Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:43

Маданият

Түрк музыкасы Бишкекте

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда түрк музыкаларынын кечи өттү. Концерт филармониянын камералык оркестри менен биргеликте уюштурулган.

Текст көлөмү - +
Соңку кездери дүйнөлүк шедевр музыкаларды ойногон чет өлкөлүк чебер музыканттар кыргыз сахнасында өз өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Буга чейин шаарлыктар жана шаар коноктору Орусиядан келген музыканттардын концертине күбө болсо, бул жолу классикалык музыка сүйүүчүлөр түрк элинен келген музыка чеберлеринин өнөрлөрүн көрүү үчүн чогулду.

Биз бул жерден түрк музыкалары кыргыз музыкаларынын окшоштугу туурасында сөз кылгыбыз келди. Адатта, турк туугандар кыргыз менен түрктөрдүн орток тили музыка дешет. Бирок ар бир улуттун музыкасы ошол улуттагылардын кулк мүнөзүн ачуучу бирден-бир сыр.

Түрк музыкалары туурасындагы ойлору менен түрколог Кадыраалы Коңкобаев мындай бөлүшөт:

- Түрктөрдүн музыкаларын угуп олтуруп, учу-кыйырсыз узун жолду анан ошол жолдо башын жерге салып терең ойго чөмүлгөн адамды элестетем. Бирок түрк музыкаларынын өзүндө зор тарых, ишеним, ынанымдуулук жатат.

Алардын бири "Манас" радиосунун мүдүрү Буленд Намал: «Менин Кыргызстанда жашаганыма алты жыл болду. Бул аралыкта мен эки улуттун маданиятындагы айырмачылыкты эмес, жакындыкты көбүрөөк байкайм. Өзгөчө музыканын окшоштугун айтсам болот. Биз түпкүлүгүндө тууган элбиз да»,- деп билдирет.

Жогоруда маектештер белгилегендей түрк-кыргыз музыкаларынын жакындыгы “Түрк музыкаларынын кечинде” композитору Муса Гочмен дирижёрлук кылган бир катар классикалык музыкалардан жана солисттер Жумхур Кожа, Эртугул Севиндик ырдаган ырлардан да дааналанып турду. Бөтөнчө Жумхур Кожа аткарган Калый Молдобасановдун “Ысык-Көл” ырынан эки элдин тилдик жакындыгын көрсө болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)