алардын токтом долбоору бүгүнкү талапка туура келбейт. Биз комиссиянын вариантын колдойлу. Чекитти коёлу. Өзүбүздүн алтынды өзүбүздүн элге иштетели.

Бирок добуш берүүдө Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссия тарабынан даярдалган долбоор 35 добуш алып өтпөй калды. Ал эми үч комитет тарабынан даярдалган долбоор 67 добуш менен өттү.

Кабыл алынган токтомго ылайык өкмөт 10-июлга чейин мамлекеттик комиссия түзүп, Кумтөрдү ишин текшерип чыгууга тийиш.

Мамлекеттик комиссия кенди иштетүүдө Кыргызстандын экономикалык жана экологиялык кызыкчылыктарынын сакталышын иликтеп, 1-октябрга чейин Кумтөр боюнча келишимди Кыргызстандын кызыкчылыгына кайра карап чыгуу демилгесин көтөрүүгө тийиш. Комиссия жасалган иши тууралуу 1-ноябрга чейин парламентке маалымат бериш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG