Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Издөө салынган Кадыралиев кайда?


Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурада ыкчам-иликтөө органдарындагы мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген.
Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурада ыкчам-иликтөө органдарындагы мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген.

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевди издөө иштери жүрүп жатат.

Бүгүн Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгаргандан кийин Канжар Кадыралиев суракка келбей жатканы ачыкталды. Кадыралиевдин адвокаты ал эч жакка качпаганын билдирүүдө.

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге 18-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, аны камакка алуу чечимин чыгаруу сунушу Ош шаардык сотуна жиберилген. Кадыралиевге Кылмыш кодексинин “бейбаштык”, “опузалоо”, “өзүмбилемдик” беренелери боюнча иш козголгон.

Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиреновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча Кадыралиев башынан эле тергөө менен кызматташпай, суракка келбей жаткан:

- Биз УКМК менен Ош облустук ички иштер башкармалыгына материалдарды өткөрүп, издөөгө бердик. Процессуалдык кодекс боюнча эгер ал чакырылган убакта келбесе, баш коргоо чарасын сыртынан өзгөртсө болот.

Башкы көзөмөл органынын сунушун караган Ош шаардык соту бүгүн аны камоо боюнча сыртынан чечим чыгарды. Ош облустук сотунун судьясы Шералы Камчыбековдун билдиришинче, соттук жараянга Кадыралиев өзү катышкан эмес:

- Бизге бул санкция сыртынан кароо боюнча келген. Кадыралиев сотко да келген жок, ошондуктан биз да анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимди сыртынан кабыл алдык.

Сот чечимин ишке ашыруу үчүн учурда Канжар Кадыралиевге милиция менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети издөө салды. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев сот чечими боюнча жергиликтүү милиция Кадыралиевди издөөгө киришкенин “Азаттыкка” маалымдады:

- Бүгүн издөө иштери башталды. Биздин башкармалыкка тиешелүү документтер келип түштү. Азыр анын кайсы жерде жүргөнүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев парламенттеги Социал-демократтар партиясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы. Депутат бир тууганы эч жакка кетпей, тергөө менен кызматташып жатканын “Азаттыкка” билдирген.

Ушундай эле маалыматты Канжар Кадыралиевдин адвокаты Динара Турдуматова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, учурда Кадыралиевдин үстүнөн доо арыз жазган жарандар менен өз ара келишүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:

- Канжар Кадыралиевге иш кечээ козголгон, бир эле күн болбодубу. Ал Кара-Кулжага чыгып кеткен экен. Ошондуктан суракка баралбай калды. Мен баса белгилеп айтып коеюн, жабырлануучулар кайра тосмо арыз жазып жатышат. Эки киши арызданган экен, экөө тең кайтарып алышты. Алардын тосмо арыздары прокуратура, сотко келип түштү.

Айрым маалыматтар боюнча, 19-ноябрда Кадыралиевге каршы доо арыз жазган жергиликтүү фермер, Кадыралиевдин айылдашы Абдимитал Бекташев тосмо арыз жазып, доо арызын кайтарып алды.

Жакында эле өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. “Азаттыктын” телекомандасы бул маалымат боюнча иликтөө жүргүзүп, Өзгөнгө барып, ал жерде Кадыралиевди “өкүмзордук жасап жатат” деген башка айылдаштарынын да пикирлерин жарыялаган. Иликтөө программа эфирге чыккандан кийин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кадыралиевге байланышкан маселени текшерүүгө алынуусун талап кылган буйрук бергени маалым болгон.

Канжар Кадыралиев өзү болсо мындай айыптоолорду четке кагып, аны атайылап каралоо аракети деп атаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG