Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Каракчыларды кантип токтотобуз?


"Салам, Нью-Йорк" тасмасын тартуу учурунда
"Салам, Нью-Йорк" тасмасын тартуу учурунда

Бишкекте жакында жарык көргөн “Салам, Нью-Йорк” тасмасын мыйзамсыз тартып алып, интернеттен тараткан каракчылар экономикалык кылмыштуулук менен күрөшкөн кызматкерлерге кол көтөрдү.

Соңку жылдары искусство адамдары каракчылыкка каршы күрөштү күчөтүш зарылдыгын айтып келишет. “Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: режиссер жана драматург Жаныш Кулмамбетов, жаш режиссер Руслан Акун жана “Кыргызпатенттин” Автордук укук башкармалыгынын башчысы Жыпара Садыкова катышты.

“Азаттык”: Руслан, сиздин киноңуз мыйзамсыз тартылып алынганын, тарап кеткенин кантип билип калдыңыз?

Руслан Акун: Интернеттен билип калдык. 28-февралда интернетке чыкканда эле досторум мага анын шилтемесин жиберишти. Ачып көрсөк чын эле турат. 30дай адам аны көчүрүп алганга жетишип калыптыр.

Биз ал кинону тараткан интернет ресурстун ээси менен байланышып, суранганда ал бөгөт койду. Ошентсе да 30дай адамга тарап кеткенден кийин аны көзөмөлдөө кыйын болуп калат экен. Бирок анын сапаты өтө эле начар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Демек көчүрүп алуу, экрандан жаздырып алуу оңой эле экен да?

Руслан Акун: Ал кинотеатрдын катасы. Биз кайсы кинотеатрдан тартып алганын да билебиз. Белгисиз болсо да биз Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын адистери менен бирге ал адамды таптык.

“Азаттык”: Жыпара айым, автордук укукту кантип коргоп, каракчылык менен кантип күрөшүп жатасыздар?

Жыпара Садыкова: Биз тартип коргоо органдары менен бирге иш алып барып, күрөшүп жатабыз. Биз автордук укукту коргоо жаатында мамлекеттик жөнгө салуу иштерин гана жүзөгө ашыра алабыз.

Ушул маселеге байланыштуу мыйзам деле бар. Тартип коргоо органдары да бизге жардам бериши керек бул багытта. Каракчылар менен биз күрөшө албайбыз, биздин андай укугубуз жок.

“Азаттык”: Жаныш мырза, бирөөнүн акылынан чыккан өнөр-касиетти көчүрүп сатууга кантип бөгөт койсо болот?

Жаныш Кулмамбетов: Кылмыш-жаза кодексине атайын берене киргизиш керек. Чындыгында эле бирөөнүн малын, мулкүн уурдасаң сөзсүз түрдө жоопко тартыласың. Ошондой эле сенин кыял-дүйнөңдөн, жан дүйнөңдөн жаралган чыгармаңды уурдап, бирөөлөр байып, пайда таап жатса, эмнеге ал жоопко тартылбашы керек деген түшүнүк турат. Ошондуктан мыйзамды катуулатыш керек. Дүйнөлүк коомчулук каракчылыкка каршы күрөшүп жатса, биз эмнегедир көз жумуп коё беребиз. Бул боло бере турган нерсе катары мамиле кылабыз.

Чыгармачыл адамдар деле атайын кайрылышат. Тартип коргоо органдары менен бирге чуркап жүргөн учурлар деле болот. Урушуп-талашып, каракчылардан токмок жеген учурлар да кездешкен. Менимче каракчылардын башында туруп, калкалаган тартип коргоо органдарынын өздөрү. Ошондуктан алар эч качан кылмыш ишин козгобойт.

Р.S: 5-мартта "Кыргызпатент", Өкмөткө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы атайын каракчыларга каршы акция өткөрдү. Анда он миңге чукул мыйзамсыз тартылып, сатыкка даярдалган жана сатылып жаткан дискттер алынды. Алынган дисктер боюнча кылмыш иш козголо элек. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Таалай Сатыбалдиевдин "Азаттыкка" айтымында, дисктер азыр иликтенип, каракчылык беренесине туура келер-келбеси иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG