Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

“Космонавттар көчөсүнүн” таржымалы


“Космонавттар көчөсү” тасмасын тартуу учурунда.
“Космонавттар көчөсү” тасмасын тартуу учурунда.

Юрий Гагарин космоско учуп келгенден кийин 1963-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында балдар үчүн “Космонавттар көчөсү” деген жаңы тасма тартылган.

Тасманы москвалык режиссер Марианна Рошал, экинчи режиссеру Бекеш Абдылдаев тартып, сүрөтчү-коюучусу Кыргыз эл артисти Сагынбек Ишенов болгон.

“Азаттык”: 1963-жылы “Космонавттар көчөсү” тасмасы кандай максат менен тартылды эле? Ошол мезгилде кыргыз киночулары деле жокко эсе болчу.

Сагынбек Ишенов:
Ооба, 1961-жылы 12-апрелде Гагарин космоско учканда кино-оператор Кадыржан Кыдыралиев жана мен сүрөтчү коюучу адистигин алып, Москвадагы ВГИКти (Бүткүл союздук кинематография институту) аяктап, ошол кездеги Фрунзенин темир жол бекетине келип түшкөнбүз. Ошентип мен, Кадыржан, Гагарин болуп бир тагдырлаш болуп калганбыз деп күлүп калам.

Ага чейин кыргыздардын “Жоро” деген тасмасы тартылган. Биз демилгени биринчилерден болуп көтөрүп, Москвадагы Мамлекеттик кино тармагына космос темасында кино тартабыз деп сунуш жибердик. Ал кезде Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан бул маселе тууралуу ойлой да элек болчу. Бул жагынан биз "паровоз", алар бизге чиркешкен вагон болуп калышты.

Режиссер Марианна Рошал жана Кыргыз эл артисти Сагынбек Ишенов, 1963-жыл
1963-жылы Москвадагы жетекчилик биздин демилгени колдоп, Марианна Рошал деген режиссер кызды, Илья Минковецкий деген операторду жиберишти. Бизде сценарий даяр болчу. Бул жерден картинанын директору Сагын Иманкулов, экинчи режиссеру Бекеш Абдылдаев, сүрөтчүсү мен болуп топ түзүлдү. Ошентип тасманы апрель айында тарта баштап, октябрда бүткөнбүз.

Ошентип “Жородон” кийин эле “Космонавттар көчөсү” тартылып, кыргыз киносунун башаты болуп, “кыргыз кереметине” жол ачылган. Баса ошол тасмада Төлөмүш Океев үн оператор болуп иштеген. Кийин “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, "Кожожаш", "Көкө серек" деген шедеврлерди тартпадыбы.

“Азаттык”: Демек анда “Космонавттар көчөсү” тасмасы идеология катары тартылган турбайбы?

Сагынбек Ишенов: Бул кино жөн эле мода эмес, рухту көтөргөн чыгарма болгон. Илгери Чкалов самолет менен учканда Советтер союзундагы бүт жаштар учкуч болобуз деп калышкан. Анан Гагарин космоско учкандан кийин бардыгы космонавт болгусу келип калды. Пионер, октябраттардын бардыгы космосту күн сыяктуу тутуп, бийик максатка умтулуп калган.

Ошондо жаштарды руханий жактан көтөрүп, дүйнө жүзүндө СССР биринчи космоско учуп, Американы артка калтырды деген сезим болгон. Ошол кезде Советтер союзу илим, билим, маданият жагынан, космос жагынан эң алдыңкы өлкө болуп калган.

Юрий Гагарин
“Азаттык”
: “Космонавттар көчөсү” тасмасы тартылып бүтүп, көрүүчүлөргө тартууланганда эл кандай кабыл алды?

Сагынбек Ишенов: Бул балдар үчүн тартылган тасма. Ошол кезде бүгүн “Космонавттар көчөсү” киносу болот дегенде "Ала-Тоо" кинотеатрына орден-медалдарын жаркыратып тагынып алган генерал, офицерлер толуп алышыптыр.

Режиссер Марианна Рошал аларды көрүп күлүп, “бул тасма атайын жаштарга, келечекке арналган. Келечекте балдардын космоско, Ата-Мекенге болгон духун көтөрө турган тасма”,-деди. Ошондо да бирөө жарымы чыкпай, кинону аягына чейин көрүп отурушкан.

“Азаттык”: Ошол кезде КПСС БКнын катуу бийлиги бар эмес беле? Алардан бирөө жарым келип көрдүбү?

Сагынбек Ишенов: Генералдардан кийин тасманын бет ачарын Кино үйүндө өткөрдүк. Анан кара "Волгасы" да келип атат, ак "Волгасы" да келип атат. Айтор ЦКдагы чоңдордун бир тобу келди. Фрунзе шаардык кеңеши деп койчу. Алардын жетекчилери да келип, аягына чейин көрүштү. Кинодон кынтык таба алышкан жок. Себеби кино жакшы монтаждалган. Музыкасы да мыкты болчу.

Сагынбек Ишенов
“Азаттык”: Музыка демекчи, ошол кезде чыгармачыл адамдардын баары космос темасында жазып калса керек. Эсиңизде барбы? Кимдин чыгармасы мыкты болгон?

Сагынбек Ишенов: Байдыкемдики. Байдылда Сарногоев ошол кезде бир мыкты ыр жазган. “Атына минип космостун, анык жигит экенсиң, космос менен достоштуң” деген сыяктуу сонун саптары бар эле, эсимден чыгып кетиптир. Анан композиторлор ораторияларды жазды. Акындар Гагарин, космос темасын казды. Азыр анын баары унутулбадыбы.

“Азаттык”: Ушул тапта “Космонавттар көчөсү” сыяктуу космос темасында тасма тартылса жаштар кабыл алышабы?

Сагынбек Ишенов: Эгерде жөн эле тартып койсо кабыл албайт. Ал үчүн мындай чоң темага мыкты сценарий керек. Болгон күчтү, каражатты жумшап, өтө мыкты кино тартыш керек. Ошондо кабыл алышы мүмкүн. Болбосо азыркы жаштарды жеңил-желпи нерсе менен алдай албайсың.

"Азаттык": Рахмат.
XS
SM
MD
LG