Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Кыргызстан Орусиядан курал алууну көздөөдө


Кыргызстандык аскерий эксперттер өлкө армиясы заманбап тик учактарга муктаждыгын айтууда.
Кыргызстандык аскерий эксперттер өлкө армиясы заманбап тик учактарга муктаждыгын айтууда.

Бишкек ЖККУ алкагында коопсуздугун кепилдөө эле эмес, Куралдуу күчтөрүн курал-жарак менен жабдууга да умтулууда.

Кыргызстан быйылкы жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылууда. Ошого жараша Бишкекте уюмдун жыйындары өтүүдө.

Курал-жарактын баасы айтыла баштады

Кыргызстан армиясын жаңы куралдар менен жабдуу максатын койгон. Аны Орусиянын жардамы менен ишке ашыруу пландаштырылган. Ошондуктан бул маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр 2006-жылдан бери жүргүзүлүп келатканы маалым.

Бул сүйлөшүүлөр өткөн жылы активдешип, Орусия бере турган куралдын суммасы да айтыла баштады. Маалымат каражаттарында айтылганга караганда, сөз 1 млрд. 100 млн. доллар өлчөмүндөгү курал-жарак жөнүндө болуп жатат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында, бул маселенин үстүнөн эки өлкөнүн эксперттери иштеп жатат. Ошондуктан азырынча бир нерсени ачык айтуу эрте:

- Негизи эксперттердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болуп жатат. Эксперттер тиешелүү документтердин баарын даярдап жатышат. Мына ошол документтер даяр болгондон кийин гана маалымат бере алабыз. Биздин Коргоо министрлик да иштеп жатат.

Сапар Исаков сүйлөшүүлөр качан бүтөрү боюнча да так маалымат бере албасын кошумчалады.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринин бейформал саммитине токтолгон Сапар Исаков анда негизинен Ооганстандан 2014-жылы АКШнын аскерлери чыгарылгандан кийин кандай абал түзүлөрү, анын Борбор Азия мамлекеттерине таасири талкууланарын белгиледи.

Кыргызстан кандай куралга муктаж?

Генерал Абдыгул Чотбаевдин пикиринде, Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин 28-майдагы жолугушуусунда, кыргыз-орус мамилесиндеги кеңири маселелер менен катар Кыргызстан Куралдуу күчтөрүн жаңы курал-жарак менен жабдуу маселеси да көтөрүлөт. Кыргызстан аскерлеринин куралдары СССРдин мезгилиндеги куралдар. Алар аябай эскирген. Ошондуктан жаңы курал болсо, абдан жакшы болот деген Чотбаев кандай куралдар керектиги тууралуу буларга токтолду:

- Эми бизге менин оюмча, ок атуучу куралдар керек. Танк, БТР дегендер биздин тоолуу шартта 1999-2000-жылы Баткен окуялары көрсөткөндөй натыйжалуу болбоду. Ошолордон жыйынтык чыгарганда бизге ок атуучу куралдар керек. Ал эми аскер бөлүктөрү десанттык-чабуулдук, атайын багытта (спецназ) болуш керек. Бул үчүн тик учактар керек. Ошондуктан заманбап тик учактар берилсе, жакшы болот.

Генерал Артур Медетбековдун айтымында, Орусия өз армиясын заманбап, жаңы куралдар менен жабдып алгандан кийин Кыргызстанга кеңири масштабда курал бериши мүмкүн. Ага чейин аз-аздан берилет. Маселен, ЖККУнун оперативдик чара көрүү боюнча жамааттык күчтөрүн Орусия заманбап куралдар менен камсыздайт. 20 миңдей аскерден турган бул топко кошулган кыргызстандык эки аскердик бөлүккө да ошол куралдар берилет.

Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев Кыргызстанга кандай куралдар керектиги тууралуу катты Москвага жөнөткөнүн буга чейин билдирген. Катта Кыргызстан артиллерия, бронетехника, зениттик комплекстерди, автоунаа, тик учак жана башка жабдууларды сураган.

Орусия азыркы мезгилде өз армиясын жаңы куралдар менен камсыздоо программасын ишке ашырып жатат. Бул үчүн орус өкмөтү 20 трлн. рублдин тегерегинде каражат бөлгөн.

Кыргызстандык эксперттер мына ушул программанын таасири менен орус тарап курал бериши мүмкүн экенин айтып келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG