Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Театрдын тегерегиндеги тиреш


Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры (cүрөт интернеттен алынды)
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры (cүрөт интернеттен алынды)

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры менен Маданият министрлигинин жетекчилиги араздашууда. Театр жетекчиси министрди жең ичинен 20 миң доллар пара сурады десе, министр, тескерисинче, ага кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүн пайдаланып, коркутуп жатат деген доомат койууда.

Чыңгыз Айтматов атындагы театр жетекчиси Борис Воробьев маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов менен анын орун басары Кудайберген Базарбаевди “кызмат абалынан пайдаланып, акча сурап жатат” деп айыптап чыкты.

Борис Воробьевдун билдиришинче, Маданият жана туризм министрлигинин жетекчилиги бул ишке “Россалют” коомдук бирикмесинин жетекчиси Александр Красныйды ортомчу кылууда.

- Александр Красныйдын кеңсеси биздин театрда болчу. Азыркы борбордук аянтта атылып жаткан салюттардын баары ушул адам аркылуу келет. Александр Красный иш кагаздарында салюттарды Орусияныкы кылып, 3 эсе кымбат бааны көргөзүп жазат. Чынында бул эле Кытайдын салюттары. Ошентип ортодон өөнөгөн акчасын министрлик менен бөлүшөт. Жаңжалга чейин Александр Красный мага министрдин акчага байланыштуу салам дубайын айтып келген. Эч нерсе бербей жолго салгам. Бир күндөн кийин пресс-жыйын берип, мени каралап чыгышты.

Борис Воробьев
Борис Воробьев
Ал эми маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев маалымат каражаттарына берген маегинде Борис Воробьев театрдын айланасын көңүл ачуучу жайлар менен курчап, архитектуралык көрүнүштү бузууда деген.

Борис Воробьев болсо бул айыптоону четке кагууда:

- Театр азыр авариялык абалда. Дубалдан жаракалар кетип, үстүнөн тамчы тамып жатат. Биз аны консервациялап, жөнөкөй тил менен айтканда жамап-жаскоо аракетиндебиз. Бул үчүн мамлекеттен акча бөлүнбөйт. Ошол себептүү, төрт жыл мурда министрликке театрдын сыртын коргоочу имараттар менен тосуу сунушун киргизип, уруксат алганбыз. Азыр эми ижарадан түшкөн акчаны ремонтко жумшап атабыз. Андан тышкары ал акча ай сайын жаңы спектаклдерди койгонго, актерлорго кошумча айлык бергенге да керектелет. Башка театрларда актерлор 5 миң сом айлык алышса, биздикилер 10-12 миң сомго чейин алышат.

Борис Воробьев муну менен катар “Александр Красныйды да, министрди да коркуткан эмесмин” деди:

- Кудайберген Базарбаев ар кандай комиссияны түзүп, менден акча өндүргөнгө аракет кылды. Мен буларга “20 жыл бизнес кылып жүрүп Азис Батукаевге да, Рыспек Акматбаевге да салык төлөгөн эмесмин, силерге да бербейм” деп айткам. Ал сөзүмдү тескери буруп, кримчөйрөдөгү досторуна таянып, коркутту деп жатышат.

Борис Ворбьевдун бул айткандары боюнча маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовго кайрылганыбызда, ал Борис Воробьевдон эч кандай пара талап кылбаганын билдирди:

- Бул - абсурд. Эч кандай акча сураган эмеспиз, сурабайбыз дагы. Биз бул боюнча УКМКга, прокуратурга кайрылдык. Күнөөбүз болсо сотто далилдеп берсин. Эгер чындап эле ошондой болсо, бул бизди карматмак. Александр Красный бүгүн эле мага кат жазып келди. “Аялымды офистен кууп чыкты, өмүрүмдү сактап калгыла” деп. Борис Воробьев өзүнүн мыйзам бузуулары билинип калат деп чочулап атат. Театр өзү тарыхый имараттардын катарына кирет. Анын айланасына 8 кафе курган экен. Бул - архитектуранын талабын бузгандыкка жатат.

Ибрагим Жунусовдун айтымында, Борис Воробьев тоң моюндук кылып, атайын барган комиссияны театрга киргизбей койгон:

- Бул киши менен сүйлөшүү мүмкүн эмес. Эсеп палатасынан текшерүү барса, киргизбей коюптур. Мен телефон чалып, “эмне киргизбей жатасың?” десем, “менден 5000 доллар сурап атышат” дейт. Ушинтип сүйлөй берет экен.

Жогорудагы эки тарап тең айтып жаткан Александр Красныйга телефон аркылуу байланышка чыкканыбызда, ал Борис Воробьевдун айтканы чындыкка дал келбесин жана өзүнө карата коркутуу чындап эле болгонун бышыктады:

- Борис Воробьев мен тууралуу айткандарын угуп, абдаарып калдым. Ортобузда акча тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Ооба, мен министр менен жакшы мамиледемин. 16 жылдан бери республика боюнча өткөн маданий иш-чараларды салют менен камсыздап келем. Ишим ак, эгер кынтык болсо, ушул убакка чейин минтип жүрбөйт элем да. Борис Воробьев эми сөзүнө жооп бере албаган адам, акыркы кезде өзүнөн-өзү эле “тыңчысың” деп шек санай баштаган. Кечээ жакында эле криминалдык чөйрөдө жүргөн достору жөнүндө айтып, театрдагы кеңсемен кууп чыкты. Оозго алгыс сөздөр менен ашатты. Эми аны сотко бергени жатам.

Чак түштөгү чагылгандай бул чырдын арты эмне менен бүтөрү али белгисиз. Жогорку Кеңештин Билим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, чатакка эми сот гана чекит коюшу керек:

- Кийинки учурда аткаруу бийлиги менен өзүнө караган бөлүмдөр ортосунда кызыктай эле мамиле болуп атат. Муну эми маалымат каражаттарына чыгаруудан мурда өздөрүнчө эле чечишип алса болмок да. Мындай чуунун эмне кереги бар эле? Ортодогу жамаатка эле кыйын болуп жатпайбы. Эми ушунча кетишкен соң, маселени чечүүнүн бир гана жолу бар: сотко кайрылуу керек.

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры - шаардагы эл көп барган театр болуп эсептелет. Анын жетекчиси Борис Воробьев өз кезегинде ишкер катары таанылган. 2007-жылдан тарта театрды жетектеп келет.

Архивден: Өткөн жылы 18-декабрда театрда өрт чыккан.
Театрда өрт чыкты
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00
XS
SM
MD
LG