Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Мамлекет элчинин үй-бүлөсүнө да кам көрөт


Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Келерки жылдан тарта Кыргызстандын четтеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн каржылык чыгымы көбөйөт.

“Дипломатиялык кызмат тууралуу” мыйзамдагы өзгөртүүгө ылайык, 2015-жылдан баштап элчиликте иштегендердин жубайларына да айлык акы чегерилет, балдарынын окуусунун акысы жана жол кирелери төлөнө баштайт.

Руслан Бекназаров Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинде атташе кызматында иштеп келген. Анын айтымында, дипломатиялык кызматкерлер жалаң айлык менен жашай албайт, кошумча колдоого муктаж:

- Сыртта жүргөн дипломатиялык кызматкерлер каражат тартыштыгынан улам өз жумушунан алаксып калган учурлар болот. Ошол жакта жакшы колдоосу болуп, же Кыргызстандан көтөрмөлөп турган бирөөсү болбосо жалаң айлык менен иштөө оор. Муну мен өз көзүм менен көргөм. Мамлекеттик бюджет көтөрө алса, дипломатиялык кызматкерлерди каржы жактан колдоо тууралуу мыйзам өтө жакшы. Мисалы, Жапонияны ала турган болсок, ал жакта айлык жеп-ичкен тамак-аштан артпайт. Андан сырткары бала-чаканы, үй-бүлөнү да багуу керек. Бул өтө оор. Арзыбаган каражат менен сыртта, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан дипкызматкерлерге ыраазычылык гана билдирүү керек. Кыргызстанда жүрсөң да билинбейт, урук-тууган, жоро-жолдош деген бар. Сыртта болсо жалгызсың, колдой турган эч ким жок.

“Дипломатиялык кызмат тууралуу” мыйзамды өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер комитетинде чыккан. Комитет төрагасы, депутат Каныбек Иманалиев мамлекеттик колдоо тууралуу сөз кылууда:

- Бардык эле мамлекетте ушундай тажрыйба бар. Биздин элчилер коңшу мамлекеттин элчилерине караганда эң аз айлык алат. Мисалы, жубайы элчи болсо, же элчиликте иштесе ал да аны менен кошо болот да. Анан аларга материалдык колдоо болсун дегенбиз. Казакстандыкы мындан да көп. Бул биринчи жолу биздин дипломатиялык кызматта жүргөн кыргызстандык мекендештерибизге багытталган мамлекеттин колдоосу.

Каржы министрлигинин башкармалык жетекчиси Данияр Амангелдиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн эмдиги жылы кошумча 150 миллион сомдон ашык каражат, тактап айтканда, 18дей пайызга көбүрөөк каражат бөлүнмөкчү:

- Мисалы, элчиликтин кызматкеринин жубайына анын айлыгынын 30 пайызындай айлык берилет. Балдарын окутканга каражат бөлүнөт, иш- сапарда транспорттук чыгымы төлөнөт. Андан сырткары бул жакта элчиликке барып иштей электен мурун кандай айлык алса, ошонун тең акчасы которулуп турат. Социалдык фонддун акчасы да бөлүнөт. Бул дипөкүлчүлүктүн бардык кызматкерлерине тиешелүү.

Кыргызстандын 30дан ашык мамлекетте дипломатиялык өкүлчүлүгү бар, анда 230га чукул адам иштейт.

Кыргызстанда негизи мурда-кийин дипломатиялык кызматта иштебегендерди элчи кылып дайындоо көнүмүш адатка айланып калган. Адатта бул колунда бар, таасирлүү саясий фигуралар болуп саналат. Элчиликтерде жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жек-жааты, тууган-уруктары иштеген көрүнүш да жок эмес. Арасында бизнес менен жигердүү шугулданганып жүргөндөрү бар экени коомчулукка белгилүү.

XS
SM
MD
LG