Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:49

Маданият

Маданият кызматкерлери нааразы

7-июнда Бишкек шаарындагы бир катар маданий мекемелердин кызматкерлери айлыкка байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, өкмөткө кайрылуу катын жолдошту. Өзгөчө жогорку наамы бар маданий ишмерлер маяналары азайып калганына нааразы болууда.

Көчө театрынан бир көрүнүш.
x
Көчө театрынан бир көрүнүш.
Текст көлөмү - +
Бүгүн айлыктын төмөндүгүнө жана маданиятка жакшы көнүл бурулбай жатканына карабастан ички чыгармачылыктын зор эргүүсү менен кыргыз искусствосуна агылып кирип жаткан жаштар өтө көп. Алардын бири Р. Орозова:

- Башында ырчы болгум келчу, бирок театрды тандадым. Жашоону чыгармачылыксыз элестете да албайм. Азыр биз айлык маянадан кыйналып, аргасыз кошумча иштерди иштеп жатабыз. Бирок келечекте театр өсүп, адамдар руханий азык алууну ойлой баштаарына толук ишенем. 

Орозовадай катардагы артисттердин айлык маянасы 6 миң сомго чейин көбөйдү. Бирок катардагылардын айлыгы өстү дегенибиз менен КР эмгек сиңирген артисттери менен эл артисттери 8-июнда нааразылык акциясына чыгышты.
 
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы дирижёру Жумкадыр Муканбетов:

- Азыркы өкмөт ооз көптүрүп, айлыкты көбөйтөбүз деп айтпай эле койбойт беле. Же болбосо алдап койдук деп билдирүү жасап коюш керек болчу. 

Өзгөчө жогорку наамы барлардын акчасы көбөймөк тургай, азайып калды. Бул эмне деген мамиле? Биз искусствого ошончо кызмат кылып келе жатабыз да. 


Нааразылык акциясына чыккандар, мурун улуттук деп аталган маданият жайларын улуттук деген макамдан айырбоо керек деген талапты да айтып чыгышты.

КР эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер деген жогорку наамдагы искусство чеберлеринин айлык маянасы көтөрүлбөстөн, тескерисинче, 1200 сомдон 1800 сомго чейин азайып калганы негизги маселе болду. Бул нааразылыкка карата маданият министри Нурлан Шакиев буларды билдирди:

- Чынында өкмөттүн саясаты аз камсыз болгон, катардагы маданият кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү болчу. Мурун катардагы кызматкер 3 сом айлык алса, азыр 6 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Мурун жогорку наамдагылар 12 миң сом айлык алышкан, ошол учурда катардагы кызматкерлер менен айырмасы 9 миң сом болуп келген. Азыр улуттук деген макамы бар мекемелерде иштегендерге жүз пайыз акча кошулбастан 1 миң сом гана кошулуп калды. Бирок ай сайын КР эл артисттерине 5 миң сомдон, КР эмгек сиңирген артисттерине 2 миң 500 сомдон стипендия берилип турат, айлыктан сырткары.
 

Нурлан Шакиев "маданият жана маалымат кызматкерлеринин айлык маянасы эки эседен жогору көтөрүлдү, бул өтө жакшы көмөк" дейт.

Бирок искусство өкүлдөрү "жогорку наамдагы искусство чеберлеринин айлык маянасын өөнөп-төөнөп азайтып, ошонун эсебинен катардагы маданият кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатышкан. Бул дале да болсо будамайлоо, баш айлантуу, алдоо”, - деп нааразыланышып, өкмөткө кайрылуу катын жолдошту. Ошондой эле талаптар аткарылбаса мыйзам чегинде нааразылык акцияларына чыгаарын билдиришүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Д
08.06.2011 12:25
Айлыктары кобойсо уялып акча албай калышаар, жап жакшынакай эле журуп сессияда жок саналып жок болуп кеткендерин айтасын, анан мен бул жакта журом, эртен келгиле же болбосо башка шылтоо айтып акырында старостанарды келип кетсин деп "намыйок" кылат калганы тушунуктуу да, карап туруп аларга деле боорун ооруйт, айлык маянасы аз болсо аларда жашаш керек да балачакаларын багуусу керек

кимден: Динар
08.06.2011 12:14
Мугалимдердин айлыгын кобойтсо жакшы болоор эле, анпесе студенттер мугалимдерге ар бир сессия сайын акча берип жатып бизнесмен болгону калышты. 5-500 4-400 3-300 алып атышып.

кимден: Бишкек24 каяктан: Бишкек
07.06.2011 22:03
Ушунча которгонго рахмат дегилечи. кана бакиев ушунча айлыкты котордубу:(

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)