Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

"Кыргыз керемети": картайбаган каарман


Мындан 45 жыл мурда тартылган “Бакайдын жайытын” ким билбейт? Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары жарык көргөн бул тасма жарым кылым өтсө да, өз көрүүчүлөрүн жогото элек. Бүгүн биз андагы баш каарман Калыктын образын жараткан Насирет Дубашев тууралуу сөз кылмакчыбыз. Ал “Бакайдын жайытынан” кийин бир нече тасмада ойноп, бирок актердук кесипти уланткан эмес.

Жайлоодо калган балалык

Алтымышынчы жылдагы “кыргыз кереметинин” жылдызын Чүй боорундагы Кызыл-Туу айылынан таптык. Бизди актердун жубайы тосуп алды. Насирет Дубашев элетке 90-жылдары көчүп келген экен. Жубайлар жер тытып, бирин-серин мал кармап, күн кечирип жатканын чай үстүндө айтып отурушту.

- Мал менен тирлик кылып жатабыз. Жазгысын талаа жумушу башталат. Айылды азыр негизинен кулпунай менен бүлдүркөн багып жатат. Жайкысын казактарга дүңүнөн өткөрөбүз -деди актердун жубайы Гүлсана Дубашева ал-жай сураганымда.

Макаланы бул жерден угуңуз:



Ушул жерден айта кетели. Актердун жубайы бир кезде теледе диктор болуп иштептир. Жубайлардын 5 баласы бар. Учурда баары очор-бачар. Биздин жаныбызда ойноп отурган небересинин аты Жамила экен. Бир кезде өзү тартылган тасма каарманынын ысымы.

Насирет Дубашевдин актердук карьерасы 10 жашында башталган экен. Алгачкы жолу “Биринчи мугалимдеги” Субан аттуу баланы ойноптур.

- Бала кезде эч нерседен тартынбаган шок бала элем. Кино тарткандарга ошондойлор жагат да. “Биринчи мугалимден” кийин чакыруулар көп болду. Андан кийин ушул “Бакайдын жайытында” ойнодум. 12 жашта элем.

Өткөн кылымдын 60-жылдары. Жаш режиссерлордун жоон тобу пайда болуп, “Кыргыз керемети” жандана баштаган убак. Алардын арасында окууну жаңы бүтүп келген Төлөмүш Океев да бар эле. “Күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт” болуп, жаштык деми менен “Бакайдын жайытын” тартууга киришет.

- Жайы менен Суусамырда болдук. Бир жарым, эки айдай жүрдүк чамасы. Кадимкидей эле боз үйдө жашадык. Ошол жердеги чабандардын жылкысын айдадык. Залкар актерубуз Муратбек Рыскуловдун жылдызы жанып турган убак. Күндө бирөө бирөө козу союп чакырат. Ал кишинин арты менен далай үйгө конок болуп, жилик жегем.

Насирет Дубашев өзү чабандын үй-бүлөсүндө туулган экен. Жайлоодо чоңойгондуктан тасмада ойноо анчейин деле кыйынга турбаптыр.

- Ошол кезде Төлөмүш Океевдин жаш чагы турбайбы?

- Ии...

- Кандай киши эле, ролду аткара албай калганда режиссерлор аябай урушат деп айтышат, анүстүнө балдар менен иштеген оор дешет?

- Менин башымдан андай нерсе өткөн эмес. Рол үчүн эч кимден тил уккан эмесмин. “Бакайдын жайытында” өзүмдүн эле жашоомду ойнодум да. Менин атам деле малчы болчу. Ага жардам берип тоодо эле жүрчүмүн. Экинчиден, Төлөмүш Океев өзү залкар режиссер болчу. Кантип образ жаратышты ийне-жибине чейин түшүндүрүп, ийлеп туруп анан берчү.

- Азыр эми ошол кинону көргөндө кандай ойдо болосуз, өткөн-кеткендин баары эске түшсө керек?

-Албетте, көргөндө бардык эпизод эске түшөт. Бул эми ар бир кыргыздын жүрөгүнө жакын тасма. Ар бир кыргыздын турмушу.

Мына ошол тасмада бала апасына болушуп, атасын укурук менен чаап жиберет эмеспи. Ал эпизодду көргөн сайын биздин каарман өз атасын эстейт:

- Тасмада бала атасын укурук менен башка чаап качат го. Анан мени Рыскулов атабыз камчы менен кубалайт эмеспи. Ошол жерин өз атам көрүп олтуруп, “мен урбаган баланы башка бирөө уруп жатат” деп жашып кетиптир.

- Бирок “мен чапкан эмесмин" дедиңиз эле го?

- Ии, ал кишини мен чапкан жокмун. Себеби, биздин менталитетте атага бала кол көтөрбөйт. Азыркыларды айта албайм дечи, эски муун ошондой таалим-тарбия алганбыз. Анан сценарий боюнча чабыш керек экен. Төлөмүш Океев колума укурук карматат. Эптеп шилтемиш болсом, анымды жаратпай салды. Үч-төрт дублдан кийин Алиман Жангорозова апабыз “кана мага берчи, өчүмдү алайын” деп калды. Ага чейин өзү таяк жейт эмеспи. Денесин жакшы эле ороп-чулгап жатышкан. Болбой эле камчынын уусу өтүп кетиптир. Ошентип улуу актерубузга Алиман апабыздын колу тийген. Азыр бул жакта саяк жолдошторум “бул кишиден коркобуз, биздин Муратбек аксакалыбызды сабаган” деп тамашалап калышат.

Кино чөйрөсүндө жүргөндөр, тасмада бала түш көрүп, аны тоодон ылдый от кубалаган жерин күчтүү чыккан деп макташат. Ал эпизод кандайча тартылганы актердун күнү бүгүнкүдөй көз алдында:

-Тоонун башына аркан жаткырып, анын үстүнө чоң машиненин жүз дөңгөлөгүн тизди. Ичине майга чыланган чүпүрөк тыгып, анан от коюшту. “Баштадык” дегенде баягы арканды барскан менен бир чабышты, кудай бетин салбасын. Мен болсо этек жакта карап турам, кырк метр калганда ылдый көздөй чуркап жөнөдүм. Операторлор аң казып, үстүн думбалап күтүп турушат. Мен ошончо күү менен келе жатканда токтоно албай калышым мүмкүн эле. Эки киши тосуп туруп, кармап калышты. Дароо эле аңга жашындык. Жанагы дөңгөлөктүн бир-экөө так үстүбүзгө кулады.

"Кош жылдызга" бир барсам...

“Бакайдын жайыты” тартылгандан бери актер ошол балалыгы калган жайлоону көрө элек. Учурда бошогондо бир барып, көк шиберин аралап келсем деп дегдеп жүргөн убагы:

- Ошондон бери Суусамырга бара элекмин. Малчы болбосоң барбайт экенсиң да. Быйыл бир пландар болуп атат. Ошол кино тартылган жерлерди көрүп, видеого тартып келсемби дегем.

Насирет Дубашев эр жеткиче “Биринчи мугалим”, “Бакайдын жайыты”, “Жамила” ж.б. биртоп тасмаларда ойногон. Бирок аскерден келгенден кийин бул кесипти уланткан эмес экен. Себебин өзүнөн угалы:

- Өспүрүм курагыңызда бир топ эле тасмага түшкөн экенсиз, анан эмнеге актердук кесипти тандаган жоксуз?

- Эми мен артист болууну самаган жокмун да. Ленинграддагы театр жана кинематография институтунда эки жылдай окуп, анан таштап койгом. Турмуш-шарт ар кандай болот экен. Кайра барып окуумду уланткан жокмун. Башка жумуштарга кетип калдым.

- Башка билим алдыңызбы анан?

- Жок. Аскерге бардым, анан Дооронбек Садырбаев менен иштешим жүрдүм. “Кыргызтелефильмде”, радиодо бир аз жүрдүм. Анан 90-жылдары үй-бүлөм менен айылга көчүп кеттим.

Өнөр өлбөйт эмеспи. Азыр актер кинодон алыс жүргөнү менен ырга кызыгып жүргөн чагы. Ичинде бугуп жаткан ой-санаасын обон аркылуу чыгарат окшойбу? Акыркы убакта жоро-жолдоштору той-топур өткөргөндө барып ырдап калат экен:

- Ырчылар жокто ырдай беребиз, ырчылар барда унчукпай калабыз. Мен жанагы “Кош жылдыз” деген берүү бар го. Ошого барып, Каныкей Эралиева менен ырдагым келип жүрөт. Жакшы ырлары бар, үйрөтсө чогуу ырдамакмын.

- Айылга көчүп келгенден кийин актер жер алып, там салып, бак тиккен экен. Короо-жайы менен бир сыйра тааныштырып чыкты:

- Эшиктин алды алмага толуп турчу. Кийин ооруп, кыйышка туура келди. Жазга маал келсең жакшы болмок. Бүлдүркөн тигине, ушул жерден башталып тээтиги терекке чейин. Анан мал багабыз. Ансыз айылда болбойт экен да.

Ошентип “Бакайдын жайыты” тасмасына тартылган актер да минтип жашка багынып, улгайып калганын көрдүк. Бирок, ал ойногон тасмадагы бала кыргыз көрүүчүлөрү үчүн картайбаган каарман бойдон калары шексиз.

XS
SM
MD
LG