Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Мыскалдын мукам добушу, керемет эле созушу


Мыскал Өмүрканованын Улуттук филармонияда илинип турган сүрөтү.
Мыскал Өмүрканованын Улуттук филармонияда илинип турган сүрөтү.

“Ай баратат” рубрикабыз мукам үндүү ырчы, Кыргыз эл артисти Мыскал Өмүрканованын чыгармачылыгына арналды.

Комуз менен ырдап жаңылык киргизген Мыскал

Өткөн доордун 40-60-жылдары кыргыздын кыйырына таанымал ырчы Мыскал Өмүркановага убагында музыка адистери Орто Азия менен Казакстанда кезикпеген өзгөчө үндүү, табийгат тартуулаган кооз добуштуу ырчы катары баа беришкен. Анын атайын музыкалык билими болбосо да татаал аваздык боёкторду таап ырдаганда өзүнө гана тиешелүү мукамдуу ыргактар коштоп турчу.

Элдик ырларды ырдаганда ырчылардын арасында ачыла элек бөтөнчө аваз менен созуп, аялдардын арасынан биринчилерден болуп комуз менен доошу айкалышып, кыргыз музыка өнөрүнө жаңылык киргизген.

Ал 1958-жылы Москва шаарында Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана көркөм өнөрүнүн он күндүк декадасында Бектемир Эгинчиевдин “Алымкан” деген ырын бир мүнөттөн ашык созгондо ошол кездеги мамлекет жетекчилери тан берип, ордунан тура калып кол чабышкан деп айтып калышат.



Айылдык ийримден чоң сахнага

Мыскал Өмүрканова 16 жашында өзүнүн айылдашы Сагынаалы деген жигитке турмушка чыгат. Сагынаалы комузда кол ойнотуп, күүлөрдү катыра черткени менен ырдаганга шыгы жок болот.

Отузунчу жылдары ачылган мектепте ыр-бий ийрими ачылып, Сагыналы келинчеги Мыскалды да ал ийримдеги хорго катыштырат. Мына ошондо Мыскалдын бугуп жаткан таланты ачылып, ырчы келин атыгат. Кыркынчы жылдары филармонияга хорго алынып, кийин өз алдынча комуз менен ырдап чыгат.

Мыскал Өмүрканованы көрүп калгандар анын үнү, аткаруучулук чеберчилиги, кайталангыс репертуары, өзүнчө эле керемет дүйнө болчу деп калышат.

Ал улуттук аваздардын негизинде бир нече элдик обондорду өзү чыгарып, комузга үн кошуп ырдап чыгат. Бирок көпчүлүк ырлары нотага түшүрүлбөй бары-жогу деле билинбей калган.



Залкар төкмө Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райгүл Деркембаева жаш кезинде Мыскал Өмүрканова менен катташып, чай ичишип калганын, анын кайталангыс талантына күбө болгонун эскерди.

Райгүл Деркембаева
- Мыскал эженин ырдоо манерасы, тембри да абдан мыкты эле. Андай тембр азыр жок. Мыскал эжедей болуш кыйын. Жада калса үнүнө окшошкону дагы жок. Азыркы жаш ырчылар узагыраак кылып созуп койсо эле, “мен Мыскалга окшоп ырдап калдым”, дешет. Кеп узак созушта эмес, үнүндөгү тембрде. Мыскал эже кандай ырды ырдаса дагы добушу коңгуроодой болуп, өзгөчө бир музыкалык ыргактар, кайрыктар кошулуп турчу. Бу кишиге үндү Кудай таала берсе керек.

Эл сыйлаган ырчы өтө ак көңүл, жоомарт, ичинде кылдай каралыгы жок, бала кыял, ишенчек болуптур.

- Эми ойлосом Мыскал эже аябагандай ак көңүл, ичинде кыпындай да кири жок адам экен, жарыктык. Мындай кишини айкөл деп койсо жарашат го. Анткени оюна эч нерсени албай, “мени жаман көрүп атабы, жакшы көрүп атабы же жамандык кылып атабы, колтугунда котур ташы барбы”, деп түк элес албаган, ойлобогон сонун киши эле.


Эл оозунда элек жок

Мыскал Өмүрканова тууралуу эл арасында ар кандай имиш кептер көп. Учурунда аны "ичкиликке абдан берилип кеткен, көчөдө калган", деген сөздөр калк арасына жөө тумандай тараган.

Мыскал Өмүрканова, сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Ал эми Райгүл Деркембаева болсо Мыскал эжени өмүрүнүн акырына чейин көрүп, сыртынан көз салып жүргөнүн, анын “аракка берилип кеткен” деген аңыз кептин эч бир чындыкка коошпой турганын белгиледи.

- Мен чындыгында Мыскал эжени темир жол вокзалында же пиво саткан жерлерде жүргөнүн көргөн жокмун. “Эл оозунда элек жок”, деп бекер айтышпаса керек. “Аял калп айтпайт, каңырыш угат” дегендей белгилүү кишилердин артынан апыртылып айтылган кеп ээрчийт. Балким Мыскал эже кээ бир жерде арак ичсе ичип койгондур. Анда элге абдан таанымал эле. Мыскал, Мыскал болуп турганда кафелерден көрүп калгандар аны сөзсүз эжекелеп, колунда болгону менен сыйлашчу.

Анан эл оозуна алынган артисттердин артынан укмуштуудай сөздөр ээрчип, калпты-чынды койгулап, бирге экини кошуп айта беришет эмеспи. Кыргыз эл артисти Анвар Куттубаева эже бизге кошуна болчу. Мыскал эже экөө абдан ынак курбу эле. Экөө жакшынакай кийинип алышып, колтукташып басканда терезеден карап туруп, "кандай гана кудай берген улуу таланттар" деп сыймыктанып карап турчумун. Бир дагы жолу Мыскал эжени жүдөп жүргөнүн, жыгылып калганча ичкенин көргөн жокмун. Кудай алдында чындыкты айтып коёюн, ал киши аракка баш-оту менен берилип кеткен эмес.

Көрүнүктүү ырчы Мыскал Өмүрканова Жумгал районунун Дыйкан айылына караштуу Башкуугандыда 1915-жылы жарык дүйнөгө келген. Өткөн дордун кыркынчы жылдары Бишкекте филармонияга кызматка алынып, кыргыздын залкарлары менен Кыргызстандын аймагын түрө кыдырып, өнөрүн элге тартуулаган.

Ал 1976-жылы кышында 61 жашында каза болуп, сөөгү Чоң-Арык айылынын батыш жагындагы ар улуттун өкүлдөрүнүн сөөгү коюлган жалпы көрүстөнгө коюлуп, эстелик дагы тургузулбай калган.
XS
SM
MD
LG