Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Маматалиев: Жол буугандардын талабы өзгөргөн жок


Абдрахман Маматалиев жол буугандар менен жолугушуу учурунда. 18-июнь.
Абдрахман Маматалиев жол буугандар менен жолугушуу учурунда. 18-июнь.

Алайда депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери вице-премьер-министр менен жолуккан соң жолду ачмай болушту

“Азаттык”: Абдрахман мырза, сиздер бүгүн Алайда барып, жол ачылганы белгилүү болду. Кандай шарт менен жол ачылды?

Абдрахман Маматалиев: Биз мындан үч күн мурун келип кеткен элек. Ошондо алар сүйлөшүүгө барып, талаптарыбызды, ой-пикирибизди айтабыз дешкен. Биз жол тоскондорго “Мейли өкүлдөрүңөрдү жибергиле. Бишкекке барып, тиешелүү адамдарга суроо-талаптарыңар болсо айтып келгиле” деген элек. Алар Бишкекке келип, эки күн жүрүп, киребиз деген жердин баарына кирип, элдин атынан талаптарын айтышкан. Анан келген адамдар бүгүн депутат Исмаил Исаков менен бирге келип туруп, эл менен жолугушуп, жолду ачтырдык. Биринчи айта турган нерсе - бүгүнкү күндө жолдун буулуп турганы коомчулуктун көңүлүн буруп, аябай ыңгайсыздыкты түзүп жатканын эске алышты. Экинчиден, алардын койгон талаптары ошол жолду ачкандан кийин гана кээ бир мекеме-ишканалар тарабынан карала тургандыгы сүйлөшүү учурунда белгилүү болгон эле. Ушунун баарын талкуулап, эл менен кеңешип туруп, жолду ачуу чечими кабыл алынды.

“Азаттык”: Алардын негизги талабы - депутат Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу эмес беле. Демек анда жол ачылган соң бул маселе каралат турбайбы?

Абдрахман Маматалиев: Алар жолду ачкандан кийин кайрылуусун беришти. Келдибековду үй камагына чыгаруу талабы өзгөрө элек. Биз кайрылууларды тиешелүү органдарга жөнөтөбүз келгенден кийин. Бирок эң негизгиси ошол жолдун ачылышы да.

“Азаттык”: Азыр жол тазаланып, боз үйлөрдү жыйнап жатышкан экен. Жол качан толук ачылат анда?

Абдрахман Маматалиев: Мен ойлойм бүгүн кечке тазалап бүтүшөт го. Четинен ача башташты.

“Азаттык”: Эгер Акматбек Келдибеков үй камагына чыгарылбаса, анда кийин кайрадан жол буулушу мүмкүнбү? Анткени талап күчүндө деп жатпайсызбы?

Абдрахман Маматалиев: Кайра жол жабуу туурасында сөз болгон жок. Бирок алар эгер талаптары аткарылбаса, нааразылык акцияларын өткөрөбүз дешти.

“Азаттык”: Эми сиздер Акматбек Келдибеков боюнча ишти тийиштүү органдарга тапшырасыздар да ?

Абдрахман Маматалиев: Бул ишти эми сот, прокуратура органдары карайт. Эл кайрылууларын үч бийлик бутагына беришти. Биз тийиштүү жерлерге кайрылууну жеткиребиз.

Депутаттын Алайдагы тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган ЖК депутаты Акматбек Келдибеокв өткөн күздөн бери камакта. Октябрь райсоту өткөн айда анын ишин кароону 27-июнга чейин узартып, депутатты тергөө абагында калтырган чечим чыгарган.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG