Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Канжар Кадыралиевге издөө жарыяланды


Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурада ыкчам-иликтөө органдарындагы мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген.
Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурада ыкчам-иликтөө органдарындагы мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген.

Кылмыш иши козголгон Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиренов бүгүн "Азаттыкка" билдирди.

Бакыт Кетиреновдун айтымында, Кадыралиев башынан эле тергөө менен кызматташпай, суракка келбей жаткан. Издөөнү УКМК менен ИИМ жүргүзөт.

Анын алдында бүгүн (19-ноябрда) Ош шаардык соту да прокурор Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарган болчу. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган соттон кабарлашты. Чечимди чыгарган судья Шералы Камчыбековдун билдиришинче, соттук жараянга Кадыралиев өзү катышкан жок. Прокуратура өкүлдөрү аны тергөөгө келбей жатканын билдиргени үчүн сот аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды.

18-ноябрда Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге кылмыш иши козголуп, Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан алынган болчу. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгогон.

Ошондой эле аны камакка алуу тууралуу өтүнүчү келтирилген эле. Бирок Ыргал Кадыралиева агасы тергөөгө келбей жатат деген дооматты төгүндөп жатат.

Өткөн аптада Кадыралиевдин үстүнөн дагы бир айылдашы - Абдимитал Бекташев даттанып, Башкы прокуратурага арыз жазган болчу. Буга ал депутаттын бир тууганы жерин тартып алганы жатканын жүйө келтирген. Андан мурдараак Кадыралиевди дагы бир жеке ишкер куралдуу карактоого байланыштуу айыптаган эле.

Канжар Кадыралиевге өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арызы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Алмамбет Абдрамановдун “Азаттыкка” билдиришинче, ага “бейбаштык”, “опузалоо” жана “өзүмбилемдик” беренелери боюнча айып тагылды.

- Тергөө органдарына келбей жатканына байланыштуу Канжар Кадыралиевге Кылмыш-жаза кодексиндеги 234, 353 жана 170 -беренелердеги кылмыш иштерге айыптуу катары кылмыш иши козголду. Бүгүн Ош шаардык сотуна Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын карап, камоо өтүнүчү келтирилди. Андан сырткары кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Кадыралиевдин прокурордук кызматка жатпаган иш-аракеттери аныкталды. Мындан улам баш прокурордун буйругу менен ал кызматтан алынды.

Бул боюнча Канжар Кадыралиевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Анын бир тууган карындашы, депутат Ыргал Кадыралиева 18-ноябрда "Азаттыкка" агасы тергөөгө келбей жатат деген дооматты төгүндөдү:

- Бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө иштери баарын ачык-айкын кылат деп ишенем. Канжар Кадыралиев тергөөчү чакырган сайын үзбөй барууда. Тергөөчү менен кечээ да жолуккан. Качпаганы тууралуу өзүнөн да уктум. Анын үстүнөн арызданган Бекташев деген да кечээ тергөөгө барган. Экөө ошол жерде учурашкан. Анын баласы менен да ошол жерден көрүшкөн. Качып кетет деген маалымат туура эмес. Канжар азыр Ошто, эч кайда качпайт. Тергөөчү менен күнүгө эле чакырган мөөнөтүндө барып, жолугуп жатат.

Өткөн аптада Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну Абдимитал Бекташов Канжар Кадыралиевге байланыштуу Башкы прокуратурага арызданганын “Азаттыкка” билдирген. Ал ижарага алып иштетип жүргөн үч гектар жерин Кадыралиев талашып, уруп-согуп, кысымга алып жатканын айтып чыккан:

- Канжардын агасы бар. Экөө ат менен келип, кадимкидей уруп, тепкилеп кетет. “Эгер алмаңды, же чөбүңдү алсаң СПИД жуктурулган ийне сайып, же болбосо чөнтөгүңө тапанча салып каматам” деп коркутат. Буга чейин Оштун, Өзгөндүн прокуратурасына көп жолу кайрылдым. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Азыр эми барсаңар 150 жылкысы, кою менин багымда жатат. Айдап жиберсең балээге каласың. Сентябрдан майга чейин алардын малын багып беришим керек. Ошол жерди жайыт кылып алышкан.

Сактан Келдибаевдин туугандары маалымат жыйынын өткөрүүдө. 10-октябрь
Сактан Келдибаевдин туугандары маалымат жыйынын өткөрүүдө. 10-октябрь

Өткөн айда өзгөндүк жеке ишкер Сактан Келдибаевдин туугандары Канжар Кадыралиевди куралдуу карактоого байланыштуу айыптап чыгышкан болчу. Опузалап акча өндүрүп жүргөнүн, мармар таш чыгарган ишканасын тартып алууга аракет жасап жатканын билдиришкен.

Канжар Кадыралиевге байланыштуу милицияга дагы бир арыз түшкөн. 2010-жылы июнь коогасына үч күн калганда атып өлтүрүлгөн, уюшма кылмыш топтун лидерлеринин бири катары тизмеде турган, Жалал-Абадда “кара Айбек” деген каймана ат менен таанымал өзбек тектүү Айбек Мирсидиковдун апасы Лолахан күч органдарына кайрылган экен. Ал Канжар Кадыралиев уулуна таандык 25 баш жылкыны мындан төрт жыл мурун багып берем деп алып кетип, акчасын толук бербей жүргөнүн айткан. Канжар Кадыралиев “Азаттыкка” комментарий берип жатып, мындай дооматтарды жокко чыгарган жана муну каралоо деп атаган.

Буга чейин Канжар Кадыралиевге байланыштуу жагдайды "Азаттык" иликтөөгө алган. Ушундан кийин президент Алмазбек Атамбаев айтылган дооматтарды териштирүүнү баш прокурор Аида Саляновага тапшырган болчу.

XS
SM
MD
LG