Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эриши тездеди


Кумтөр кенин иштетүүдөн зыянга учураган Давыдов мөңгүсү. 23-февраль, 2013-жыл
Кумтөр кенин иштетүүдөн зыянга учураган Давыдов мөңгүсү. 23-февраль, 2013-жыл

Кыргызстан менен Тажикстандагы мөңгүлөрдүн эриши тездеп, ага өзгөчө көңүл буруу чакырыктары ташталууда.

Буга соңку мезгилде аба ырайынын глобалдык шартта ысып жатканы менен катар эле айрым бир техногендик факторлор себеп болууда. Тяньшань жана Памир тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн эриши мына ушундай тездик менен жүрүп отурса, алдыдагы 50-60 жылда Борбор Азияда таза суунун таңсыктыгы келип чыгышы мүмкүн. Бул жагдай Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен Дүйшөмбү шаарында болуп өткөн эл аралык жыйында талкууланды.

Мөңгүлөрдүн кескин эриши

Өткөн отуз жыл аралыгында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн он беш пайызга чукулу эрип жок болгон. Бул боюнча окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, азыркы мезгилдегидей ысык аба температурасы сакталып турса, 2050-жылга карата мөңгүлөрдүн 40 пайызга чукулу эрип, жок болуп кетүү коркунучу бар.

Тажикстан тоолору.
Тажикстан тоолору.

1970-жылдары советтик илимпоздор Кыргызстанда жалпысынан сегиз миң мөңгү бар экенин изилдеп чыккан. Азыркы учурда алардын саны алты жарым миңге чейин азайып кеткен. Илимий изилдөөлөргө караганда соңку он-он беш жылда эле мөңгүлөрдүн узундугу бир чакырымга чейин кыскарып, калыңдыгы 50 метрге чейин эриген.

Бул көйгөй боюнча илимий ишин Германиядан жактап келген илимпоз Муратаалы Дүйшөнакунов мөңгүлөрдүн буга чейинки жана учурдагы абалы боюнча изилдөөсү менен бөлүштү:

- Ар бир мөңгү он пайыздан отуз пайызга чейин өзүнүн аймагын жоготту. Ошондо кээ бир мөңгүлөр төрттөн бири эрип кетсе, кээ биринин жарымы, айрым чакан мөңгүлөр толугу менен эрип, жок болуп кеткен учурлар болгон. Мына ушунун ар бири боюнча илимий анализ жасадык. Азыркы учурда мөңгүлөрдүн эриши күчөп баратат. Мисалы, Тескей Ала-Тоодогу Кара-Баткак, Айланма деген мөңгүлөргө илимий байкоо жүргүзгөндө, бир жайдын ичинде эле үч метрге чейинки муздун катмары эрип кеткени катталды. Бирок кышкысын анын ордун толуктаган кар жаап, музга айланган эмес. Эми алдыдагы 10-15 жылда азыркыдай аба ырайы сакталып турса, анда мөңгүлөрдүн катмары жукарып, эрип, жок болуусу улана бериши мүмкүн.

Эрип жок болууга таасир эткен жагдайлар

Борбор Азиядагы суу бассейндерин камсыздаган мөңгүлөр негизинен Кыргызстан менен Тажикстанда жайгашкан. Тажикстандагы Пянж, Вахш, Аму дарыялары, Кыргызстандагы Нарын дарыясы, андан барып Сыр дарыя ушул эки өлкөнүн тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдөн суу алат. Муратаалы Дүйшөнакунов мөңгүлөрдүн тез эрип жатышындагы табигый жана техногендик эки негизги факторду атады:

Давыдов мөңгүсү.
Давыдов мөңгүсү.

- Азыр Жер планетасындагы аба ырайы кескин ысып жатат. Бул - табигый фактор. Айрыкча жай мезгилиндеги ысыктан мөңгүлөрдүн эриши тездеп жатат. Анан эми аба ырайынын кескин ысып кетишине жер бетиндеги зыяндуу газдардын абага көтөрүлүп чыгышы таасир этет. Бирок бул түздөн-түз негизги фактор эмес. Ошол эле кезде техногендик жана адам баласынын түздөн-түз кийлигишүүсү менен мөңгүлөргө келтирилген мисалды Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүнөн алсак болчудай. Бул мөңгү учурда дээрлик талкаланып, жок болуп кетти. Аны эми жасалма жолу менен калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Изилденбей калган мөңгүлөр...

Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Султон Рахимзода Дүйшөмбү шаарында өткөн эл аралык жыйында мөңгүлөрдүн эриши аймактагы гана көйгөй эмес, глобалдык маселеге айланганын айтып, ага эл аралык деңгээлде көңүл буруу зарылдыгына токтолгон. Мында айрыкча мөңгүлөрдүн эришине өбөлгө түзгөн жагдайларды алдын алуу чаралары айтылды. Бул багытта мамлекеттердин өзүнүн же мамлекеттер аралык саясат иштелип чыгышы керек деген демилге көтөрүлдү.

Өзбекстандын өкүлү болсо мөңгүлөрдү биргеликте изилдөө жүргүзүү сунушун киргизди. Окумуштуулар Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде мөңгүлөрдү изилдөөгө көңүл бурулбай жатканын айтып келишүүдө. Бул багытта жерди изилдөөнүн Борбор Азия институту гана атайын долбоор менен иштейт. Анын өкүлү, гляциолог Азамат Осмонов соңку изилдөөлөр боюнча мына буларга токтолду:

- Биз азыр мөңгүлөрдүн каталогдорун жаңыртып жатабыз. Буга мисал катары Сары-Жаз, Ысык-Көл, Ала-Арча бассейндерин айтсак болот. Анан калган Ак-Шыйрактагы Сөөк сыяктуу мөңгүлөр боюнча да иш алып баруудабыз. Бул каталогдор совет доорунан бери бир жолу дагы жаңыртыла элек экен. Анан азыр жаңы ыкмалар менен иш алып барып, аралыктан изилдөөнү колдоно баштадык. Бул боюнча жүрүп жаткан илимий иш-аракеттердин жыйынтыгын жакында чыгарабыз.

Буга чейин парламент мөңгүлөрдү коргоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган болчу. Анда мөңгүлөрдү техногендик таасирден сактоо жана ага таасир эткен өбөлгөлөрдүн алдын алуу чараларын карамак. Бирок президент Алмазбек Атамбаев мыйзамда айрым бир алешемдиктер бар деген негиз менен ага каршы пикирин билдирип, аны артына кайтарган.

Кумтөр: эрип бараткан Давыдов мөңгүсү

XS
SM
MD
LG