Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Бажы биримдигине кирүүгө каршылык


Бажы биримдигине каршы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

5-майда Бишкекте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы акция өттү.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы, “Реформа”, “Демократиялык альянс” партиялары биргелешип уюштурган акцияда Кыргызстан аталган уюмга кирсе кесепети оор болуп, эң башкысы өлкө эгемендигине доо кетээри жана парламенттик демократияга сокку урулаары айтылды.


Экономикалык кесепеттер эсептелди


Бажы биримдигине каршылардын акциясы Курманжан датканын эстелигинин жанында өттү. Ага болжол менен 100 чакты адам катышып, алгач Бажы биримдигинин кесепетин көрсөткөн чакан оюн болду.

“Перемена” инновациялык билим берүү борборунун жетекчиси Алмаз Тажыбай аталган акциянын Конституция күнүнө туштап өткөрүлүшүнүн себебине токтолду. Анын айтымында, Бажы биримдиги өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн коркунучтуу долбоор:

Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май.
Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май.
- Ата-бабаларыбыз биздин азаттыгыбызды кандай кыйынчылык менен сактап келген. Азыр эми болсо биз арзыбаган нерсеге алданып, эгемендикти жоготкону жатабыз. Конституцияны коргош үчүн, анда жазылган эгемендикти коргош үчүн Бажы биримдигине кирүүгө каршы экенибизди, бул уюмга кошулууга баары эле макул эместигин көрсөтүп жатабыз.

Акцияга чыккандар Бажы биримдигинин экономикалык кесепетин да эсептеп чыккан. Анда сырттан кирген товарлар кескин кымбаттайт деп көрсөтүлгөн. Маселен дары-дармектин баасы 10, булгаары кийимдер 20, азык-түлүк 15 пайызга чейин өсөт. Ошондой эле Жапониядан келген 5 миң долларлык машиненин баасы болжол менен 12 миңге чыгат.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” коомдук кыймылынын өкүлү Аида Алымбаева экономикасы чабал Кыргызстан биримдикке мүчө мамлекеттер менен теңтайлаша албайт деген ойдо:

- Орусиянын экономикасы Кыргызстанга караганда 310 эсеге чоң. Ал эми Казакстандыкы 31, Беларустуку 10 эсе чоң. Мындан улам биз экономикасы чоң мамлекеттердин арасында кызыкчылыгыбызды коргой албайбыз. Коргоо мүмкүн да эмес. Жол картанын биринчи версиясында деле Москва биздин кызыкчылыгыбызды эске албай туруп кабыл алып койгонуна күбө болбодук беле.


Жол картасы макулдашуу алдында


Жарандык коомдун өкүлдөрү өкмөт биримдикке кирүү жол картасын ачык талкууга койбой жатканын сынга алууда. Буга чейин документтеги 175 пункттун алты гана пункту боюнча орток пикир табыла электиги айтылган.

Эксперт Азамат Акелеевдин баамында, бул пункттар боюнча макулдашуу оор болот:

Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май.
Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май.
- Биздин шарттар бир топ эле катаал болчу. Мисалы эркин экономикалык зона, товарларды алып кирүү, лабораториялык инфраструктурага инвестиция салуу, стабилдештирүүчү фонд түзүү жөнүндо сөз болгон. Бирок бул шарттар Бажы биримдиги үчүн оор эле шарттар. Бул жерде же биздикилер мындай негизги шарттан баш тартты. Же болбосо Орусия Казакстан менен Беларусту көндүрүп, биздин шартты кабыл алды. Бирок бул эки чечим тең мүмкүн эмес, ошондуктан сүйлөшүү дагы деле жүрүп жатат.

Жол картасы боюнча сүйлөшүүлөрдү эксперттерден турган жумушчу топтор жүргүзүп жатат. Буга чейин аталган топ ондой жолугушуу өткөргөн. Жол картасынын соңку варианты келерки аптада Москвада макулдашмакчы. Кыргыз өкмөтү андан кийин документти Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат.

Президент Алмазбек Атамбаев болсо Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктары корголгон шартта гана кирет деп ишендирип келет. Бирок буга ынанбагандар арбын.

XS
SM
MD
LG