Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

ИИМ: Көлбаев “ишин” улантып жатат


Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013
Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013

Кыргыз милициясы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаев өлкөдөгү криминогендик кырдаалга таасир эте аларын айтып чыкты.

Көлбаев ден соолугуна байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Бишкектеги №47 абакка мындан эки айдай мурун которулган. Дартынан улам сот процесси да белгисиз мөөнөткө жылган.

Камчы Көлбаев тууралуу 3-сентябрда Ички иштер министрлигинде уюшма кылмыштуулук боюнча күч түзүмдөрүнүн жыйынында сөз болду. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзү катышкан бул жыйында Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыш топ менен күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев учурда №47 колонияда жаткан Көлбаев өлкөдөгү кырдаалга таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялады:

- Оперативдүү маалымат боюнча, уюшма кылмыш топтордун кылмыштуу иш-аракеттери күчөйт деген коркунуч бар. Анткени Көлбаев өлкөдөгү криминогендик кырдаалды курчутуп, ага таасир эте алат. Башкача айтканда, 47де ээн-эркин эле, каалаганы менен жолугуп жүрөт, кримчөйрөгө байланыштуу бардык маселелерди чечип жатат.

Атайын кызмат Көлбаев сот чечими менен тергөө абактан №47 абакка ден соолугуна байланыштуу которулганын билдирди.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалиев сот Көлбаевдин ишин кароону белгисиз мөөнөткө жылдырганын, буга байланыштуу териштирүү жүрүп жатканын айтты:

- Көлбаевдин иши ушул жылдын 30-августунда каралышы керек болчу. Мамлекеттик айыптоочулар УКМКга сотко алып келүүнү камсыздагыла деген талап жөнөткөндө, алар Көлбаев ооруп жатканына байланыштуу алып келе албайбыз деп кат жөнөткөн. Биз азыр ал эмне себептен алынып келбегенин териштирип жатабыз.

Сот болсо өзүнүн чечими тууралуу түшүндүрмө берилбесин жүйөө кармап, комментарий берүүдөн баш тартууда.

Мурунку башкы прокурор Байтемир Ибраев мамлекеттик айыптоочулар Көлбаев боюнча жогорку инстанцияларга арыздануу жана ооруп жатканын дыкат текшерүү укугун пайдаланбаганын белгиледи:

- Эгер прокуратура сот чечимине макул болбосо райондук соттун чечимин шаардык сотко, аныкын Жогорку Сотко арызданып, туура эмес болуп калды дегенге толук укугу бар. Балким калп эле оорудум деп коюшу мүмкүн. Муну ошол мекемеде иштеп жаткан врачтар деле карап, такыр болбой айла кетип баратса, экспертиза дайындап текшериш керек да. Албетте прокуратура демилге көтөрсө болот. Укугу бар. Эмне үчүн көпкө ооруп калды? Себеби эмне, чын эле ооруп жатабы, же ишти атайын создуктуруу амалыбы деп текшерсе болот.

Оорусу аныкталды, дарылоо сунушталды

Бишкектеги №47 абак кылмышты түзөтүү системасынын борборлоштурулган ооруканасы болуп эсептелет. Жаза аткаруу кызматынын мурунку төрагасы Шейшенбек Байзаковдун билдиришинче, бул жакта сыртынан кулптанган камералар болбойт:

- Колонияда, СИЗОдо отуруп ооруп калгандар ошол жакка жөнөтүлөт. Бирок эгер ал адам соттолгон болсо, дарылоого жөнөтүүнү Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги чечет. Дарылануу үчүн колониядан колонияга которгонду абак башчылары чечет. Ал эми мыйзам боюнча СИЗОдон 47ге которбойт. Бул сот чечими менен гана ишке ашат. Колонияда барактар бар, мурдагыдай завод жок. Анан баары эле колониянын ичинде ээн-эркин басып жүрөт. Пионер лагериндей эле. Камераларда отурбайт. Зонанын ичинде эле болушат. Күзөтчүлөр мунарадан карап турушат. Ал УКМКнын СИЗОсунда отурган, ошондуктан атайын кызматтын дарыгерлери оорусун аныктап, дарылоону сунуштаган.

№47 түрмө
№47 түрмө
Жаза аткаруу кызматынын оперативдүү-издөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Ороз Энтериев Көлбаев №47 абакта отурганда сырт менен байланышы болушу мүмкүндүгүн, учурда дарыланып жатканын, качан чыгаары белгисиз экенин маалымдады:

- Телефон менен сүйлөшөт, же сүйлөшпөйт деп айта албайм. Бардык эле абактагылардай эле телефондор кандайдыр бир жолдор менен кирип кетет, кирип кеткендер болсо тартып алабыз. Тосмо дубал 1,5 эле метр да. Сырттан ичин көздөй ыргытып жиберет. Түрмөгө тамак-аш алып келсе аны киргизет, чектөө жок. Ал эми жолугам дегендер сот чечими менен гана жолуга алат. Дарыгерлер келип карап, кайсы жери ооруса аныктап, ушуну дарылагыла деп көрсөтмө берет экен. Азыр ошолордун баарын дарылап жатат. Биздин врачтар бар, анан Саламаттык сактоо министрлигинен кеңеш алышат. Көлбаевдин бөйрөгүндө таш бар болчу, анан дагы бир жери ооруйт эле, азыр эсимден чыгып кетти... Качан чыгарын айта албайм, азыр асма ийнелерин алып жатат, дарыланып бүтсө эле чыгарабыз, биздин деле аны кармап отурууга кызыкчылыгыбыз жок.

Атайын кызмат Көлбаевди “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган жана киши денесине залал келтирген” деген сыяктуу 10 берене боюнча айыптап жатат. 39 жаштагы Көлбаев өзүнө коюлган дооматтарды четке кагууда.

Тергөө учурунда ага каршы көрсөтмө берген жабырлануучулар да, күбөлөр да сотко келгенде мурда айткан сөздөрүн танып, Көлбаевге эч доосу жок экенин айтып чыгышты. Көлбаев былтыр декабрда Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга келгенден кийин камакка алынган.

Жазында кылмыш дүйнөсүнүн дагы бир анабашы делген Азиз Батукаевдин ден соолугуна байланыштуу сот чечими менен абактан мөөнөтүнөн мурда бошошу коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жакында президент Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” маегинде буга байланыштуу күч түзүмдөрү боюнча мурунку вице-премьер-министр Шамил Атахановду күнөөлөгөн эле.

XS
SM
MD
LG