Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

"Ата-Түрк" багын ким кыйып жатат?


Бишкектеги "Ата-Түрк" паркындагы бак-дарактарды аёосуз кыйып, бул жерге үй салуу аракеттери дале уланууда.

Жогорку Сот жакын арада "Ата-Түрк" сейил багынын тегерегинде салынып жаткан элиталык үйлөрдүн мыйзамдуулугун караганы жатат. Эколог Алмаз Курманкулов сейил бакка үй курууга уруксат бергендердин үстүнөн даттанган эле.

Кыйылган бак

Мурда бул тегеректе салынган үйлөрдү түрттүрүп салабыз деген аракеттерден майнап чыккан эмес эле. Шаар тургундары социалдык сайттар аркылуу бак-дарактарды аёосуз кыйып жатканына нааразылыгын билдирүүдө.

“Ата-Түрк” сейил багына барганда абанын чыкыроон экенине карабай курулуш иштерин улантып жаткан адамдар көзүмө урунду. Ошол эле катарда дагы үч-төрт жер тилкеси курулуш үчүн даярдалып, кээ бирлеринин пайдубалы тушүрүлүптүр. Даярдалган курулуш материалдарына караганда бул аймакка чоң, элиталык үйлөр курулары көрүнүп турат.

Бирок жер тилкеси жана курулуп жаткан үй кимге таандык экенин аныктоо мүмкүн болгон жок. Атын атагысы келбеген куруучулардын бири буларды билдирди:

- Билбейм, биздин деле келгенибизге эки-үч күн болду. Мына бул жерди караңыз, бир да кыйылган бак-дарактарды көрдүңүзбү? Билесиз да, кыргыздарда өркүндөтүп, өрчүтө беребиз да көрө албай. Бул жер боюнча кожоюн же прораб менен сүйлөшүш керек.

Аба ырайынын суук болгонуна байланыштуубу, айтор сейилдеп жүргөн адамдарды кездештире албадык. Сейил бакты аралап, айрым жерлер курулуш үчүн даярдалып түздөлүп, кээ бир дарактардын сороюп дүмүрү эле калганын көрүүгө болот. Аталган сейил бактын жогору тарабында жашаган адамдар курулуп жаткан үйлөр, кыйылып жаткан карагай-бактар туурасында да маалыматы жок экенин айтышып, сүйлөөдөн баш тартышты.

Ушул эле аймакта ат таптаган, Ат спорту федерациясынын вице-президенти Манасбек Султановду кепке тарттык. Анын айтымында, курулуш иштери эки-үч апта мурда эле башталыптыр.

- Бул жерге бир орус кайненесине үй салып атыптыр дешет. Калгандары кыргыздар эле. Баары чиновниктер дешет. Бул жерге үйдү салбоо чечими алынып салынган күндөн тарта курулуш иштери башталды. Мына бул Камбаралы Конгантиевдин үйү экен. Ал эми парктын аллеясын машине каттаган жол кылып салышты.

Салынган үйлөрдүн көбү чоңдордуку

Эколог Алмаз Курманкуловдун айтымында, аталган сейил багына курулуш иштерин жүргүзбөө тууралуу мурдагы соттун чечимин 2010-жылдын соңунда Бишкек шаардык соту жокко чыгарган. Курманкулов мындай чечим мурдагы бийлик учурунда эле чыккан менен ал аткарылбай келгенин белгилөөдө. Эми эколог сейил бакка үй курууга уруксат бергендердин үстүнөн даттанып, бул иш 28-февралда Жогорку Сотто каралганы жатат.

- Мурда үй салынбасын деген чечимден кийин деле парктын кире беришине милиция бекети туруш керек эле. Андай болбой, курулуш иштери уланып эле аткан. Эми деле үй салынып атат, Мамлекеттик архитектура, мэриядан уруксат берилген, алар ирригациялык системаны талкалап, бак-дарактарды кыйып, асфальтты талкалап атат, үй салганга тыюу салгыла деп кайрылганбыз.

Ал эми геоботаник Алмагүл Кендирбаева аталган сейил багында Кыргызстанда жок, Орусиядан Союз убагында көчүрүлүп келген кызыл карагайлар кыйылып жатканын белгилейт. Ал Кыргызстанда сейил бактардын кичирейип баратканын айтып кейийт.

- “Ата-Түрк” сейил багында бак-дарактардын түрү өтө көп. Дайыма көгөрүп туруучу дарактардын түрлөрү бар. Мисалы кызыл карагайдын бир нече түрү бар. Кызыл карагай өтө баалуу дарак. Анын ийнечилери жайдыр-кыштыр фитонциддерди бөлүп, абаны тазартып турат. Эми аларды кыйып жок кылып атышат. Былтыр студенттерди практикага алып барганда күбө болдум. Кызыл карагай негизинен Кыргызстандын жергиликтүү флорасында кездешпеген түр.

Сейил бактын тегерегинде жашоочулар жана Манас Султанов бул жердеги үйлөрдүн көбү чиновниктерге тиешелүү экенин айтышууда.

Маалыматка караганда, 1992-жылы Бишкек шаардык кеңеши "Ата-Түрк" багынын чегин аныктаган. 2002-жылдан бери ал жерде мыйзам бузуу менен 130 участок бөлүнүп берилген.

2007-жылы 16-майда ошол кездеги президент Курманбек Бакиев бул бактын аймагында курулуп жаткан үйлөрдү жеринде көрүп, жеке үйлөрдү курууга уруксат берген чиновниктерди жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөргөн эле. Андан көп өтпөй "парктын айланасындагы үйлөрдү курууга уруксат берген" делип "Ата-Түрк" паркы жайгашкан райондун акими иштен алынган.

Ошол эле жылдары жергиликтүү маалымат булактарына сейил бактын айланасындагы үйлөрдүн кожоюндарынын тизмеси чыккан. Алардын катарында Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, депутат Курманбек Осмонов, мурдагы депутат Рашид Тагаев, мурдагы финансы министри Болот Абилдаев, ЖКнын экс-төрагасы Айтибай Тагаев, мурдагы айыл-чарба министри Александр Костюк, азыр Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев (ошол кездеги ички иштер министри), экс-мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун жана башкалардын аттары аталган.

Эми да сейил бактагы 50-60 жыл мурда тигилген бак-дарактардын туш-келди кыйылып, катар-катар элиталык үйлөрдүн курулушуна нааразы шаар тургундары ар кандай социалдык интернет булактары аркылуу нааразы пикирлерин билдиришүүүдө.

“Азаттык” бул маселенин өнүгүшү туурасында маалымдап турмакчы.

XS
SM
MD
LG