Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:58

АКШ армиясында кызмат өтөгөн Бегимай


Он тогуз жаштагы Бегимай Жапар кызы АКШ армиясында кызмат өтөп жүрөт. Америка армиясындагы тартип, тарбия жана ал жактын өзгөчө мыйзамы, күнүмдүк кызматы тууралуу "Азаттык" менен ой бөлүштү.

Мен кантип жоокер болдум?
2011-жылы төрт жылдык келишим менен аскерге алышкан. Келишимде баары ачык, даана көрсөтүлгөн. Эгер зарылдык чыкса менден уруксат сурабай эле согушка алып кетишет. Кокус жаза тайып кайтпай калсам, мага берилчү камсыздандыруунун пулун кимге калтыраарымды келишимде ачык көрсөтүшүм керек. Эгер өз өмүрүмө кол салсам мен үчүн башкалар жооп бербейт. Анда акча да төлөнбөйт. 21 жашка толо элек куракта маңзат менен ичимдикти колдонууга тыюу салынат. Бул жерде эң башкысы мыйзамды сыйлаш керек. Мен азыр Жапониядамын. Бул жакка эки жылдык келишим менен келгем. Бүткөндөн кийин узартып же кайра Америкага кетсем болот.


Аскерден машина оңдоону үйрөндүм
Бир жарым жыл кызматымды өтөдүм. Башында албетте кыйналасың. Жаңы барганда үч айдай Түштүк Каролинада кызмат кылдык. Ушул мезгил аралыгында катаал тарбия көрдүк. Адам катары санабай, кичине жаңылсаң кыйкырып... Оңой эмес психологиялык басымга тушугасың. Таңкы саат беште турмай. Ошондон баштап кечке кыймылда болосуң. Автомат, мылтык атканды, граната ыргытканды үйрөнөсүң, Бул учурда армиянын кайсы бөлүгүнө барарыңды аныктайсың, ошого жараша окутат. Мен автомеханиканы тандап алгам. Азыркы жумушум машина оңдомой. Келишим боюнча дагы эки жарым жылдан кийин аскердик кызматымдын мөөнөтү аяктайт. Андан кийин Жапонияда каламбы же кайра Америкага кетемби - өзүмдүн каалоомо жараша болот.


Мекениме мектеп курсам дейм...
Апам Сокулуктан, атам Муракеден болот. Мен Чоң-Арык жактагы №58 мектепте окугам. 2006-жылы алтынчы классты бүткөндөн кийин Америкага "жашыл карта" менен кеттик. Эки байкем бар. Эми Американын бир окуу жайынан билим алгым келет. Ата-энем менин окуум үчүн иштебесин деген максатта аскерде кызмат өтөөнү тандап алдым. Буюрса ушул чогулткан акчам менен окууга тапшырам. Өкүнбөйм. Армия мени чыдамдуулукка үйрөттү. Бир чети агаларымдын да таасиринен го. Кичинемден бери "чыдамдуу бол" деп насаат айтып келишет.

Турмушка чыккам. Жолдошум испан жигити. Жакшы адам. Экөөбүз жанагы кесипке окуткан мектептен таанышканбыз. Исламды кабыл алды. Азыр Жапониядагы башка бөлүктө кызмат кылат. Буюрса Кыргызстанга да барып келебиз. Билим алсам мекениме да жардамым, жарыгым тиет. Келечекте бир мектеп же мечит куруп берсем деген тилегим бар.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

XS
SM
MD
LG