Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Сагынычын ыр-бийден чыгарган кавказдыктар


Кавказ ыр-бийлери концертинен, Бишкек, 13-январь, 2013
Кавказ ыр-бийлери концертинен, Бишкек, 13-январь, 2013

Бишкекте “Кавказ ырдайт жана бийлейт!” аттуу концерт өттү. “Кыргызстандагы орустар" бирикмеси уюштурган бул концертте Кыргызстандагы кавказдыктардын “Казбек”, “Къууанч”, “Асыха”, “Кавказ бүркүттөрү”, “Эрзи”, “Учкулан” жана башка музыкалык топтору өнөрүн тартуулашты.

Мекенге болгон сүйүү. Өмүрдү коштоп, өчпөгөн сезим. Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өткөн “Кавказ ырдайт жана бийлейт!” аттуу концертте дагестандыктар ата-бабасы байырлаган жерге сый-урматын, сагынычын ыр-бий аркылуу берип жатты.

“Къууанч” тобунун жетекчиси Назбий Бапинаев Кыргызстанга 90-жылдары келген. Бий тобун балкар маданиятын жайылтуу максатында 2001-жылы негиздеген экен. Андан бери топ лезгинка бийи боюнча өткөн эл аралык сынакта эки жолу жеңүүчү болгон:

- Кыргызстанда учурда 1 жарым миңдей балкар жашайт. Бир ууч балкар эли үчүн бул чоң сан. Бул жерде ар кыл маданияттагы улаттар бар. Биз көпчүлүккө сиңип кетпей, өз жүзүбүздү, өз маданиятыбызды сактап, бийик деңгээлде жеткирип келебиз. Биздин топтун биринчи репитициясы 2001-жылы 16-апрелде болгон. Андан бери топто миңге чукул киши бийледи. Азыркы курамыбызда жалаң эле казваздыктар эмес, кыргыз, өзбек, уйгур, орустар да бар. Бүгүн балкарлардын “Къууанч” бий тобу көп улуттан турган топко айланды.

Кавказ тууралуу сөз кылганда андагы Казбек тоосу сөзсүз айтылат. Кыргызстанда дал ушул тоонун атын алып жүргөн музыкалык ансамбль бар. “Казбек” тобунун түзүлгөнүнө 25 жылга аяк басты. Жетекчиси Казбек Аслановдун айтымында, бул топ дагы көп улуттуу:

- Биздин топто кавказдыктар да, кавказдык эместер да бар. Ынтымактуу иштеп жатабыз. Жалаң эле кавказ ырларын эмес, кыргыз, өзбек, уйгур ырларын да ырдайбыз. Кээде англисче да обон созобуз. Биздин топто жалаң электен өткөндөр гана иштейт. Дос-тууган, тааныш деген түшүнүк жок. Эгер талапка жооп бербесе, “барагой” деп узатып койобуз. Бизди негизинен той-тамашага көп чакырышат. Орусия, Казакстан, Өзбекстанга чейин барган учурлар болгон. Мен өзүм улутум боюнча лакмын. Бул жакта туулгам. Лактар Дагестанда көбүнчө зергерлик менен иштешет. Мыкты ширетүүчүлөр. Бир сөз менен айтканда жаратмандар.

Топтун мүчөсү Иномжан Хушуровдун улуту уйгур. "Казбекте" 20 жылдан бери иштеп келе жатат.

- Музыкалык билимим бар. Ташкент шаарындагы консерваторияда эки жылдай окугам. Казбек досум менен жыйырма жылдан бери чогуу иштейбиз. Азыр кавказ бийлери мода болуп жатпайбы. Уйгурлар да аны жакшы көрүшөт.

Иномжан Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгын сыйлайт экен. Сөз арасында “Издейм сени” ырын аткарып берди.

Даргин улутундагы Магомед Саид Кыргызстанда төрөлгөн. Ал кавказ бийлери чоочун кишиге окшош көрүнгөнү менен айырмачылыктары барын айтты:

- Сыртынан карганда лезгинка окшош көрүнө берет. Бирок Дагестанда 30дан ашык эл жашайт эмеспи. Ар биринин бийи өзгөчөлөнүп турат. Аны кавказдыктар гана айырмалай алат.

Магомеддин жубайы кыргыз кызы экен. Күйөө бала кыргызга, келин даргинге сый көрсөтүп, ынтымактуу жашап атабыз дейт:

- Жубайымдын аты Жамалкан. 20 жыл мурда таанышканбыз. Биринчи жубайым даргин кызы эле, отубуз күйүшпөй ажырашып кеттик. Азыр Жамалкан экөөбүздүн ортобузда 13 жашар кызыбыз бар. Ал даргинге аралашып, мен кыргызга аралашып жашап атабыз.

Кавказ элин азоо, эркиндикти сүйгөн, өжөр деп сыпатташат эмеспи. Ошол эле маалда алардын ыр жандуу экени көрүнүп турду. Шаңдуу музыкага эргип, сахнага жүгүрүп чыгып бийлеген улан-кыздар да болду. Тарых булактарына кайрылсак, Кыргызстанга кавказ улутундагы элдер өткөн кылымдын 30-40-жылдары сталиндик репрессия учурунда күчтөп көчүрүлүп келген. Алар негизинен Чүй өрөөнүндө отурукташкан.

Тасмада: Концерттен бир үзүм

Бишкектеги кавказ бийи
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00
XS
SM
MD
LG