Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Достукту даңазалаган “Лотос кыз”


Сүрөт "Акипресс" агенттигинин сайтынан алынды
Сүрөт "Акипресс" агенттигинин сайтынан алынды

“Туңгуч” театры койгон “Лотос кыз” спектакль-балетинде эч кандай сөз сүйлөнбөйт. Бардык окуя бий аркылуу баяндалды. Кытай жомокторунун негизинде даярдалган спектакль жаш көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. “Туңгуч” театры мындан ары балдар үчүн дүйнө элдеринин жомокторун сахналаштыруу долбоорун баштаганын билдирди.

Спектаклдин бет ачары алгач Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда өтүп, кийин Кожомкул атындагы Спорт сарайында коюлду. Эми аталган спектакль балдарга жаңы жыл башында тартууланат.

Спорт сарайда коюлган “Лотос кыз” спектакль-балетине келген жаш көрүүчүлөр жалаң пластикалык кыймылдар аркылуу баяндалган окуяга күбө болуп отурушту.

Эми спектакль каникулдан кийин мектептерге тартууланат. Балдар үчүн коюлган спектаклдин актерлук курамы да мектеп жашындагы окуучулардан түзүлгөн. Оюндун башында сахнага биринчи жолу чыккан секелек кыз Малика Исаева жомокчунун образында экен. Ал өзүнүн ийкемдүү бийи менен көрүүчүлөргө сөзү жок жомок айтып берди. Спектаклден кийин кичинекей актриса бизге жомокчу кыздын образын жаратууга кантип даярданганын айттып берди:

- Бийимдин баарына хореографтар жардам берген. Ал эми образга кириш үчүн Жамал апам окутту. Өзүм да аракет кылдым. Бул үчүн эки ай окудук. Бир айдан бери сахнага чыга баштадык. Эң башкысы, адегенде ошол ролго кириш керек экен.

Малика Исаева учурда Бишкек шаарындагы 40-мектепте жетинчи класста окуй турганын кошумчалады.

Көз кубандырган “Лотос кыз” бийи
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Спектаклдеги башкы каармандардын бири - Лотос кыздын образын жараткан жаш актриса Малика Акималы кызы да биринчи жолу сахнага чыккан экен. Ал улуу маданиятка эгедер кытай элинин жомогундагы каармандардын образын жаратуу оңой болбогонун айтат:

- Актерлук өнөргө окуганыбызга төрт эле ай болду. Лотос кыз менин эң алгачкы ролум. Башында чынында кыйналдым. Ошентсе да болгон аракетибизди жасадык. Кытайдын ар бир кыймылы кандайдыр бир маанини түшүндүрөт экен.

Малика бул спектаклде негизинен адамдар ортосундагы биримдик, ыйык достук жана махабат баяндалганын белгиледи.

Театрга үч небересин ээрчитип келген Бакташ Кылычбеков мындай иш-чаралар балдардын тарбиясына оң таасирин тийгизет деген ойдо:

- Ак менен каранын, арамдык менен адалдын күрөшү жүрүп жатпайбы. Эгер адам достукту бекем сактаса, ал кара күчтөргө жеңилбейт. Мындай спектакль балдарга жакшы таасир берет деп ойлойм.

“Лотос кыз” спектаклинин режиссеру - Жамал Сейдакматова. Автор бизге аталган спектаклди сахнага чыгарууда он сегиз мектеп окуучусу катышканын, алардын эң кичүүсү он жашта экенин айтты:

- Учурда балдар жомокту оңой менен укпайт. Китеп оку десең чалкасынан кетет. Анан бул кытай жомогу сахналаштыруу сунушу бизге "Отунбаеванын демилгелери" фондунан түштү. “Бул биздин кошуна мамлекет, биз алардын маданиятын билбейбиз. Билгенге умтулсак жакшы болот эле”, - дешти. Иштей келгенде Кытай философиясы аябай терең экенин билдик. Ал тургай ар бир топчусунда да маани бар экен. Формабыз туура эмес болуп калып, эки жолу тиктиргенге туура келди. Биз башында ажыдаарды терс образ катары жазып коюптурбуз. Көрсө аларда ажыдаар оң каарман катары айтылат экен.

Жамал Сейдакматова “Туңгуч” театры мындан ары балдар үчүн дүйнө элдеринин жомокторун сахналаштыруу долбоорун баштаганын кошумчалай кетти.

“Лотос кыз” аттуу спектакль-балетин “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен “Туңгуч” театры даярдаган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG