Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Дарыгер депутатты кол көтөрдү деп айыптады


Тургумбаев: Депутат сабап, каматам деп коркутту
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Дарыгер Жамалбек Тургумбаев учурда ооруканада дарыланып жатат.

Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы аны Жогорку Кеңештин депутаты сабаганын айтып, ооруканага жатты.

Дарыгер Жамалбек Тургумбаев аны парламенттеги “Республика” фракциясынын депутаты Нурбек Мурашев иш бөлмөсүнө кирип келип, ондогон дарыгерлердин көзүнчө токмоктогонун айтууда. Депутат болсо мындай айыптоолордун баарын четке кагып, өз ишине шалаакы мамиле жасаган дарыгер жоопкерчиликтен качып жатат деп түшүндүрдү.

Биз окуя болгон ооруканага барганыбызда неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаев капельница алып жаткан экен, аны тегеректеп жанында туугандары отурат. Дарыгер депутаттан кандайча таяк жегенин айтып берди:

-“Жардамчы жиберсем эмне укпайсың. Ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби?” деп опузалады. Жооп бергиче эле жакадан алып, ээкке муштап калды. Мындайды күткөн эмесмин, эсимди жогото түштүм. Депутат ошол маалда өзүн абдан агрессивдүү болчу. Ичимдик ичкендей, көздөрү кызарып турган. Урганы аз келгенсип, “Эки күн ичинде сени түрмөгө отургузам, чиритем” деп кыйкырды.

Нурбек Мурашев
Нурбек Мурашев
Дарыгер Тургумбаев бизге интервью берип жаткан учурда дал ошол сабады деп айыпталып жаткан депутат Нурбек Мурашов, анын кесиптеши Алтынбек Сулайманов жана акыйкатчы Бакыт Аманбаев палатага кирип келди. Депутаттар дарыгердин саламаттыгы начар экенинен шектенишип, анын кан басымын текшертишти эле 210-120 болуп чыкты. Депутат Нурбек Мурашев дарыгерге колум тийген эмес деп актанды:

- Баарыңардын көзүнчө айтып коеюн, таяк жебеген болсо жооп берет. Мен кол көтөргөн эмесмин. Бул дарыгерди жакалаган жигиттин аялы азыр комада жатат. Дарыгерлер анын абалын айтуу кыйын дешүүдө. Бул жагын да эске алгыла. Ал кызды ушул дарыгер бир курс толук дарылаган, эки күн өтпөй кайра эле ооруканага келип түштү.

Жаңжалдын чыгышына депутат Мурашевдин ооруканада жаткан тууганынын абалынын кескин начарлап кетиши себеп болгон. Азыр комада жаткан Алтынай Арстанбек кызы 10-февраль күнү сасык тумоосу өтүшүп кетип Улуттук госпиталга кайрылган. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы дурус болуп келаткан, бирок апасы капельница алып жаткан учурда оорулууга картошка менен эт аралашкан тамак берген. Кыздын көзү жумулуп баратканда, уктап калды деген ойдо жарыкты өчүрүп, сыртка чыгып кеткен. Ошондон бери кыз эс- учун билбей өлүм менен күрөшүүдө.

Окуяны иликтеп, аталган ооруканага барган акыйкатчы Бакыт Аманбаевди угуп көрөлү:

- Азыр эң маанилүү маселе комада жаткан бейтап аялдын ден соолугу. Аны айыктырып, жакшылап дарылаш керек. Туугандарынын айтымында, кыз жакшынакай эле абалда ооруканага келип, дарыгердин туура эмес сайган ийнесинен улам ушундай оор абалга кептелген. Мунун баарын эми көз карандысыз комиссия иликтеши керек.

Ошентип депутат менен дарыгердин тиреши акыйкатчы, министр, Жогорку Кеңешке чейин жетип чоң талкууга жол ачкандай болду окшойт. Дарыгер Тургумбаев депутаттан таяк жеп, мээси чайкалганын айтса, депутат Мурашевдин туугандары Алтынай Арстанбек кызынын азыркы абалына дал ушул Тургумбаевди айыптап жатышат. Дарыгер болсо өзүнүн коопсуздугунан кооптонуп турган учуру, кечкисин анын жанында туугандары кайтарып жатат. Тургумбаев дарыгерлерди "каматам, жоготом" деген учурлар көп эле болорун айтты:

- Менин ишим ушул, жалаң оор абалдагыларды карайбыз. Анан эле депутат, прокурор, прокурордун жардамчысы, сотмун дегендер келип коркутуп киришет. Жөнөкөй кишилер антпейт. Эми депутат Мурашев болсо мени кайдан болбосун таап алам деп опузалап жатат.

Канткен менен бул окуядан кийин депутаттардын этикасына, өздөрүн алып-жүрүүсүнө сын айтыла баштады. Интернеттеги социалдык тармактарда “Мыйзам чыгарган эл өкүлү, кандай гана маселе болбосун мыйзам чегинде чечүүсү керек, а бул депутат муштумуна таянабы?” деп жазгандар көп. Дал ушул депутат Мурашев былтыр Жалал-Абаддын Ноокен районунда да мушташка аралашканын бир нече гезиттер жазып чыккан эле.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG