Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Ишкерди ким сабаган?


Гулаб Шах Мухаммад Акбар ооруканада.
Гулаб Шах Мухаммад Акбар ооруканада.

27-июлда ишкер Гулаб Шах Мухаммад Акбарды Бишкек шаарындагы үйүнүн алдынан белгисиз адамдар сабап кетишкен. Ишкер өзү окуяны буйрутма деп атоодо.

Ал бул окуя үчүн “Темир” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигин айыптоодо. Ал эми “Темирдин” жетекчилиги өз кезегинде аны куру жалаа деп атап, Гулаб Шах Мухаммад Акбарды сотко бергени жатканын билдирди.

“Бир жумадан бери акмалап жүрүшкөн”

Кыргызстандын жараны, түпкү теги оогандык ишкер Гулаб Шах Мухаммад Акбар 27-июлда күндүзгү саат он бир жарымдар чамасында өзү жашаган үйдүн кире беришинде сабалган.

Ишкердин айтымында, белгисиз адамдар аны бир аптадан бери акмалап жүрүп, оңтою келгенде кол салышкан.

- Мен подъездге кирер замат чымыр денелүү бир жигитти көрдүм. Мен аны бир аптадан бери күн сайын эле көрүп жүргөм. Кошунабыз, же конокко келген го деп ойлочумун.

Коңгуроону басайын дегенде ал мага бет маңдай түз келди. Анын колунда темир бар экен. Мени кандайча урганын билбей калдым. Ошондо дагы бирөө жүгүрүп келди. Анда чоң электрошок бар экен. Мен эки-үч жолу кыйкырып, анан эсимди жоготуп койдум.

Алар менин сумкамды алып качып кетишти. Алар мени уруп жатканда “сен ким менен күрөшүп жатасың, биздин жетекчиге каршыбы” деп айткан бир сөзүн билем. Алар мага ушул сөздү акырын айтышты.


Катуу сабалган Гулаб Шах Мухаммад Акбар ошол замат тез жардам менен Республикалык оорукананын нейротравматология бөлүмүнө жеткирилген. Аталган бөлүмдүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Улан Дыйканалиев Гулаб Шахдын абалы тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Гулаб Шах Мухаммад Акбардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бул өтө оор да эмес, жеңил да эмес, орточо абалда дегендик. Акыл эси орунда. Бизге тез жардам аркылуу үйүнүн алдынан жеткирилген. Жанында келинчеги кошо келген. Мээси чайкалып, баш сөөгүнөн төрт жеринен жаракат алган. Мурду да сынган экен. Башындагы төрт жарааты тигилди. Мурдун болсо эки-үч күндө түздөп беребиз.

Шектүүлөр камерага түшүп калган

Гулаб Шах Мухаммад Акбар аны экиден көп адам сабаган деп божомолдойт. Алардын бири кире беришке орнотулган жашыруун камерага түшүп калган. Бул окуя боюнча Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев буларды билдирди:

- Бул ишке байланыштуу Свердлов РИИБси тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесине ылайык каракчылык боюнча кылмыш иши козголду. Маалымат түшөр замат окуя болгон жерге оперативдүү топ барган. Ал жерден арматурадан жасалган темир курал табышкан. Ошону менен сабашкан экен.

Кыйладан бери Кыргызстанда темир тармагында иштеп келаткан Гулаб Шах Мухаммад Акбар окуяны атайын буйрутма деп саноодо. Анын оюнча, "бул иште “Темир” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Улук Абдумомуновдун тиешеси болушу мүмкүн".

- Мага эки-үч жолу “Темир” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Улук Абдумомунов тарабынан коркутуулар болгон. "Темир" ишканасын бир депутат да көзөмөл кылат. Албетте бул ошол экөөнүн иши.

“Булар алдамчылардын тобу”

Ал эми “Темир” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Улук Абдумомунов Гулаб Шах Мухаммад Акбардын билдирүүсүн куруу жалаа деп, ал үчүн аны сотко бергени жатканын айтууда.

- Бул кайсы далил менен айтып жатканын түшүнбөй жатам. Аны уруп, тоноп кетсе, мында менин кандай күнөөм болушу мүмкүн?! Ошону мен түшүнбөй жатам. Ошол себептен мен Башкы прокуратурага арыз даярдап жатам. Бизде ИИМ, сот органдары деген бар. Мунун жөн эле антип айтууга акысы жок. Бул деген адамдын кадыр-баркына доо кетирүү болуп жатат.

“Гулаб Шах баштаган айрым ишкерлер буга чейин темир бизнесинен пайда көрүп, бирок мамлекетке салык төлөбөй келишкен” деп эсептейт Абдумомунов. Ошонун негизинде ишкананын жетекчилиги алар менен иштешүүдөн баш тарткан экен.

- Мен радио аркылуу ачык эле айтам, булар алдамчылардын тобу. Бизнесмен болсо канча салык төлөгөнүн көрсөтсүн. Таза бизнесте салык төлөө керек. Булар Кыргызстанга канча киреше кылды, канча инвестиция алып келгенин көрсөтө алышпайт. Бир да кагазы жок.
Кыргызстанга салык үчүн бир да тыйын төлөгөн эмес. Ошон үчүн мен буларды алдамчылар деп айтам.


Абдумомуновдун билдиришинче, “Темир” мамлекеттик ишкана, андыктан бардык иштер мыйзам ченемдүү гана жүрөт. Ал ишканага кайсы бир адамдардын таасири бар дегенди четке какты.

- Мен бир да саясий партияда турбайм. Мага буйрук берүүгө бир да депутаттын укугу жок. Мен өкмөткө жана анын башчысы Алмазбек Атамбаевге гана баш ийем.

Бул окуяны Кыргызстандын Акыйкатчы институту да көзөмөлгө алууда. Кыргызстанда темир бизнесинде иштеп келаткан оогандык, ирандык жана кыргызстандык ишкерлер буга чейин да “Темир” ишканасынын жетекчилигине нааразы болуп, президентке, өкмөт башчыга жана депутаттарга кайрылышкан. Анда алар темир тармагындагы коррупцияга каршы чыгып жаткандыктарын билдиришкен болчу.


Ишкер Гулаб Шах Мухаммад Ахмадды сабап кетишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

XS
SM
MD
LG