Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Мамыркулов моралдык жоопкерчиликти сезбейби?


Алик Мамыркулов
Алик Мамыркулов

Жалпысынан 14 адамдын өлүмү менен аяктаган кандуу окуядан кийин Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алик Мамыркуловдун отставкага кетпей ордунда отурганын сындагандар арбын.

Кыргыз өкмөтүнүн Коопсуздук кеңеши Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысына катуу сөгүш жарыялады. Анын алдында түрмөлөрдөгү соңку чуулуу окуяларды иликтеген мекемелер аралык комиссия корутундусун чыгарган эле. Сөгүш менен гана кутулган, азыркы кызматын экинчи жолу кебелбей ээлеп отурган, убагында жарандыгы талаш жараткан Мамыркулов деген ким?

Чуу жараткан казак жарандыгы

Алик Мамыркулов журналисттерден өзүн оолак кармаган, маек куруп, маалымат бербеген түнт аткаминерлердин катарына кирет. Ошондуктан ал тууралуу маалымат жокко эсе. 60ка чыгып калган Мамыркулов Ош шаарында туулган. 1977-жылы Алматыдагы аскердик жогорку окуу жайды, андан кийин 1992-жылы Москвадагы Жогорку Аскер академиясын бүтүргөн жана 1997-жылга чейин Казакстанда аскердик жогорку кызматтарда иштеп жүргөн.

Мамыркулов Кыргызстанга биротоло 1997-жылы келген. Дароо эле Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командиринин орун басары болуп орношуп, ал жерде эки жылдай иштеген.

Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Ал Коргоо министрлигине 2001-жылы которулган жана министрдин орун басары, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси кызматына чейин көтөрүлгөн.

Мамыркулов 2003-2009-жылдары Коопсуздук кеңеште башкы инспектор болуп иштеген. Өкмөткө Апрель ыңкылабынан кийин, тактап айтканда, 2011-жылы келген. Эки жыл ичинде эле Коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн инспекторунан, бөлүм башчынын жетекчи орун басарылыгына чейин көтөрүлгөн.

Алик Мамыркулов алгач Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси болуп 2012-жылдын апрель айынан ноябрь айына чейин иштеген. Ошол жылдын башында түрмөлөрдө кырдаал оорлоп, жапырт нааразылык акциялар өткөн болчу. Бул кызматта турганда Жогорку Кеңеште анын жарандыгына байланыштуу маселе да көтөрүлгөн.

Айрым маалымат каражаттар Мамыркулов 2012-жылга чейин казак жараны болгонун жазып чыгышкан. Мамыркулов бул дооматты четке каккан. Мындай жагдайды Казакстанда жалпысынан 22 жыл иштегени, ал жакта биринчи аялы менен кызы калганы, өзүнүн кенебестигинен Казакстандан алган офицердик күбөлүгү менен жүрө бергени, 2000-жылы Кыргызстандын ID картасын алганы менен түшүндүргөн. Былтыр Башкы прокуратура анын жарандыгына байланыштуу маселени кайра териштирип, бирок токтотуп койгону айтылган.

Үмүтү таш капкандар

Мамыркулов Жаза аткаруу кызматынан кийин өкмөткө коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүм башчысы болуп келген. Мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев анын Жаза аткаруу кызматынын башчысы болуп экинчи ирет дайындалган жагдайын айтып берди:

- Өкмөт башчынын кароосуна эки-үч талапкер берилген. Ал бул кызматта мурда да иштеп кеткен. Экинчиден, өкмөттүн аппаратында бөлүм башчы болуп иштеген да. Жагдайды жакшы билет деген кишилердин бири болчу. Чечимди премьер-министр Темир Сариев кабыл алган. Аскер адамы, генерал-майор. Өзү абдан принципиалдуу киши. Мамыркулов ал кызматка бараар алдында өкмөттө комиссия түзүлүп, аябай чоң кемчиликтерди тапканбыз. Мына азыр айтылып жаткан маселелердин баарын ошол убакта эле аныктаганбыз. Анан бул кызматка кимди жиберебиз деп караштырып, ушул Мамыркуловду койгонбуз. Анан баргандан кийин эле ушундай кырдаалга туш келип калбадыбы.

Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

Абдрахман Маматалиев Мамыркуловдун ишиндеги кемчиликтерге токтолду, өкмөттүн бир топ талап-тапшырмасын аткарбай жатканын айтты:

- Биз түрмөлөр боюнча жол картасын түзүп туруп Мамыркуловдун колуна бергенбиз. Ага ылайык, бир топ жетекчилер иштен алынышы керек болчу. Мамыркулов ошол жол карта менен кетпей койду. Барып алып өзүнүн планы менен иштеп жатат. Ошого байланыштуу ушундай кемчиликтер көбөйдү. Ошону дагы бир жолу карап чыгуу керек. Азыркы биринчи орун басары, мурдагы биринчи орун басары боюнча ошол кезде эле бир топ сын айтылган болчу.

Ишенбек Мусаев Жаза аткаруу кызматындагы өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы. Ал дагы Мамыркуловду кадр саясаты боюнча сынга алды. Ушул тушта аталган кызматтын айрым өкүлдөрү нааразы болуп жүргөнүн, өкмөт тиешелүү чара көрөт деген үмүт таш капканын кеп салды:

- Азыркы убакта Жаза аткаруу кызматынын жетекчиге карата чара колдонулат деген үмүттө турган кызматкерлери, коркуп, Мамыркуловдун айтканын эки кылбай, мыйзамга туура келбеген тапшырмаларын аткарууга даяр болуп турат. Себеби, Мамыркуловго каралар жактан, эми минтип өкмөт жактан да колдоо болуп тургандыктан анын кол астындагы кызматкерлери каякка бармак эле? Чындык, акыйкат издеген кызматкерлер караңгы, эшиги жок, төрт тарабы дубал, эч бир жеринде жылчык жок жайда жүргөн абалда калышты.

Моралдык укугу барбы?

Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын Байкоочу кеңеши 50-абак жана ага байланышкан чуулуу окуялар боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдогон. Кеңештин төрайымы Чолпон Өмүрканова мамлекет түрмөлөрдөгү коопсуздукту жетиштүү деңгээлде камсыздай албай жатат деп айтты. Анын пикиринде, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алик Мамыркуловдун бул орунду ээлеп турганга моралдык укугу жок, ошондуктан чукул арада иштен алынышы керек:

- Бүгүнкү күндө 14 адам өлдү, алардын арасынан кимдир бирөөлөр өлтүрүлдү, дагы бирлери жок кылынды. Бул деген оперативдүү режимдеги иштин эле ойрон болушу эмес, бул деген Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү коопсуздуктун ойрон болгонунан кабар берет.

Жаза аткаруу кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Элбурс Токтомамбетов 50-абакка байланыштуу кандуу окуялардын жана Телтаевдин өлүмүнүн акыйкат тергелишине аталган кызмат кызыкдар экенин ишендирген эле:

Абактан качкандарды издөө операциясы, 16-октябрь
Абактан качкандарды издөө операциясы, 16-октябрь

- Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги, өздүк курам ушул иш акыйкат тергелип баары ачыкка чыкса экен деп күтүп отурабыз. Ооба, көп жагдайлар, кемчиликтер бар, жок деп айта албайбыз. Жетекчилик деле эки колун жайып отурган жок, ошол кемчиликтерди жоюу боюнча иштеп жаткан. Азыр өзүбүздө да ички иликтөө жүрүп жатат. Биз топтогон материалдын баарын тергөө органдарына беребиз.

Абактардагы соңку окуяларга байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Социал-демократтар фракциясынан депутат Жанар Акаевдин айтымында, өкмөт депутаттык комиссиянын түзүлүшүнө көңүлдөнбөй жатат:

- Биз комиссия түзөлү деп сунуш бергенбиз. Өкмөт болсо “биздин жыйынтыкты да угуп койгула” деп эптеп болбогон шылтоолор менен кечеңдетип жатат. Кадимки өлкөлөрдө бир эле адамдын өлүмүнө жол берилсе, жетекчилик жооп бериши керек. Мамыркуловдун отставкасы үчүн дагы канча адам өлүшү керек деген суроо туулат. Алар жоопкерчиликти такыр сезбей жатышат. Ушунча адам өлгөн окуянын алдын алса болот беле деген суроо бар. Кийинки жумада фракциялар комиссия түзүү тууралуу чечимдерин берсе эле түзөбүз деп айтылды. Депутаттык комиссия түзүлсө, көп кыңыр иштердин бети ачылса керек.

Өкмөт Алик Мамыркулов менен анын орун басары Орозбек Энериевге катуу сөгүш берилгенин расмий жарыялаган жок. Өкмөт башчы Темир Сариев эмнеге анын кызматтан алынбай жатышын да негиздеп бере элек. Түрмөлөрдөгү соңку абал боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын корутундусу жабык талкууланды.

Түрмөлөрдөгү соңку окуялар боюнча Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алик Мамыркулов эмдигиче ачык үн ката элек. “Азаттык” буга чейин интервью уюштуруу тууралуу кайрылган болчу. Бул макала жазылып жаткан учурда да Мамыркуловдун пикирин билүү мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG