Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Бажы биримдиги: жаңы тартип, башка эреже


Кыргыз-казак чек арасынан бир көрүнүш
Кыргыз-казак чек арасынан бир көрүнүш

Курамына Орусия, Казакстан жана Беларус кирген Бажы биримдиги 1-июлдан тарта жаңы эрежеге өттү.

Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн ички чек аралары жеңилдетилип, тышкы чек араларында тартиптер күчөтүлгөндүгү кабарланды.

Орусия, Казакстан жана Беларус мамлекеттери Бажы биримдигин түзүү боюнча келишимге туура бир жыл мурда кол коюшкан. Үстүдөгү жылдын 1-июлунан тарта бул өлкөлөрдүн ички чек араларында бажы бекеттери алынып салынды. Ошол эле кезде тышкы чек араларында кирип-чыгууга, товар алып өтүүгө талаптар күчөтүлөөрү айтылууда.

"Дордой" базарында соода менен алектенген Улан Сулайманов 1-июлга чейин эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда товар алып өтүү кыйындаганын айтат.

Бажы биримдигинин шартына ылайык, 50 килого чейинки жүктөрдү бажы төлөмүсүз алып өтүүгө болот. Ал өлчөмдөн ашса, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөгө туура келет. Сулайманов “Ак-жол” бажы бекетиндеги 1-июлга карата көрүнүштү мындайча сүрөттөдү.

- Эл көп, мурдагыдай эле өтүп жатат. Товарларды пакеттер менен алып өтүп жатышат. Азыр шыр "Дордойдон" эле чек арадан алып өтүүгө ылайыктап, жүктөрдү майдалап таңышууда. Утур-утур жүк ташуучулар ташып турушат. Студенттер, айылда жумушу жоктордун баары ушул жакта.

Ар бир пакетке жүз сомдон төлөшөт, бир өткөндө эки пакет алып өтөсүң. Бекетте тыгын болгондо кыйын, тыгын жок болсо беш эле мүнөттө ары жакка өтүп кетсе болот. Бир күндө бир адам ондон ашык жолу кирип чыгат. Бүгүн байкасам машина аз, бирөк жөө товар ташыгандар көп экен.


“Чек арадан өтүүдө өзгөрүү жок”

Чек ара кызматынын кызматкери Эмил Асанкулов бүгүнкү күнгө карата кыргыз-казак чек арасында эч кандай өзгөрүү жок экендигин, өтүү тартиби мурдагы калыбында эле жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов да бажы бекеттеринде жаңы кыйынчылыктар жаралбайт деп ишендирүүдө.

-Бажы бекеттеринен өтүү 1-2-июлга карата мурдагыдай калыпта сакталат. Мындан ары да эл үчүн башкача бир айырмасы болбойт.

Кулматовдун билдиришинче, “Ак-жол” чек ара бекети бир күндө 5 миң кишинин өтүүсүнө ылайыкталган.

Бирок учурда 38 миң адамга чейин өтүп жатат. Булардын көпчүлүгүн негизинен ишкерлердин жүктөрүн чек арадан өткөрүп берип жаткан жүк ташуучулар түзүп, оорчулукту ошолор жаралууда.

Кулматов “Ак-жол” бекетинин ишин жеңилдетүү максатында эки-үч күн мурда “Кең-Булуң” бекети ишке киргизилгенин, ал жүктөрдү алып өтүүгө ылайыкталганын айтты. Мындан тышкары жүктөр үчүн “Ак-Тилек” жана “Кара-Суу” бекеттерин ишке киргизүү аракети жүрүп жатат.

Бажы биримдигинин пайда-зыяны талкууда

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Бажы биримдигинин толук кандуу иштей башташы Кыргызстан үчүн жаңы тоскоолдуктарды жаратат деген ойдо.

- Бажы биримдигине кирген мамлекеттин чек арасындагы тартип катуулайт. Соода-сатыкка, ар бир адамдын ары-бери өтүүсүнө таасир этет. Ошондуктан мунун Кыргызстан үчүн өзгөрүүлөрү чоң эле болот.

Жекшенкулов мындай шартта Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташтыктарды күчөтүү керек деп эсептейт.

Кыргыз бийликтери Бажы биримдигине кирүү ниетин ачыктап, пайда-зыянын иликтөөчү өкмөттүк комиссия түзгөн.

Өкмөт Биримдиктин пайдасы арбын болот деп ишендирүүдө. Анткен менен ишкерлер чөйрөсү мындан көбүрөөк күмөн санап турушат. Айрыкча, өлкөнүн реэкспорту кыскарып, Кыргызстандагы ири "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларынын иши такыр эле токтойт деп чочулашууда.

Кыргыз-казак чек арасы 1-июлдун алдында
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

XS
SM
MD
LG