Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:34

Элеттик мугалимдин кыялы


Чынында менин бир эле кыялым барбы? Жүрөгү балдар деп соккон адамдын миңдеген кыялы, ой-максаттары болот эмеспи. Менин кыялдануум – карапайым элеттик мугалимдин кыялдануусу. Кайрадан жаңы окуу жылы - кайрадан мени үмүттөнүп караган жылуу көздөр... Бул жылуу көздөр – биздин мектепке жаңы келген 6-класстар. Мектебибиз аймактык мектеп-интернат болгондуктан 6-класстан башталып, айылдан келген балдарга эжей гана эмес, Эне болуу менин милдетим. Кайрадан жаңы окуу жылы - кайрадан жаңы балдар, кайрадан жаңы тагдырлар, кайрадан жаңы үмүттөр...

Эх, мен эжей болбой эле сыйкырчы болсомчу... Анда, менин кичинекей Алтынайымдын апасы жалгыз кызын алтымыштан ашкан тайнесине таштап, алыскы Якутияда суукка тонуп, кызын сагынып жүрмөк эмес. Эх, анда мамлекет башчылары жумуш ордун түзөт эле да.

Менин алаң көз сары Бакытымдын атасы 5 баласын таштап, мигранттардын санын көбөйтүп, Москвада иштеп, тапканын такырбаштарга алдырып ийип, балдарына окуу-куралдарына акча салбай калмак эмес...

Адамдын кыялдануусу чексиз, ал эми мугалимдики болсо окуткан балдары менен тыгыз байланышкан. Уктап жатып ойгонсом да быйтыгый Адилетим көз алдымда турат. Эжей болбой сыйкырчы болгонумда, арак саткан дүкөндүн баарын жаптырып, быйтыгый Адилетимди арак ичпеген, апасын сабабаган, балдарын уят кылбаган аталуу кылмакмын. Анда быйтыгый Адилетимдин күлкүсү чыгып, балдардан корунмак эмес...

Өмүрүнүн көбүн балдарга арнаган мугалимдин кыялдануусу – баланын кыялдануусундай болот экен да. Окуучум сыйкырчы болгусу келсе, мен да сыйкырчы болгум келет. Жоодураган көз Аргенчигим айткандай, жөн эле сыйкырчы эмес, алдуу-күчтүү сыйкырчы болмокмун. Анда Аргенимдин апасы жол эрежесин бузуп, көпкөн байдын баласынын азабынан майып болуп калмак эмес.

Эх, анда адилеттүү, акылдуу мамлекет башчылар болуп, алар начар кийинип, карапайым элди араласа... Анда, алар сөзсүз 5 балалуу үйсүз Жакунун үй-бүлөсүн көрмөк. Үйсүз, алсыз, жумушсуздар менин кичинекей, жаңы гана тамтуң басып келаткан балага окшогон мамлекетимде болмок эмес.

Дагы бир кыялдануум - эч кимди таарынтпай, эч кимдин көңүлүн оорутпай, 6-классыма тең окуу китептерин таратсам... Максатсыз миңдеген иш-чараларды өткөргөндөн көрө аткаминерлерибиз 6-класстагы 32 окуучума жетишерлик окуу китептерин басып чыгармак. Болбоду дегенде 32 окуучуга 4 гана китеп бөлүнгөн мамлекетибиздин тарыхын окуп үйрөнүүгө арналган Кыргызстандын тарыхы аттуу китеп басылып чыгарылса...

Эсил кайран Советтер Союзунан калган, тытылган, 1983-жылы чыккан китептерди таратпай, жаңы, заманбап окуу китептерин таратсам алтынчы класс мени сүйүнүч менен карабайт беле. Ананчы, жатаканада жашаган бир окуучуга 1 күнгө мамлекет тарабынан бөлүнгөн 30 сомго 6-классыма пайдалуу, витаминдүү, эң башкысы тоё тургандай тамак бере алсам, оо, анда мен чоң сыйкырчы болмокмун!

Мен дилбаянымды жазып жатсам күзгү нөшөрдүн үнү угулат. Оо, күзгү жамгыр, сен көп жерге барасың! Карапайым мугалимдин да, мамлекет башкаруучунун да терезесин чертесиң! Жок дегенде сен айта барчы аткаминерлерге, алтынчы класстын арманын! Менин алтынчы классымдын арманы - мамлекетимдин арманы, алтынчы классымдын үмүтү - мамлекетимдин үмүтү...

Унутта кала жаздаптыр, карапайым мугалимдин 6 миң сомдук айлык акысына 1 ай үй-бүлөм жашап, анан 1-класс балама өзү каалаган жомок китеп алып берсем, анда мен өтө эле Чоң сыйкырчы болмокмун!

Чет тили факультетинин студенти болуп окуп жүргөнүмдө Тынчтык корпусунун ыктыярчысы Меттью сабак берер эле. Күндөрдүн биринде ал Мартин Лютердин теңдик үчүн күрөшүн айтып берип, бизди абдан таасирленткен. Ар бирибиз өз каалообуз менен анын сөздөрүн жаттап, азыр болсо, ар бир окуткан классыма ал жөнүндө айтып берем. Бизде да ушундай эрктүү адамдар болуп, алар үйүндө отуруп ойлорун айтпастан, тайманбас күрөшкө аттанса, мамлекетибиз алда канча оңолуп калар беле... Менин жашоомдо, менин мамлекетимде ушундай чечкиндүү кыялкечтер жетишсиздей.

Оюмду жыйынтыктайын деп жатсам, уулум кайра-кайра колумдан тартат: “Апа, эртең сөзсүз жомок китеп алып бересизби" деп. Ооба, уулум, эгер экөөбүз тыңшап жаткан күзгү нөшөр менин кыялдарымды мамлекет башчыларга айта барса, анда экөөбүз чогуу жомок дүйнөсүнө саякатка чыгабыз...

Айзада Апазова
XS
SM
MD
LG