Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Опера ырчылары жетекчиге таарынды


"Аида" операсынан бир көрүнүш
"Аида" операсынан бир көрүнүш

70 жашка толуп жаткан Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында чыр от алды. Маарекенин урматына ноябрь айынын ортосуна белгиленген фестивалга театр жетекчилиги чет өлкөдөн жана КМШдан опера жылдыздарын чакыруу менен зоболосун көтөрүүнү көздөөдө. Бирок театр жамааты улуттук опера, балет өнөрпоздорунун кадырына доо кетирип жатат деп, доомат артууда.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын 70 жылдыгына арналган фестивалды дүйнөлүк композитор Жузеппе Вердинин “Аида” операсы ачканы турат.

Аиданы аткаруу үчүн театр жетекчилиги жапон ырчысы Акико Хаякаваны чакырган. Учурда Хаякава Бишкекке келип, Аиданын ролун аткарууга даярданып жатат. Ага жараша акыркы жылдары Аиданын ролун аткарып келген сопрано үндүү ырчы Гүлнур Ниязбековага бул роль тийбей калды. Анын ордуна “Айчүрөк” операсында ырдамай болгонун ырчы минтип айтты:

- Театрда иштегениме 26 жылдын жүзү болду. "Аиданы" биринчи жолу италия тилинде мен ырдап чыккам. Бул жолу операнын хоруна да кошулбай калдым. Айтсам, “Айчүрөккө” койдук дешти. Аны Самарбекова деген жаш кыз ырдамак, ал таарынып келиптир. Тойдун астында бири-бирибиз менен ич ара чабыштырып эмне кереги бар?

"Чио-чио-сан" спектаклинен кийин, 18-март, 2012-жыл
"Чио-чио-сан" спектаклинен кийин, 18-март, 2012-жыл
Дагы бир сопрано үндүү ырчы Бактыгүл Бокоева да программага акыркы болуп кошулганын айтат. Бул жолу “Чио-чио-сан” операсында Чио-чио-сандын монологун ырдамай болуптур. Ырчы фестивалды улуттук чыгарма менен ачып, каармандарды сырттан келген конокторго ырдатса жакшы болмок деген пикирде:

- “Манас” операсы акыркы жылдары коюлбай калган. Ошону жандантып, кичине үзүндү аткарсак болот да. Эмне үчүн жапон ырчысы “Айчүрөктүн” же Калыймандын ариясын ырдабайт? Кантсе да улуттук театрдын 70 жылдыгы өтүп жатат го. Ушул арияны ырдап бергиле деп сунуш жөнөтүшсө, алар макул болмок. Булар ошону жасаган жок да.

“Аида” операсы кыргыз сахнасына биринчи жолу 1960-жылы коюлган экен. Андагы Радаместин ролун 26 жылы катары менен Кыргыз эл артисти Сталбек Алмасбеков аткарып келатат. Бирок, бул жолу ага роль берилген жок. Сталбек Алмасбеков буга катуу капа. Алтургай катуу кейигенден көзүнө кан куюлуп кеткенин көргөздү:

- Бир жылдан бери 70 жылдыкка даярданып атабыз. “Аида” эки жылдан бери, “Трубадур” бир жылдан бери коюла элек болчу. Репитиция болсо жаңы башталып атат. Накта ботко болот да эми. Мен болсо Радамести 26 жылдан бери ырдап жүрөм. Казакстандан тарта Түркияга чейин барып, ырдап келгем. Бу жолу бизде иштеген башка ырчыга беришти. Мен ырдайын, мага тааныш деп жетекчиге айтсам, "мага десең, 80 жыл ырда, мен эч нерсе билбейм" дейт. Булар ушу мени көрө албай эле жатышат.

Сталбек Алмасбековдун жубайы, Набира Жаксылыкова театрда концертмейстр болуп иштейт. Мурда бул операда ырдап келген ырчылардын четке сүрүлүп калганына күйүп-бышты:

- Жөн эле мазактоо. Биз ким үчүн иштеп жатабыз? Дирекция жалаң гана Санкт-Петербургдун үндөрүн көрүп жатат. Казактар Астана театрынын юбилейин белгилегенде, чет элдик ырчылар менен жергиликтүү ырчыларды чогуу ырдаткан. Биз да ошентсек болмок. Мисалы, 2 актыны Бактыгүл Бокоева, 2 актыны Санкт-Петербург жылдызы ырдасын дегендей. Ага көнбөй коюшпадыбы. 26 жыл Радамести ырдап келген кишини минтип четке тээп коюшту.

“Театр эл үчүн...”

Бирок 70 жылдык мааракеге камылгаларга ырчылардын баары эле бир пикирде эмес. Айталы, баритон үндүү ырчысы Бактыбек Ыбыкеев чет өлкөлүк ырчылардын фестивалга келиши жакшы саамалык экенин айтты:

- Өз казаныбызда эле кайнай бербей, сырттан келген ырчылар менен да пикир алмашуубуз керек. Чогуу роль аткарсак, өсүш эле болот. Ал ырчыларды өз мамлекети өз каражаты менен жиберип атат, “барып куттуктап келгиле” деп. Ошол себептүү, булардын келишин мен кош колдоп колдойм. Булар тез-тез келип турса көрүүчүлөр да көп болмок.

"Шахрезада" балетинен бир көрүнүш, 16-октябрь, 2011-жыл
"Шахрезада" балетинен бир көрүнүш, 16-октябрь, 2011-жыл
Театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин болсо, чет өлкөдөн келген ырчыга “Манасты” же “Айчүрөктү” ырдатыш үчүн ага ошондой гонорар төлөп бериш керек деди:

- Биз улуттук операга конокторду чакыра албайбыз да. Алар кайдан билет, эгерим окубаса? Экинчиден, “Манас” операсын коюш үчүн өтө чоң акча керек. Декорацияны жаңылап, жаңы костюмдарды тиктириш керек. Алар жок болсо кантип койобуз? Же эскилиги жеткен костюмдарды кийгизе берелиби? Кокус тытылып кетсе кантебиз? Уят эле болобуз да.

Ал эми театр жетекчиси Тимур Саламатов кол астында иштегендердин таарынычына төмөнкүдөй жооп узатты:

- Искусство бир жерде эле былгып жата берсе, сасып кетет. Маданияттын өнүгүшү аралашууда. Биздин ырчылар үчүн бул чоң түрткү. Чыгармачылык жактан жаңы дем алып атпайбы. Мына биздин спектаклдерге 10 киши келет. Буларды чакырдык эле залга эл батпай калды. Чет мамлекеттен бери заказ кылып жатышат. Театр деген эл үчүн. Эл жаңылыкты самап турат. Экинчиден, “Манас” операсынын сахнада коюлбай калганына 20 жылдан ашып кетти. Аны ырдаш үчүн 5-6 бас, 4-5 тенор үн керек. Бизде анча бас жок. Опера деген драмалык чыгарма эмес да. Ылайыктуу үндөр болбосо коюлбайт.

Тимур Саламатов чакырылган ырчыларга гонорар төлөнбөсүн, бирок алардын күнүмдүк чыгымдары сатылган билет эсебинен төлөнөрүн билдирди:

- Марафон өткөргөндө жардам көбүнчө буюм түрүндө түштү. Мэрия залыбыздын килемин, жапон ишкерлери аппаратурабызды толугу менен жаңыртып берди. Акчалай түрүндө 300 миң акча түшкөн. Ал эми азыр чет өлкөдөн келе турган ырчылардын жаткан жери, тамак-ашы сатылган билет эсебинен төлөнөт. Ошол үчүн көрүүчүлөр кызыкчылыгын биринчи орунга койдук да. Эл аралык фестивал болгондон кийин аны дүйнөлүк чыгарма менен ачкан туура эмеспи.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры быйыл 70 жылдыгына арналган фестивалда дүйнөгө белгилүү Михаил Раухвергердин “Чолпон”, Адольф Адандын “Жизель” балеттерин дагы койгону турат. Театр жетекчисинин билдирүүсүндө фестивалга баш-аягы 15тей чет өлкөлүк опера жана балет чеберлери чакырылган.
XS
SM
MD
LG