Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:42

Саясат

Конокбаев: Ташиевге кылмыш иш козголгону чын

Кыргызстан Башкы прокуратурасы парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге кылмыш иш козгогонун билдирди.

Текст көлөмү - +
Буга анын фракциялашы Бахадыр Сулеймановдун арызы негиз болгон. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаев "Азаттыкка" курган маегинде бул маалыматты тастыктады.

Конокбаев: 2011-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурордун милдетин аткаруучу тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иши козголду.

Бул кылмыш иши өзүнүн кесиптеши Бахадыр Сулаймановду уруп койгон факты боюнча козголуп жатат. Демек кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесине ылайык, башкача айтканда, хулиганчылык беренеси боюнча козголду.

Мындан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн бул иш Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына тапшырылып, эми мындан аркы тергөөлөрдү ИИМдин тергөө боюнча башкы башкармалыгы жүргүзөт.

“Азаттык”: Эгер Камчыбек Ташиевдин айыбы далилденип кала турган болсо кандай иш-чаралар көрүлөт?

Конокбаев: Мындай божомолдорду айтуу менин жоопкерчилигиме жатпайт. Муну тергөө иштерин жүргүзүп жаткан органдын өкүлдөрү жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы боюнча өздөрү айта алат.

“Азаттык”: Тергөө жараяны канча мөөнөткө созулушу мүмкүн?

Конокбаев: Эми алардын өздөрүнүн процессуалдык мөөнөттөрү бар жана ошонун негизинде жүргүзүлөт. Бул дагы Ички иштер министрлигинин жоопкерчилигинде.

"Азаттыктан": "Ата Журт" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановду фракция лидери Камчыбек Ташиев токмоктоп салыптыр деген кабар боюнча Ташиев өзү 11-апрелде бир катар жергиликтүү агенттиктерге комментарий берген.

"Биз бири-бирибизге кыйкырып, жаалдана сүйлөшкөнбүз. Бирок мен аны сабаган жокмун. Бул боюнча күбөлөр бар. Эгер туура эмес болсо, мен жооп бергенге даярмын", - деген Ташиевдин сөздөрүн сайттар мисалга тартууда.

Бахадыр Сулейманов азыр Кардиология боюнча улуттук борбордо дарыланып жатканы кабарланууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: kulpunai каяктан: osh
29.04.2011 16:34
жакшы кылат антпесек онукпой калдын бири бирибизге падход кылып эле журо беришет

кимден: Кошуна
15.04.2011 14:45
Кыргыз!Сен баардык жалалабаттык жигиттерге жооп бербей эле кой,Ташикенин такшала электиги кашкайып эле корунуп турат го,томондогу бироо жазгандай САЯСИЙ ОСПУРУМ осо элек,саясий маданияттуулук ж.б.жагы ото томон денгээлде,ОШ окуясы на он же терс таасирин тийгизгени али табышмак.Сенин жердешине тартканынды тушуном,бирок трайбализмден арылуубуз керек,адамдын кылган ишине жараша баа беришибиз керек!

кимден: КЫРГЫЗ каяктан: КЫРГЫЗСТАН
14.04.2011 14:36
ак-47 деген "бир деме" сен "жалалабадтык жигитмин"жазганын- кара кездемени ак жип менен тикендей болуп корунуп калыптыр. Себеби экоонун окшош бир адамдай болуп бирдей ой жугуртуп ,бирдей создорду жазышынар. 2)Эч качан Жалал-Абадтык жигит Ташиев Камчыбек жонундо ЖАМАН ОЙДО ЭМЕС !!!!!! МУНУ БОРКУНДОЙ КОР!!! 3) Парламентте КЫРГЫЗ УЧУН КУЙУП ЖАНГАН САНАЛУУ ЭЛЕ ДЕПУТАТТАРДЫ КОРУП АТАБЫЗ АЛАРДЫН БИРИ КАЛАСАН ДА КАЛАБАСАН ДА К.ТАШИЕВ ЖЕ ТУУРАБЫ??? АКТЫ АК КАРАНЫ КАРА ДЕП АЙТКАНДЫ КАЧААН УЙРОНОБУЗ.................4) К.ТАШИЕВДИ КАНЧАЛЫК ЖАМАН ДЕП ЖАЗГАН САЙЫН АНЫН АБРОЙУ КОТОРУЛУДОО... (СЕБЕБИ ОРДЕНДИН ЭКИ ЖАГЫ БАР)
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.04.2011 05:16
Айдан тушкон пикирчи,Ташиевдин аброю которулду дейсинби?
Абройлуу саясатчыбыз Ташиев болсо, кыргыз элим аман бол.
Жактап ,мактасанар тамырлашымын,кошунасымын деп эле ачык айткылачы,кыргызды шерменде кылбай.
Ал ким? Муштуму менен бут бармагы чон,популист. Кабакты буркоп алып элге сурдуу,акылдуу коруноюн деген саясаттагы жеткинчек,тамтан-тумтан баскан акылы жетиле элек жаш баладай. Микрофонду тееп,алдындагынын баарын кыйрата турган тайфун.Саясат сабырдуулукту,акылдуулукту талап кылат.

кимден: Аманбаатыр каяктан: Талас
14.04.2011 11:30
Ташиевге окшогон патриот депутаттар Кыргызстанды артка тарткандарды соз менен тушунбосо муш менен тушундургондору туура корунуш. Илгери ата-бабаларыбыз сотсуз эле муштумдун жардамы менен элибизди тартипке салып койгон.

кимден: Бекмурат каяктан: баткен
13.04.2011 13:56
еми антип бирибирин сот иштерине бербестен иштесе болмокюбугун элдин умуту парламенттен,окмоттон узулуп калгандай корунот.Айланайын озунорго келгилечи

кимден: Бай кыргыз каяктан: москва
13.04.2011 01:09
Молодец!!! Тушунбогондорду муш менен тушундуруш керек. Бей своих чтоб, чужие боялись. Эмки очередте ким? Бирок сиздерди колдогон элди ойлогонду, элге кызмат кылууну унутпагыла ОО... депутат акалар!!!

кимден: Austria
13.04.2011 00:18
Tashiev Kudaidy karasan bolot, ötö ele naglyi adam, tim ele intriga, janjaldy jakshy korot. Ötköndö shailoonun astynda, diskusiya bolgondo kyishyk suroo berilse jep jutup,sabap salchudai, kabagyn karyshtyryp tim ele ujas. Emi kaisyl beti menen aktanyp atat, sabagan jokmun dep. Aryz jazylyp atsa,jön jerinen bolnizada jatkan jokda. Any emi jymjyrt ele bolup kalyshatda, kylmysh ishin kozgogondun baaryn korkutat bolush kerek, baarynardy kyram dep, tembolee mashynasynda kural jarak tabylyp atsa ..............................

кимден: Ак-47
12.04.2011 22:26
мурун Ташиев жөндө жазсам, менин сөзүмө анын адвокатына окшоп жооп жазышчу эле: ал патриот, ал мыкты деп. Билип койгула, урматтуу жердештер - биз баарыбыз бир элбиз. Биз ынтымактуу болсок, бутубузга тураарбыз. Бирок трайбалист Ташиевтин сөздөрүнө алданып калганынарды мойнунарга алышынар керек. Ал ким? - тилин чайнап суйлөгөн боксер бала, коркутуп сүйлөгөндөн башка бир да тынгылуктуу иш аткарган жок. Колунан келбесе, авторитети жок болсо, пацанды ким уксун. Андан көрө кыргыз элим, мадырабаш балакайга ишенбегиле. Түбүбүзгө жетип жүрбөсүн. Рахмат. Ойлойм, демократия бар болсо, менин сөзүмдү азаттыктын жамааты чыгарып койот го деп.

кимден: Ак-47
12.04.2011 22:16
Тилин чайнап сүйлөгөн кыйындын соодасы бүтүп бараткан го... акыркы убакта Ташиев өзүн тим эле баатыр сезип кеткен. Ал ким эле? Биринчи сүйлөгөндү жакшы билип алсынчы. Деги депутат эмес, качан эле бир тын иш аткарганын жазып койгулачы. Биз да иии чын эле бир эрдиктүү жумуш кылган экен деп ойлойлук. А-то ар кимге таарынып сүйлөгөнүнөн башка сөзүн уга элекпиз...

кимден: Тынчтыкбек каяктан: Бишкек
12.04.2011 20:12
Биз канчалык 21-кылымдын балдарыбыз дебейлик бул өлкөнү башкарып жаткан депутаттарыбыз ушундай жоруктары менен баягы Кокон хандыгын талашкан Кудаяр хан,Шерали хан ж.б ошол мезгилдин бирин-бири кырмай доорундагылардай болуп калды.
Ал эми Атамбаев "атабыз" Орустарга байма-бай каттап өзүнүн "ордун" сактап калуунун айласында. Курманжан даткадай болгон "энебиз"(Р.Отунбаева) акыл уйрөткөн эле кейпи.
Булардын көрсөтөөр результаттарынан эл небак эле үмүттөрүн үзгөн.
Эми өзүбүздөн болбосо дагы бир Ленин туулар күн келер.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)