Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:48

Маданият

Жолон акын: "Биз эми эрди-катын болбой калдык..."

Жолон Мамытов - ырларына обончулар өтө арбын карылган акын. Өзгөчө жупуну кыргыз турмушунан өнүп чыккан “Отту сүйөм” поэзиясы бүгүн да кыргыз адабиятынын алгачкы сабында. Бирок анын таланты менен тагдырынын артында Меңди Мамазаирова аттуу зор жардамчы болгондугун көпчүлүк биле бербесе керек.

Текст көлөмү - +
Жолондун майланышкан папкеси...

Ата катары ал өтө күйүмдүү болгон. Ар дайым айлык алганда мага өткөрүп берип, анан өзүнө деп кичине бөлүгүн алып калаар эле.

Анан өзүнө алып калган баягы акчасы түгөнгүчө үйгө тамак ташыйт. Анда азыркыдай целофан мүшөктөр жок. Жолдон тоок көрсө же башка таттуу тамак-ашты көрсө сумкасына салып алат.

Бир кара сумкасы болоор эле. Ал бир күнү эле майланышып шакмарактап чыга келет. "Ай, Жолон, койчу ушул тамак ташыганыңды" деп урушам, бирок болбойт. “Аял соргок болсо үйдү түгөтөт, эркек соргок болсо үйгө тамак толтурат”,-деген бир эл ичинде сөз бар го. Так ошондой болуп Жолон тамакты өтө жакшы көрчү. Муздаткычыбыз толуп турса да ал тамак ташып келгенин койгон жок.

“Билем күндүн чыгыш жактан чыгаарын,
                            сенин кайдан чыгаарыңды билбеймин...”


Жолон экөөбүздүн ата-энелерибиз мурунтан эле тааныш болгон. Мен 4-класста окуп жүргөндө алар биздин мектепке оюн коюп келишти.

8-классымда Жолондон биринчи сүйүү катын алдым. Каадалуу кишидей,  “Сиз...” деп башталган. Мен болсо ага "сен" деп жооп бердим. Мен да жөн калбаган шок, шартылдаган мүнөзү бар кыз элем.

Азыр да үйдөгү күндөлүгүндө сакталуу “1959-жылы, Меңдиден биринчи жолу кат алдым...” деген жазуусу. Анда азыркыдай ачык сүйүү жок да, баары купуя. Кат менен гана сүйлөшөсүң.

Кийин менин ата-энем Жолонго бербейбиз деп чыкты, Жолондун ата- энеси да мени албайбыз деп караманча каршы болду. Ошондо экөөбүз эмне кылаарыбызды билбей абдан кыйналдык. Мен сүйгөнүмө жетпей калат турбаймбы деп ыйлайм.

Ал болсо тээтиги Алайдын тоолорунда мал дарылап иштеп жүрөт. Анан шаарга түшүп мени издейт экен. Театрдан, китепканадан, окуу жайлардан, айтор издебеген жери калбайт. Акыры айласы кеткенде анан бортоктоп жатып алып бул мындай ырларын жазат.

Табышмактуу түтпөстүгүм, түтөрүм.
Мындай абал билбейм качан бүтөөрүн.
Өзүңө-өзүм эң аз сүйүү белектеп,
Сезим бийлеп сенден  көптү күтөмүн.

Тоого барам көөдөндө күү жаңырып,
Түн терметкен мезгилимди сагынып.
Туу чокулар асман тиреп турушат,
Саманчынын жолун арта салынып.

Тоодо жоксуң, өрөөн жакка жол алам,
Жолукмакка туулуп өскөн калаадан.
Кайдасың сен? Жаралганбы болбосо,
Сени мага издетүүгө бул аалам.

Көз тиелек көркөмүңдөн сүрдөймүн,
Көрбөй туруп кирпигимди ирмеймин.
Билем Күндүн Чыгыш жактан чыгарын,
Сенин кайдан чыгарыңды билбеймин!

Издейм сени

Издейм сени арасынан элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга издөө үчүн келгенмин.

Акпы, көкпү же сарыбы жоолугуң,
Жоолугуңдун түсүн билбей оорумун.
Күзгө калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан азууда ден соолугум.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Гүлзарынан күндөй кооз жерлердин.
Сен ааламга кыйноо үчүн жаралсаң,
Мен түбөлүк кыйналууга келгенмин.

Кызыл бекен, пушту бекен көйнөгүң,
Мынча оңой алоолонтуп ойнодуң.
Мүмкүн ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою бир көрүнбөй койгонуң.

Жолонду көрүнбөгөн таш кесектер менен көп куушту…

Жолондун биринчи китеби өтө кеч чыкты. Алгачкы жыйнагы жарыкка чыкканга чейин ал, эки китебин басылмага алып барган. Жолонду эч ким тааныбайт, китебин эч ким карап да койбойт дегендей. Анан акыры ошол китептерди дагы иргеп үчүнчү жолу басмага бергенде «Отту сүйөм» деген ат менен жарыкка чыкты.

Ошол китеп анын атын чыгарды. Кыргыз адабиятында бир жылдыздын "жарк" деген учкуну чачырады. Бирок Жолон Москвадан окуну бүтүп келгенден кийин көралбагандар аны "көрүнбөгөн таш кесектер" менен кубалап «Маданият» гезитине жолотпой койду. Андан кийин эмнелер гана болгон жок дейсиң. Ал эми Жолон ошонун бирине да жооп кайтарбады, болгону гана "жолу болсунчу" деп коёр эле.

Бирибиз эрте, бирибиз кеч кетебиз… 

Биз 23 жыл жашадык. Азыр ар бир күнүмдө Жолонду эстейм. Буюмдары, достору, балдары, айтор баары мага Жолонду эстетип турат. Ал уйкуну өтө жакшы көрөөр эле. Бирок акыркы он жыл ал эртең менен эрте туруп ашкананын эшигин жаап алып, чыгарма жазып жүрдү. Көп иштеди.

Кийин Жолон катуу ооруп калып, Гемотология институтунан анын рак дартына чалдыкканын айтышты. Достору болсо Москвага алып кетишти. Бирок кеч болуп калыптыр. Сактай алышпады. Көрсө ал өзү баарын эле билип, болгону мени гана аяп ичине сактап жатыптыр да.

Кийин Жолонду көргөн жаш врач, «Жолонду (бүтүп бараткан адамды) эмнеге алып келишти деп аябай кайгырдым, эч сөз айта албай турсам ал мага тескерисинче, "эй, жигит, эмне башыңды жерге саласың. Дүйнөгө түркүк болгон ким бар экен, бири эрте, бири кеч кетет. Кой, башыңды көтөр. Антпе!" дегенин эскерип жатпайбы. Мен Жолон өлөөрүн билбей кетти деп жүргөм да.

Бирок акыркы күнү менин каныман клетка алып, Жолонго куюшту. Ал болсо канды куйгандан кийин "Меңдушка, сенин каныңдын эң бир баалуу клеткасын мага куйду. Эми биз айылга барганда бир тууган болуп калдык деп жарыялайлы" деп күлөт. Ошондон кийин бирок каза болуп калды.

Жан досум

Жетпеди деп көксөгөн талабына,
Жан досум кейибегин амалыма.
Андай иш мөгдүрөтпөй көмөктөшөт,
Балбылдап жалын болуп жанаарыма.

Чындык деп чырым этпей үңүлөмүн,
Чындык деп өмүр бою жүгүрөмүн.
Жеңсем да жалгандыктын арстанын,
Чындыктын чымынына жүгүнөмүн.

Оюмду чексиздикке көкөлөткөн,
Жүрөгүм чындык үчүн бөпөлөткөн.
Турмушка нур таратам жок дегенде,
Топчунун тешигиндей көзөнөктөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нургазы Ташиев каяктан: Ош шаары
23.05.2011 08:56
КАНЧА ОЙЛОР ЫЙЛАП КЕТТИ АЙТЫЛБАЙ
(Жолонго)

Көңүлүмдө кайгы-чуусу дүңгүрөп
Күйүп турдум жер көчкөндөй титиреп.
Кайран Жокем, калк ичинде көрүнбөйт,
Кайда учтуң, дайыныңды ким билет.

Отту сүйүп, издеп чыгып ааламга,
Оргуштадың Акбуураңдын башында.
Тарыхтарда ырың калып, өзүң жок,
Жалын үрөп, оттой күйөөр маалында.

Канча ойлор кетти го бейм айтылбай,
Канча ырлар кетти мээде жазылбай.
Табийгат да жоктоп жатты Жолонду,
Түндө жааган жамгыр дале басылбай.



кимден: Толойкондук жердеши каяктан: Красноярск шаары.
22.05.2011 13:40
Жакшы адамдар аз жашайт деген туура окшойт деп кээде ойлоп кетем. Жолон акабиз аз жашап, бирок саз жашаган акыныбыз деп санайм. Артынан канчалаган жакшы чыгармаларын таштап кетти. Анын бири Рысбай Абдыкадыров обон чыгарган "Издейм сени" деген ыры болуп саналат. Ал ыр жубайы Менди эжебизге арналган ыр экенин эми гана билип отурам. Бул ыр канчалаган адамдарга кайрат, куч-кубат берет. Жолон аканин козу отуп кетсе да, анын ырлары, чыгармалары туболук олбос очпос болуп артында калды. Жолон акаге мин мертебе таазим кылам. Менди эжебизге болсо чын ден соолук, чыгармачылык иштерине ийгилик каалап кетем. Красноярск шаарынан, Толойкондук жердеши.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.05.2011 14:23
жакшы

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)