Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:44

Маданият

Алгачкы кыргыз китебине жүз жыл

Быйыл алгачкы кыргыз китебинин чыкканына жүз жыл толду. 1911-жылы Казан шаарында атактуу акын жана ойчул Молдо Кылычтын “Кысса-и зилзала” китеби жарыкка чыккан. Биринчи кыргыз китеби туралуу жана азыркы мезгилдеги китеп окуу маданияты, дегеле кыргыз тилинин кудурети тууралуу профессор, окумуштуу Осмонакун Ибраимов “Азаттыкка” маек курду.

Текст көлөмү - +
"Азаттык": Молдо Кылычтын “Кысса-и-Зилзала” деп аталган китеби Казан шаарында жарык көргөн экен. Биз ушул китепти кыргыздардын жазма маданиятынын, жазуу адабиятынын башталышы деп эсептесек болобу?

Осмонакун Ибраимов: 100 жыл мурда биздин улуу окумуштуубуз, тилчибиз, коомдук ишмер Ишенаалы Арабаевдин күчү, ошол кишинин демилгеси менен Молдо Кылычтын “Кысса-и Зилзаласы” чыккан.

Бул көркөм чыгарманы эң биринчи кыргыз адабиятынын үлгүсү деп айтууга болот. Ошондуктан биздин жазма адабиятыбыздын китеп түрүндө чыкканына, китеп тарыхыбызга 100 жыл болду деп айтууга негиз бар.

"Азаттык": “Кысса-и-Зилзаланын” чыгышы менен, кыргыздар цивилизацияга кадам таштап, китеп чыгаруу тез арада өркүндөгөн деп айтып жүрүшөт, ушул чынбы?

​​Осмонакун Ибраимов: Ошол китеп кыргыз элинин бактысына ак жолтой, карлыгач китеп болду. Анын артынан эле Ишенаалы Арабаевдин, Касым Тыныстановдун китептери чыккан. Кийинчерээк Казандан же Уфадан эмес, жакын эле Ташкенден чыгып, анан Кыргызстанда да китеп чыгаруу иши жөнгө салынган.

Кийин “Эркин тоо” гезити чыгып, анда Аалы Токомбаевдин ыры жарык көрдү. Ошентип кыргыз маданияты тез жетилип, балапан курагынан өттү. Анан биздин адабиятка Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу алптар келген.

"Азаттык": Дүйнөдө китеп окуу маданияты бар эмеспи, азыр бул түшүнүк Кыргызстанда кандай деңгээлде? Азыр улуу муун жаштардын дарегине сын-пикирлерди айтып, китеп окубай калышканын баса белгилешүүдө.

Осмонакун Ибраимов: Аалы Токомбаевдин доорун алсак гезит окуу бул өтө чоң жаңылык болгон, анткени гезиттен башка окуй турган эч нерсе болгон эмес. Андан кийинки муунга көз чаптырсак, Дүйшөн менен Алтынайдын тарыхын билесиңер, ал өзүнчө заман болгон.

Биздин муунду алалы. Биздин убакта телевизор деле баарында жок болгондуктан китеп окуу менен алектенчүбүз. Эми азыркы заманда интернет пайда болду, ар кандай электрондук каражаттарды ойлоп табышууда, мына “Айпад” деген чыкты. Жаштар ошолорго алаксып жатпайбы. Заман ушундай, оңдоо мүмкүн эмес. Бирок менимче баары бир билимдин очогу, негизги булагы - китеп. Китепсиз билимдүү, илимдүү болуу мүмкүн эмес.

​​"Азаттык": Кыргыздар үч арипти колдонушту, араб, латын жана кириллица. Негизи кыргыздардын жазма маданиятына кайсы арип ыңгайлуу деп ойлойсуз?

Осмонакун Ибраимов: Биздин жазма маданиятыбыз үчүн латын ариби ыңгайлуу болмок. Себеби латын арибинде биздин көп тыбыштар, фонетикалык кубулуштар дурусураак чагылдырылмак.  Бирок кеп арипте эмес, кеп өзүбүздүн маданиятыбыздын потенциалында.

Мисалы, жапондор менен кытайлар деле башка элдер көп түшүнбөгөн өзүлөрүнүн иероглифтери менен жазып эле өркүндөп жатпайбы. Бир кездерде латын арибине өтүп кетпейлиби деген сөздөр болгон, бирок бул өтө кыйын. Ансыз деле башыбыз айланып турганда тамганы да алмаштырып жиберсек, элибизде башаламандык, кыйынчылыктар болот деп ойлойм.

"Азаттык": Акыркы мезгилде кыргыз тили жарды, көптөгөн жаңы технологиянын, медициналык илимдин түшүнүктөрүн кыргыз ачып бере албайт деген сөздөр айтылууда. Бул боюнча сиз кандай көз караштасыз?
Бир билимдин очогу, негизги булагы - китеп. Китепсиз билимдүү, илимдүү болуу мүмкүн эмес.

Осмонакун Ибраимов: Биздин кыргыз тил 19-кылымда оозеки маданияттын тили катары өнүгүп келген, анан 20-кылымда жазуу маданиятына өттү. Кудайга шүгүр көп чыгармалар жазылды. Кыргыз тили көп башка тилдерге которулду.

Илимий жактан алганда “термин” деген түшүнүк бар да. Кыргыз тилинде сөз жасоо мүмкүнчүлүктөрү кенен, ошол терминдерди которуп эле улам-улам айтып кулакка сиңире бериш керек. Ошондо гана алар кыргыз тилиндеги термин болуп бизге кабыл алынып, кийин адабияттарда, илимий ой-жүгүртүүлөрдө калыптанып калат эле. Же болбосо дүйнөлүк адабиятта колдонулган, дүйнөлүк илимий тилде болгон терминдерди ошол бойдон калтырып, түшүндүрмөсүн кыргыз тилинде жасасак болот. Биз ошону жасабай атабыз да. Бул өзүбүздүн эле жалкоолугубуздан чыгууда. 

Советтер Союзунан бери калыптанып калган “орус тили сонун, кыргыз тили өнүкпөй калган тил” деген стереотип бар, биз ошол стереотиптен алыстай албай атабыз. Эми ошол орус тилинде сүйлөп калдык деп эле  ошол орус тилине чокунуп, сыйынып отура берген болбойт.

"Азаттык": Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Т.Чоротегин каяктан: Бишкек
01.01.2012 14:06
Урматтуу замандаштар, бир нерсени тактай кетүүбүз абзел.
Молдо Кылычтын китеби - бир гана автор жазган туңгуч кыргыз китеби, ал арап арибинде жазылган (айрым шеринечилер аны кирил жазмасында жазылган экен деп жогоруда туура эмес белгилеп жатышат).
Бирок арап арибинде кыргыз тилинде жарык көргөн алгачкы китеп - Молдо Кылычтын казалдары эмес, "Манастын" Тыныбек Жапый уулу жазган вариантынын үзүндүсү.
Ал үзүндү тээ 1898-жылы эле жарык көргөн. Негедир бул тууралуу эч ким сөз козгобой жатат.
Эгерде кайсы-бир китепте же журналда чыккан кыргыз тилиндеги текст тууралуу сөз кылсак, анда да кайра эле орусиялык жана батыш окумуштуулары айрым үзүндүлөрүн жарыялаган "Манас" дастанын эскеришибиз абзел.
Демек, кыргыз адабиятынын үнү "Манас" аркылуу басма адабиятка жеткен.

кимден: ЖАННА каяктан: ЕКАТЕРИНБУРГ
01.01.2012 02:06
Акаев качканда кошо качып кеткен эле, кайдан чыга калды бул профессор тооба кылдым.

кимден: AMIR каяктан: Bishkek
30.12.2011 10:11
Мен бул китептерди жазылган китептерди коруп кыргыздар Ислам мамлекетинде жашап келгенин тастыктап турат. Кыргыздар коптогон кылымдар бою мусулман болуп келишкен. Ойлонолучу эмне учун совет бийлиги 1924 жылы келегенден кийин кирилицага оттук?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.12.2011 05:34
OSMONAKUN DEGEN ZHON ELE ZHYRSÖ ZHAKSHY BOLMOK,
UJYAT DEGEND ZHOK EKEN BUL ADAMDA

кимден: Америкалык Кыргыз каяктан: UNITED STATES OF AMERICA
29.12.2011 19:36
Тактап кетиш керек! Кыргыз тилинде кирилица алфабитинде биринчи китеп деп аташ керек! Андан мурдакы уйгур (араб) алфабитинде биринчи кыргыз китептери жана эң байыркы орхон энисей руналык жазулар.Кыргыздардын маданияты илгертен бери бар жана жакшы өнүкөн! Тилеке каршы орустар бизди басынтып келишкен бул талашсыз.Мактанган орустардын маданияты илгери болгон эмес алар токойдо козугарын менен жер жемиш терип чөптөн токулган кийим кийип жапай болушкан 120 жыл болду крепосничнство кулчулуктан айрылганы.Алардын маданияты акыркы 200 жылдын ичинде орус эмес Пушкин жана Толстой ж.б өнүктүргөн, салыштырмалуу кыргыздын эбегейсиз бай маданиятына минимум 2000 жыл !!!!!!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.12.2011 11:44
кечээ эле о. ибраимов киши эмес екен жаман екен деп журушту еле эми кайра минтип эле окумуштуу профессор болуп чыга келет тура..........
Пикирге жооп

кимден: birö
29.12.2011 19:58
Oshonu ait. Aksydagy eldi atkanga O.Ibraimov buyruk beriptir dep bir A.Beknasarov aityp 4ykpady bele.!? Emi kaita jan kire bashtagan go bularga. Elge körynböi ele tyn4 KGde jashap kyrö berbeibi, okumushtuu bolo kalbai bir zamatta.


кимден: Чоробек каяктан: Бишкек
29.12.2011 10:59
Кыргыз китебинин 100 жылдыгы тууралуу сөз болуп жаткандыктан, калыстык үчүн Молдо Кылычтын “Кысса-и-Зилзаласынан” кийинки кыргыз китептери Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыков) 1913-1914 жж. Уфадан чыккан “Кыргыз тарих-и Кыргызия” жана “Тарих-и Кыргыз Шадманийа” болгондугун айта кетели.

Кызыгы, бул эки алгачкы кыргыз китеп чыгаруучуларынын туугандык да жайы бар.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине