Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Кыр көрсөткөн кылмыш дүйнөсү


Айрым талдоочулар кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин тамыр жайганын айтууда.
Айрым талдоочулар кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин тамыр жайганын айтууда.

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү бийликтин бийик серелерине чейин жеткени соңку күндөрү көбүрөөк айтыла баштады.

ИИМ 25-январда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн чаралары боюнча маселени карайт. Жакында коргоо кеңешинде президент Роза Отунбаева бул боюнча кабатырланганын билдирген болчу.

Кысмакка алган кылмыш дүйнөсү
Уюмдашкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү Ак үйдө болобу, жетинчи кабатында болобу же башка бийлик серелеринде болобу тамырын жайып, терең калыптанып олтуруп алды.
Рашид Тагаев

- Мындан бир топ жыл мурун кылмыш дүйнөсүндө кичине тартип бар эле. Ошону катуу карманышчу. Бири барып акча талап кылып, салык салган жерге, экинчиси барчу эмес. Азыр эми ар кайсы тарабынан эле келишип, кылмыш топторунун лидерлеринин аттарын айтышып эле, акча талап кылып жатышат. Бербей койгондон коркосуң. Кээде тапкан кирешенин баарын ошолорго төлөгөнгө аргасыз болобуз.

Ушундай оюнортого салды өз атын ачык атабоону өтүнгөн Бишкектеги бир кафенин кожоюну. Ошол эле учурда жеке ишкер аларды кылмыш дүйнөсүнүн салык-жазыктарынан калкалайт деген укук коргоо органдарына болгон ишенимдин кескин төмөндүгүн белгиледи.

Турат Мадылбеков "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 12-марты.
Жогорку Кеңештин депутаты Турат Мадылбеков болсо, маселенин курчтугун кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн бийликтин күч түзүмдөрүнө аралашып кеткендигинен көрөт:

- Мен токсон төртүнчү жылы Рысбек Акматбаев өзүнүн адамдарын академияга киргизип жатат, алар биздин оперативдүү иштердин негиздерин билип алышып, тигил жакка маалымат ташышат деп айткан элем. Ошол балдар азыр жетекчилик кызматтарга жетип калышыптыр. Мына ушинтип, өзүбүздүн ичибиз таза эмес болуп жатса, уюшкан кылмыштуулук менен кантип күрөшөбүз. Биз кадр маселесин кайрадан карап чыгып, милицияны тазалашыбыз зарыл.

Анткен менен ички иштер министрлиги анын өздүк курамында уюмдашкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү кызмат кылат деген маалыматты четке какты. Басма сөз борборунун жетекчиси Рахматтулло Ахмедов аталган маселени жоопкерчиликсиз билдирүү катары баалады:

- Мынтип айтылган сөздөрдүн артында эч кандай негиз жок. Милицияга кирген адамдар катуу текшерүүдөн өтөт. Кылмыш дүйнөсүнүн адамдары милицияда иштеп жатыптыр дегидей эмне алар ошол айткан адамдар иштеп жатканда кирип кеткен бекен? Бул болбогон сөз.

Бийлик менен кылмыш дүйнөсүнүн кызматташтыгы

Мындан эки жыл илгери ошондогу парламенттин депутаты Рашид Тагаев уюмдашкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн чаралары боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал долбоор көпчүлүк депутаттардан колдоо тапкан. Бирок аягында президент Курманбек Бакиев мыйзамга вето койгон. Муну байкоочулар өз кезегинде уюшкан кылмыштуу топ менен бийликтин камыр-жумур болуп кеткендиги менен байланыштырышкан.

Милициянын генералы Рашид Тагаев уюшкан кылмыштуулуктун кызыкчылыгын коргогон күчтөр азыр деле бийликте бар экендигин айтып, бирок алардын аттарын ачыктай албастыгын түшүндүрдү:

- Уюмдашкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү Ак үйдө болобу, жетинчи кабатында болобу же башка бийлик серелеринде болобу тамырын жайып, терең калыптанып олтуруп алды. Алар саясатта болобу же бийликтин ички-тышкы иштеринде болобу жүрүп жаткан оюндардын баардыгында активдүү, демилгечи күчкө айланышты. Мына азыр деле бир топ, министрлер, депутаттар уюшкан кылмыштуу топтон келген адамдар. Азыр мына ошолор көмүскө кожоюндары аркылуу чоң саясатты жасап жатышат.

Койунда жаткан “кек” же коркунучтуу чек
Ушинтип жүрүп олтурса, уюшкан кылмыштуу топтор саясий жана диний экстремисттер менен биргеликте бийликти талап кылышы мүмкүн.
Роза Отунбаева

Ички иштер министрлигинин 2009-жылдын 24-январындагы баяндамасында Кыргызстанда бири-бирине баш ийбеген сегиз түрдүү уюмдашкан кылмыштуу топтун бар экендиги көрсөтүлгөн. Анын ичинен негизгилери катары кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган Камчы Көлбаевдин тобу, өткөн жайда камакка алынган “Водолаз” деген лакап ат менен белгилүү Максат Карасартовдун тобу, “Бокуш” деген лакап ат менен белгилүү Алмаз Бокушев жетектеген Кара-Балта тобу жана кылмыш дүйнөсүнүн абакта жаткан дагы бир төрөсү Азиз Батукаевдин чөйрөсү белгиленген. Ички иштер министрлиги быйылкы жылга карата уюшкан кылмыштуу топтордун тизмесин жарыялай элек.

Презиент Роза Отунбаева Коргоо кеңешинин жыйынында, 22-январь
Анткен менен мамлекет башчысы Роза Отунбаева 22-январда коргоо кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө кылмыш дүйнөсүнүн коркунучтуу чекке жеткендигин баса белгиледи:

- Акыркы мезгилдеги өлкөнүн өнүгүүсүнүн татаалдыгы – бул уюшкан кылмыштуулук коомго, мамлекетке жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатат. Келип түшүп жаткан маалыматтар биздин ички коопсуздукту коркунучтуу чекке жеткирип койгонубуздан кабар берүүдө. Мына ушинтип жүрүп олтурса, кийинки күн тартибинде уюшкан кылмыштуу топтор саясий жана диний экстремисттер менен биргеликте бийликти талап кылышы мүмкүн.

Ошол эле учурда көз карандысыз серепчилер кылмыш дүйнөсүнүн баш көтөрүшүнө өткөн жылкы апрель жана июнь окуялары жагымдуу шарт түзгөндүгүн белгилешти. Ички иштер министрлигинин күтүлүп жаткан жамааттык жыйналышында уюмдашкан кылмыштуулукту ооздуктоонун чаралары талкууга алынаары айтылууда.

XS
SM
MD
LG