Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

АКШ Көлбаевдин сары изине түштү


Камчы Көлбаевге издөө салынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы жарыя. 21-июль, 2011.
Камчы Көлбаевге издөө салынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы жарыя. 21-июль, 2011.

АКШнын Мамлекеттик Департаменти “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга бир миллион доллар сыйлык жарыялады.

Департаменттин расмий сайтында Көлбаевдин уюшкан тобу КМШ өлкөлөрүнүн уюшкан топторунун “Братский круг” деген аталыштагы синдикатына кирери көрсөтүлгөн. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги аталган билдирүүнү теригүү менен кабыл алып, Көлбаевдин уюшкан тобунун ар бир кадамы көзөмөлдө экенин жарыялады. Мындан бир жарым жыл мурун өз ыктыяры менен Кыргызстанга келип, соттолгон Камчы Көлбаев жакында 8-июнда эркиндикке чыгат.

АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий сайтында Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун каржы булактарын ачып берген маалыматтарга ири өлчөмдө сыйлык жарыяланды. Расмий сайтта маалымат берүүчүнүн купуялуулугуна кепилдик берилери көрсөтүлгөн. Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Жоробай Абдраимов бул билдирүүнү Кыргызстандын укук коргоо органдарына ишенбөөчүлүк катары кабыл алды:

- Ушундай маселенин көтөрүлүшү биздин дарегибизге сын-пикирдей, терс көз караш жараткандай айтылып жатканы байкалып турат да. А чындыгында бул уюшкан кылмыштуу топтун ар бир мүчөсүнүн ар бир кадамы биздин көзөмөлдө. Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз кыймыл-аракеттерин жасаган учурда тез арада кармалып, иш козголуп, сотко өткөрүлүп жатат. Камчы Көлбаев жакында эркиндикке чыккан соң, биздин каттоого алынып, анын ар бир кадамы көзөмөлгө алынат.


Камчы Көлбаев сот залында өкүмдү угууда. 18-апрель, 2013-жыл.
Камчы Көлбаев сот залында өкүмдү угууда. 18-апрель, 2013-жыл.
АКШнын эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасы Көлбаевди евразиялык уюшкан топтордун синдикатына кирерин жарыялаган. Жергиликтүү чекисттердин айтымында, АКШны ал уюшкан топтун маңзат алып өтүү, сактоо жана сатуу жолдору кызыктырышы мүмкүн. Ошондой эле АКШ көмүскө курал-жарак соодасы боюнча баалуу маалыматтарга муктаж. Коопсуздук боюнча эксперт Талант Раззаковдун баамында, АКШ Көлбаев тууралуу маалыматтар үчүн ири өлчөмдө сыйлык жарыялаганына караганда аны кызыктырган олуттуу жагдайлар болушу мүмкүн:

- Менимче Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча АКШда башка бир олуттуу маалыматтар болушу мүмкүн. Мына ошондуктан алар биздин ички иштер органдарында жок, расмий берилбеген маалыматтарга муктаж болуп жатышса керек. Буга чейинки ички каналдар аркылуу берилген маалыматтарга алардын ичи чыкпаса керек. Ошондуктан ал жактан атайын жарыя кылып, сыйлык жарыялап жатышат. Анан калса Көлбаевдин артында турган саясий калканч тууралуу маалымат аз болуп жатпайбы. Аны колдогон саясатчылар жана жогорку даражалуу кызмат адамдары тууралуу маалымат АКШны кызыктырып жатышы мүмкүн.

Көлбаевдин тышкы байланыштары кызыкпы?

“Братский круг” деген түшүнүк КМШнын уюшкан кылмыш топторунун синдикаты катары өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында пайда болгон. Ал синдикаттын тармактары АКШ, Европа жана Араб өлкөлөрүнө чейин тараганы айтылып жүрөт. 2012-жылы Көлбаевдин санаалаштары Анапияев жана Касенов ал синдикаттын мүчөлөрү катары тизмеге киргизилген. Көлбаев 2008-жылы Москвада Орусиядагы уюшкан кылмыш топторунун анабашы, “Япончик” аттуу маркум Вячеслав Иваньков баш болгон жыйында “мыйзамдагы ууру” титулун алган. Талант Раззаковдун айтымында, АКШны Көлбаевдин тышкы байланыштары кызыктырышы ыктымал:

Талант Разаков.
Талант Разаков.
- Мына ошолордун бардыгы бир желеде байланышта болуп жатпайбы. Алардын бардыгы керек учурда бир борбордон башкарылышы да мүмкүн. Булардын үстүндө ким турушу мүмкүн. “Мыйзамдагы уурулардын” бардыгы Орусиядан дайындалып жатканына караганда буга ал жактагы уюшкан кылмыштуу топтордун таасири күчтүү. Мына ошол жакта отуруп алышып ар бир республикага мурдагыдай эле атайын карай турган “мыйзамдагы ууруларды” дайындашат. Анан албетте ага окшогон криминалдык түзүмдөр тиешелүү атайын кызматтардын көзөмөлүндө болушат.

АКШ 2011-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү ири наркобарондордун тизмесине киргизген болчу. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын издөөсүнөн улам, Дубайда жашырынып жүргөн Көлбаев 2012-жыл декабрда Кыргызстанга кайтып келген. Өз ыктыяры менен тергөөгө келген Камчы Көлбаевге мурда козголгон иштин алкагында жети берене боюнча айып коюлган. Бирок жабырлануучу жана күбөлөрдүн көбү мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, алты кылмыш иши кыскарган. Биринчи Май райондук соту аны бир кылмыш эпизоду боюнча айыптуу деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту беш жылдын эки жылын кыскарткан өкүм чыгарып, кийин Жогорку Сот ал өкүмдү күчүндө калтырган. Тергөө абагындагы бир күндүк жаза мөөнөтү эки күнгө эсептелип отуруп, Көлбаев быйыл 8-июнда эркиндикке чыгарылат.

XS
SM
MD
LG