Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Камчы Көлбаевдин соту башталды


Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013.
Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013.

Бишкекте кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаевдин соту башталды. Прокуратура Көлбаевге бир нече оор кылмыштарга шектүү катары айып тагууда. Көлбаев өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган жок. Соттук жараяндын жүрүшүндө Көлбаевдин кылмыш тобунан жабыркады делген адамдар мурдагы көрсөтмөлөрүн жокко чыгарып, эч кандай доосу болбогонун билдирип чыгышты.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда башталган “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин үстүнөн сот иши, бул сотто каралган башка чуулгандуу иштерден көп деле айырмаланган жок. Адаттагыдай эле сот залынын алдында журналисттер, камактагы Көлбаевдин жакындары сагалап, беткап кийген ыкчам бөлүктүн кызматкерлери имаратты кайтарып турушту.

Темир тордун ичиндеги костюм кийип, шайдоот отурган Камчы Көлбаев аны сүрөткө тартып калууга аракеттенген журналисттерди жактырбай карап турду. Адвокаты Сергей Манукян жараян башталганда эле аны жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирди. Бирок ишти караган сот Абдразак Боромбаев өтүнүчтү четке кагып, процесстин ачык өтөрүн жарыялады.

Мамлекеттик айыптоочу Нурдин Молдотаев Көлбаев айыпталган иштер боюнча эки сааттан ашык айыбын угузду. Айыптоочунун маалыматында, Көлбаевге Кылмыш кодексинин "кылмыштуу топ түзгөн", "курал жана маңзат сактаган", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "адам уурдаган жана анын денесине залал келтирген" деген сыяктуу 10 беренеси боюнча айып тагылган:

- Көлбаев Камчыбек Асанбекович өтө оор кылмышка күнөөлөнүп, 2000-жылдан 2007-жылга чейин Петровкадагы №8 абакта өз жазасын өтөп жаткан учурунда, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн жана физикалык артыкчылыктарын колдонуу менен бир катар аймактардагы кылмыштуу топтордун жетекчилери менен мамиледе болуп, 2008-жылы криминалдык чөйрөдө “кылмыштагы ууру” деген наамды алган. Андан соң мыйзамсыз пайдага туйтунуу максаты менен кылмыштуу топ түзүп, бир катар кылмыштуу аракеттерди жасаган.

Прокурордун айткандарына көңүл бурбай, көңүлкош гана уккан Көлбаев болсо өзүнө тагылган айыптоолорду мойнуна албай турганын билдирди:

- Күнөөлөрдү толугу менен мойнума албайм.

Андан соң Көлбаевдин мыйзамсыз аракеттеринен запкы тартты делген жабырлануучулар көрсөтмө беришти. Алгачкы жабырлануучу, ишкер Медербек Кожакметов адегенде эле Камчы Көлбаевге каршы эч кандай доосу болбогонун, андан жабыркадым деп арыз да жазбаганын айтып чыкты:

- Мен өзүмдү жабырлануучу деп эсептебейм. Ага каршы арыз да жазган эмесмин. Жөн гана 2007-2010-жылдары парламенттеги мурдагы депутаттар Бакыт Бекбоев менен Арзыбек Бурканов мага 355 миң доллар аласамды бербей жүрүшкөн. Мына ошол аласамды өндүрүү үчүн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылгам. Ал арызымды Октябр райондук прокуратурасы карамай болуп, бирок андан эч майнап чыккан жок. Ошол учурда мен кадыр-барктуу адам катары бул маселеге Камчы Көлбаев чекит койот деген ниетте ага кайрылгам.

Кожакметовдун айтымында, Камчы Көлбаевге кайрылуудан деле эч майнап чыккан эмес. Ал эми прокуратуранын версиясында Кожакметов Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунан запкы көрүп, токмоктолгону айтылган.

Жабырлануучу делген адамдын капысынан тергөөдөгү өз көрсөтмөсүн танып, "Көлбаевге дооматым жок" деп чыгышы бир топ суроолорду жаратты. Бирок прокуратура өкүлдөрү Кожакметовдун эмненин негизинде жабырлануучу делип табылганы тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Ал эми Көлбаевдин адвокаты Сергей Манукян мамлекеттик айыптоонун таккан күнөөлөрүн негизсиз деп, Көлбаевдин күнөөсүн тастыктоочу далилдер жок экенин билдирүүдө:

- Бүгүнкү соттук териштирүүдө Көлбаевдин кимдир-бирөөгө басым жасадыбы, кимдир-бирөөдөн акча талап кылдыбы деген суроолорго жок деген жоопту алдык. Демек Көлбаевге тагылган айыптар азыртадан эле негизсиз катары чыга баштады.

Анткен менен прокуратура мындан соңку жараяндарда Көлбаевдин күнөөсүн тастыктай турган далилдер арбын экен айтууда. Кийинки жараян 23-апрелде уланмай болду.

39 жаштагы Камчыбек Көлбаев Чолпон-Ата шаарында туулган. Уюшма кылмыштуу топтун бирден-бир негизги өкүлү катары саналып келет. Ал узак убакыт бою кылмыш дүйнөсүндө Рысбек Акматбаевдин жан-жөөкөрү болуп, бирок кийин анын тобунан бөлүнүп чыккан.

2000-жылы Рысбек Акматбаевге кол салды деп күнөөлөнүп, Көлбаев 25 жылга эркинен ажыратылган. Бирок эки жыл өтпөй мунапыска ылайык мөөнөтүнөн мурун камактан бошотулган. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң Көлбаевди Бишкек милициясы кармап, бирок белгисиз себептер менен коё берилген.

2011-жылы Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө карата күрөш башталып, Көлбаевге издөө жарыяланган болчу. 2011-жылы жайында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында Дубай шаарында кармалып, ИИМ аларды алып келүү аракеттери жүрүп жатканын айтып келген. Былтыр декабрда Камчы Көлбаев кызык жагдайда Кыргызстанга келип, андан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып турган.

Камчы Көлбаевди АКШ президенти Барак Обама дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине киргизген жайы бар.


Көлбаев айыбын моюнуна алган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG