Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Доллар менен насыя алгандар сыздашууда


АКШ доллары
АКШ доллары

Доллардын кымбаттоосу айрыкча коммерциялык банктардан АКШ валютасы менен насыя алгандарга зыянын тийгизди.

Мындай жарандар бүгүнкү күндө насыяны эки эсе кымбат төлөп жатканын айтышып кейишүүдө. Ошол эле учурда айрым коммерциялык банктар доллардын жогорулоосун эске алып, насыя төлөөчүлөргө ийкемдүүлүккө барып жатышат. Бирок банктар шарттарын жеңилдеткени менен жарандар анын оң таасирин көрбөй жатат.

Кайрылып келбес "49"

Доллардын курсун бир карап, төлөй турган насыянын пайызын кайра санаган жарандарды дээрлик бардык банк босогосунан жолуктурса болот. Маалында ипотекага, бизнеске же үй алууга доллар менен насыя алгандар, бүгүнкү күндө эки эселеп пайыздарын кайтарып жатышат.

Кардарлардын бири Гүлипа Асанова “Азаттыкка” буларды айтып берди.

- Кызым доллар 49 сом кезде батир алам деп доллар менен насыя алган. Азыр болсо кыйналып жатабыз. Доллар баасы күндөн күнгө өсүп жатат. Эмне кылышты да билбей калдык. Айла жок төлөш керек.

РСК жана "Демир" банктары насыяны сом менен кайтарууга макул болду
РСК жана "Демир" банктары насыяны сом менен кайтарууга макул болду

Натыйжада банктарга доллар менен алган насыяны сом менен эле төлөйлү - деп кайрылгандардын саны өскөнүн коммерциялык банктар да ачык айтышууда. Аргасы кеткен банктар да кардарларга ийкемдүүлүккө барып жатышат. Алсак "РСК банк" менен "Демир банк" жарандардын арызынын негизинде насыяны сом менен төлөөгө макул болушууда. Бирок процесс жеңил угулганы менен дароо ишке ашпайт. Бул үчүн насыя төлөөчү бир катар документтерди чогултуп келүүсү абзел. Ошентсе да акыркы чечим банктын өзүндө калат, башкача айтканда, арыздан баш тартып коюуга толук укуктуу экенин "Демир банктын" насыя бөлүмүнүн адиси Самак Бакыт уулу “Азаттыкка” айтып берди.

- Биз мындай арыздарды он күндөн – бир айга чейин карайбыз. Алар айлык-маянаны сом менен алып жатканы тууралуу документти алып келиши керек. Ошондой эле сомго которгондо насыя алган убактагы эмес, бүгүнкү күндүн курсу менен которобуз. Банктын насыялык комитети атайын жыйында арызды карап анан макул болсо, жаран ошондон кийин сом менен төлөй берсе болот.

Доллар менен насыя алгандарга жеңилдик берүүнү өкмөттүк банктар да колго алууда. Бул үчүн “Айыл банк” доллардын өсүп жатканын эске алып, алдын ала насыяны айыпсыз төлөп салууга жол ачылганын аталган банктын насыя бөлүмүнүн адиси Нурзада Осмонова билдирди.

- Жарандар алдын ала бир ай мурун арыз менен кайрылышы керек. Аны биз карап көрөбүз, эгер макулдук алса, насыянын калган бөлүгүн айыпсыз төлөп салса болот. Бул деген доллар эртең өсүп кетүүсүнөн кооптонуп жаткандар үчүн ыңгайлуу.

Баары бир банктар утат

Коммерциялык банктар бир жагынан кардарларга жеңилдикке барып жатканы менен ошол эле учурда берилген шарттар жөнөкөй насыя төлөөчүлөргө өтө оор экенин адистер айтышууда. Улуттук банктын мурдагы төрага орун басары Каныш Шаршекеева насыя алгандардын саналуу пайызы гана алдын ала карызын төлөөгө алы келгенин айтып, долларды сомго айлантып төлөгөндөр да утулуп жатканын минтип негиздеди.

Доллар баасы күн санап кымбаттоодо. 13-ноябрда тартылган сүрөт.
Доллар баасы күн санап кымбаттоодо. 13-ноябрда тартылган сүрөт.

- Бүгүнкү күндүн курсу менен төлөш оор да. Мурда 300 доллар 15 миң сом болсо, азыр 21 миң сом болуп калды. Кайра эле ошол акчаны төлөп атат. Насыяны акчасы жок киши алат да. Ошондуктан кээ бир банктар алдын ала төлөөгө уруксат берип атабыз дегени менен миңдин ичинен 10 пайызы эле муну төлөй алат.

Коомчулукта 1 доллардын баасы сексенден ашып, жүзгө таяп барат деген кыңыр кептер элди ого бетер чочутууда. Финансист Каныш Шаршекеева Улуттук банк тез арада коммерциялык банктар менен бир стөлго чогулуп, жеңилдиктерди берүүнү карабаса, нааразычылыктын толкуну насыяны төлөөдөн баш тартуу өңдүү эски адатты козутат - деп эскертет.

Азырынча Улуттук банктын өкүлдөрү бул маселе боюнча үн катпай отурат.

Сентябрь айынан бери Башкы банк коммерциялык банктарга 80 миллиондон ашык резервдеги АКШ валютасын коммерциялык банктарга сатыкка чыгарганы менен доллар бул үч айда 10 сомго чукул жогорулады.

XS
SM
MD
LG