Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

“Атластын” артындагы чатак


Адистердин баамында, айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруудан “Атлас крипт” жылына миллиондогон сом пайда көрөт.
Адистердин баамында, айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруудан “Атлас крипт” жылына миллиондогон сом пайда көрөт.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк басып чыгарган “Атлас крипт” компаниясына карата кылмыш иши жанданды.

Ички иштер органдары бул компанияда тинтүү жүргүзүп, анын жетекчиси Александр Каравайды суракка алып, кайра койо берди. Автоунаа каражаттарын жекелештирүү жана аларга берилчү документтерди басып чыгаруу менен алектенген бул компанияга кандай айып коюлганы жашыруун кармалууда. Адистер бул жеке менчик компания жарандардын маалымат базасына ээ болуу укугунан сырткары, миллиондогон сомдук киреше таап келгенин белгилешүүдө.

“Тилеги” белгисиз тинтүү иши

Өткөн жума күнү кечинде Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы айдоочулук күбөлүк даярдаган “Атлас крипт” компаниясын тинтүүгө алды.

Тергөөчүлөр мекемеден тиешелүү каржылык жана укуктук документтерди алып, ага карата мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде иликтөөнү кайрадан жандантты. Бирок буга чейин Башкы прокуратура ачкан ал кылмыш иши кайсы берененин негизинде козголгону белгисиз. Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев бул кылмыш иши тууралуу толугураак маалымат бере албастыгын билдирди:

- Учурунда бул кылмыш ишин прокуратура органдары козгогон экен. Анан ал жакында бул ишти жандантып туруп, Ички иштер минитстрлигинин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берди. Ага ылайык, өткөндө аталган мекемеде тиешелүү тинтүү жана тергөө иштери жүрдү. Анын маани-маңызы туурасында толук маалымат бере албайбыз. Тиешелүү адамдар бул иш боюнча сурак берүүдө.

2011-жылы тендерден уткан бул компания айдоочулук күбөлүктөн сырткары унаа транспортуна байланыштуу бланкаларды да басып чыгарат. Бул компания расмий түрдө Швецариянын жараны Артур Конрадка катталган. Мамлекеттик каттоо кызматынын 2012-жылы бул компаниядан интеллектуалдык укукту мамлекетке кайтарып алуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Келечегин “камсыздаган” келишим

Адистердин баамында, айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруудан аталган компания жылына миллиондогон сом пайда көрөт. Мына ушундай кирешелүү тармакты учурунда мамлекет өзүнүн колуна алууга аракет жасап, бирок бул боюнча мекемелер аралык комиссиянын ишинен жыйынтык чыккан эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги жетекчиси Эрлан Сапарбаев “Атлас крипт” бул тармактагы өзүнүн монополдук укугун кезинде эл аралык келишим менен бекемдеп алганына мындайча токтолду:

- Биз бул компанияга кезинде бир катар дооматтар менен кайрылганбыз. Биринчиден айдоочулук күбөлүк даярдоонун баасын арзандаткыла деген элек. Ага макул болгон жок. Анткени даярдоого кеткен материал кымбат деген жүйөнү келтирип туруп алышкан. Анан биз эсептеп чыгып, бул компания пайдаланган материалды эсептегенде деле паспорттун өздүк наркынан бир нече эсе ашып түшө турганы белгилүү болгон. Анан биз интеллектуалдык укукту талап кылганбыз. Бирок ал компания 2011-жылдагы келишимди көтөрүп чыгып, эл аралык сотко кайрылабыз деп коркуткан. Анын шарттары бизге ыңгайсыз шартта түзүлүп калган экен. Анан ошол боюнча биз бул тармакты мамлекеттин колуна ала албай калганбыз.

Арттагы “алгыр колдор”

Бул компаниянын жетекчиси Александр Каравай жанданган иштин алкагында суракка алынып, кайра ошол эле күнү коё берилген. Аталган компаниядагы өздүк булак ишемби күнү анын өлкөдөн чыгып кеткенин маалымдады. Буга чейин ал компаниянын Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныбек Бакчиев менен байланышы тууралуу маалымат тараган. “Атлас крипт” ишканасы Бакчиевге таандык делген Бишкектеги “Red Сenter” борборунда жайгашкан.

2011-жылдан бери түзүлгөн келишим боюнча бир нече курдай кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган. Мамлекеттик каттоо кызматынын адистештирилген маалымат берүү борборунун жетекчиси Бердибек Жакыпбаев бул компанияга карата буга чейин да козголгон иштердин биринде дагы мыйзам бузуу фактысы табылган эмес дейт:

- 2011-жылдан бери прокуратура, Каржы полициясы, Улуттук коопсуздук кызматы сыяктуу мамлекеттик органдар тарабынан бир нече ирет кылмыш иши ачылып, кайра кыскарган. Иликтөө иштеринин биринде дагы мыйзам бузуу фактылары табылган эмес. Тергөөнүн бирден бир негиз кармаган жери эле - айдоочулук күбөлүктүн баасынын кымбаттыгы. Бирок анын сапатынын жогорулугу тууралуу айтышпайт.

Ошол эле кезде бул компаниянын кирешеси миллиондоп саналганы жана анда көмүскө схемалар калыптанганы боюнча маалыматтар айтылып жүрөт. Эрлан Сапарбаев мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгарууну өкмөт өз колуна ала албай келгенин белгиледи. 2011-жылы парламентте “Атлас крипт” атаандашсыз негизде тендерден утуп чыккан деген маселе көтөрүлүп, бирок жыйынтыктуу иликтөө жүргөн эмес.

XS
SM
MD
LG