Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Бакты көрсөң кыйбай жүр


Бактар кыйылууда, курулуш уланууда.
Бактар кыйылууда, курулуш уланууда.

Бишкектеги "Ата-Түрк" эс алуу жайындагы бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылып, элиталык үйлөрдүн курулуп жатканына нааразы топ ишембилик уюштурушту.

Бишкектеги "Ата-Түрк" паркындагы бак-дарактарды кыянатчылык менен кыйып, бул жерге үй салуу аракеттери дале уланып жатканын мурда да жазган элек.

19-мартта эс алуу жайындагы бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылып, элиталык үйлөрдүн курулуп жатканына нааразы топ ишембилик уюштурушту. Алар аталган сейил бакты тазалоо, кыйылган, куураган карагайлардын ордуна бак-дарактарды тигүү иштерин жасашты. Демилгечи топ ушундай жол менен коомчулуктун, айрыкча бийликтин көңүлүн бурдурууну көздөшүүдө.

"Ата-Түрктү" коргоого жабылып чыгышты

Жалпы эле Бишкектеги эс алуу чөлкөмдөрүнүн кыскарып, бак-дарактардын кыйылып жатышына кайдыгер эмес демилгечи топтун 50-60 чакты мүчөсү, шаар тургундары “Ата-Түрк” багына топтолушту. Бул жерге ошол аймактын тегерегинде жашагандар эле эмес, шаардын башка райондорунан да колдоо көрсөтүп келгендер болду. Иш-чара буга чейин айрым интернет булактарында, социалдык сайттарда жарыяланган. Көптөрү ошондон угуп келгендерин айтып атышты.

Ишембиликтин алкагында эс алуу жайы таштандылардан тазаланып, кыйылган, куураган карагайлардын ордуна жаңылары тигилди.

Бишкек шаарынын тургуну Медер Кайназаров негизги максат сейил бакты сактап калуу экенин белгилөөдө.

- Бул жерге дагы көп кабаттуу үйлөр түшүп кетпесин деген ниетте бакты жашылдандыруу иштерин жасап атабыз. Жакшы бактарыбыз жоголуп кетүүдө. Үй салганга канчалаган бош жерлер турат. Ошол жерлерге барбай эле шаардын ортосуна келип атат, бактарды бузуп. Бул кылгандары туура эмес. Эс алуу жайлар кыскарып баратат десек да туура болбой калат, жок болуп баратат.

Бул маселеге көңүл кош мамиле жасабаган шаар тургундары биригип, өткөн аптада президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге, шаарды жашылдандыруучу “Зеленстрой” ишкана жетекчилигине кат жолдошкон. Ишембиликтин катышуучулары азырынча ага жооп келе электигин белгилешүүдө.

"Ата-Түрк" багына жакын жашаган Алмаз Тургунбеков карагайларды кимдир бирөөлөр атайлап, максаттуу түрдө жок кылууга аракет жасап жатканын айтат.

- Эки жылдан бери бирөөлөр атайлап тамырына белгисиз суюктук куюп, кечинде акырын өрттөп коюп, өзү өрттөнүп кетти дегенсип, тамыры соолуп калгандан кийин кабыгын сыйрып, максаттуу эле кыйратып атышат. Гүл бактын үстү жагын көрдүңүз да, элиталык үйлөр салынып атат. Бул жакка да бүт эле үйлөр салынып кетеби деген коркунуч болуп атат. Ансыз деле шаарда бак-дарактар азайып баратат. Балким президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш көңүл буруп, карагайлардын мыйзамсыз кыйылганын, эс алуу жайларга үйлөрдүн салынганын токтотуп калсак жакшы болот эле. Биз ал эмес, мына азыр тигип аткан көчөттөрдү түнү уурдап кетишеби деп коркуп атабыз. Ар-намысы жок чоңдорубуз ойлонуп, акыл-эсине келеби деген ойдобуз. Кеп бакты гүлдөтүп жиберүүдө эмес, сактап калууда болуп атат.

Тамырды кыйып, бизнес жасаба

Аталган эс алуу жайдын жогору тарабында кулап, куурап калган бак-дарактарды тазалап жүргөн “Зеленстройдун” кызматкерлерин жолуктурдук.

Алар бул сейил бак түрк ишкерлердин карамагына өткөндөн бери жакшы каралбай калганын айтышты. Алардын белгилешинче, түрк ишкерлери бул жерди он жылга ижара алган. Ошентип бул жердеги карагай, бактар дээрлик эки жыл суугарылбай калыптыр. “Зеленстройдун” атын атагысы келбеген кызматкери мындай дейт.

- Буга чейинки бийлик башында тургандардын аракети болсо керек. Бул жерден шаркыраган суу агат, ошондон деле буруп келип суугарса болот болчу. Бирок буга чейин чиновниктердин кызыкчылыгы барбы, ошого тийиштүү себептер менен убагында суугарылган эмес. Биз деле сот мыйзам түрүндө, чиновниктердин кызыкчылыгына эмес, жалпы эл, көпчүлүк тарабына чечип берет деп үмүттөнөбүз.

Ишембилик тууралуу маалыматты интернет сайттардан окуп, атайын колдоо көрсөтүп келген Гүлфира айым Бишкекте бардык эле эс алуу жайлар кароосуз калганын белгилейт.

- Бишкекте эс алуу аймактары каралбайт. Мамлекеттик чиновниктер ошондон пайдаланып атышат. Мисалы, “Ата-Түрк” сейил багын алалы. Бул жерде адамдардын азыраак болоорун, “Зеленстройдун” суугарбаганын эске алып, ушул жерлерге келип үй куруп атышат. Балким атайылап суугарбай, кургатып атышы да мүмкүн.

Өткөн жылдын соңунда Бишкек шаардык соту аталган сейил бактын тегерегиндеги курулуштарга коюлган мораторийди алып салуу боюнча чечимин чыгарган.

Эколог Алмаз Курманкулов карагайлардын кыянатчылык менен кыйылып, сейил бактын аймагындагы курулуштардын мыйзамдуулугун талап кылып сотко кайрылган болчу. 28-февралда Жогорку Сот бул маселени жабык талкуулап, Бишкек шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы эколог соттун жогорку бутактарына кайрылып, же ишти башынан баштай турганын “Азаттыкка” билдирген. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов “Ата-Түрктөгү”, деги эле мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарып алуу кыйынга туруп жатканын "Азаттыкка" курган маегинде белгилеген эле.

Аталган сейил багы Октябрь районуна карайт. Район жетекчилиги чиновниктерге “Ата-Түрктөн” жер берилип кетишин мурдагы бийликтерге шылтап тим болгон.

Эми бул маселеге кайдыгер эмес шаар тургундары чыгып, өз көз караштарын ушундай жол менен болсо да бийликке жеткирүүгө аракет кылышууда. Ишембилик келерки апталарда дагы уланарын демилгечи топ билдирди.

Экологияны бузгандарга каршы ишембилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG