Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Ири өлчөмдө курал саткан топ кармалды


Мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен шугулданган бул топтун курамында милиция кызматкерлери да бар экени айтылууда.

УКМК Бишкектин тегегерегинде жүргүзүлгөн атайын операция маалында эки адам камакка алынганын бүгүн билдирди. Алардын бирөө милициянын чиндүү кызматкери, дагы бири болсо Ислам жихадынын бирлиги аттуу эл аралык террорчул уюм менен байланышы бар деп кабарланууда.

Кармалгандардын арасында милиция майору да бар

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен шугулданган топ тууралуу маалымат июнь айында эле түшкөн экен. УКМКнын төрага орун басары Көлбай Мусаевдин божомолу боюнча, бул топ андан сырткары маңзат бизнеси, арам акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо сыяктуу иштерге кириптер болушу ыктымал.

Кармалган топтон алынган курал-жарактар.
Мусаев 29-30-июль күндөрү атайын операция маалында ири өлчөмдөгү курал-жарак ок-дарысы менен алынганын, жалпысынан жети адам кармалып, алардын ичинен экөө камалганын ачыкка чыгарды:

- Бул кылмыш топтун бардык мүчөлөрү аныкталган. Алардын арасында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын майору кармалган. Анын аталган башкармалыктын имаратындагы иш бөлмөсүндө Калашников үлгүсүндөгү автомат жана үч цинк патрон табылды. Кармалгандар өздөрүнүн көрсөтмөсүндө буга чейин бир пулемет жана он автомат сатып жиберишкенин айтышкан.
Ички иштер министрлигинен чыккан адамдар ушундай ишти жасап атса анда бүткүл органдарды, аскердик, курал кармаган мекемелердин бардыгын текшерип чыгыш керек. Токтогул Какчекеев


Бул топтун мүчөсү деп шектелген Ички иштер министрлигинин дагы бир кызматкерине издөө жарыяланды. ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Рахматулла Ахмедов бул факт боюнча атайын кызмат менен чогуу иш алып барып жатышканын, тергөөгө байланыштуу азырынча кеңири комментарий берилбей турганын “Азаттыкка” билдирди:

- Азыр керектүү ыкчам иликтөө иштерин, тергөө амалдарын, издөө иштерин биргелешип уюштуруп, биргелешип иштеп жатабыз.

Мыйзамсыз курал саткан кылмыш топтун мүчөсү деп шектелген бир жеке ишкерди кармоо маалында куралчан каршылык көрсөтүп, үйдүн үстүнөн секирип түшкөн учурда алган жаракаттан ооруканада көз жумган. Ал ишкердин үйүнөн жана кеңсесинен ири өлчөмдөгү курал чыккан.

Опурталдуу жагдай

Серепчи Токтогул Какчакеев мыйзамсыз курал сатуу менен шугулданган топтун мүчөлөрү арасында тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин болушун опурталдуу көрүнүш деп атады. Азыркы коогалуу шартта курал сатып алууга кызыккандар көп болоорун белгиледи:

Кармалган топтон алынган курал-жарактар.
- Кызыкдар болгон адамдар булар – террористтер, сепаратисттер, радикалдык диний уюмдар, радикалдык партиялар, кыймылдар. Көп учурда мындайлар бийлик талашкан адамдар болуп эсептелет. Маалында Тажикстандагы кагылышуулар ушундай учурлардын негизинде болгон. Ички иштер министрлигинен чыккан адамдар жанагындай ишти жасап атса анда бүткүл органдарды, аскердик, курал кармаган мекемелердин бардыгын текшерип чыгыш керек.

Атайын кызмат бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, көп сандагы курал-жарактар кайдан алынганын, кимдерге сатылганын аныктап жатат.

Кыргызстанда былтыр апрель-июнь окуяларында бир топ курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен болчу. Аларды өз эрки менен өткөрүп берүү өтүнүчү күткөн натыйжа алып келбегенин чекисттер өздөрү моюнга алышкан.

Айрым серепчилер катылуу курал-жактар, аларды сатуу менен алектенген топтордун чыгышы айрыкча президенттик шайлоо маалында опурталдуу жагдайларды түзүшү ыктымал экенин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG