Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Журналист Турат Акимовго кол салуу болду


Турат Акимов
Турат Акимов

Оппозициялык маанайдагы “Деньги и Власть” гезитинин баш редактору, саясий талдоочу Турат Акимовду үйүнүн жанынан сабап кетишти.

Жабырлануучунун өзүнүн айтымында, бул окуя анын кесиптик ишмердиги менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ага кол салууга буюртма бериши мүмкүн болгон тараптар туурасында жабырлануучу тергөөгө көрсөтмө берүүдө. Бишкек шаардык милициясы бул кол салуу фактысы боюнча бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Президент Атамбаев ишти иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алып, ички иштер министрине кылмыштын бетин тез арада ачууну буюрду.

Арматура менен жасалган чабуул

Окуя 20-февралга караган түнү болжол менен саат он экилерден өтүп журналист Турат Акимов үйүнө кайтып келип, машинесин гаражга киргизип, дарбазаны жабайын деген учурда болгон. Жабырлануучунун айтымында, чукулунан пайда болгон чымыр денелүү жигит атырылып келип, аны арматура менен башка чапканга аракет жасаган.

Жабырлануучу буйтай берип, каршылык көргөзгөн учурда арматура анын кулак тушуна тийген. Моюн тушка урулган экинчи соккуну журналист колу менен тосуп калып, манжасы сынган. Андан соң кол салган белгисиз адам окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.

​Жабырланган журналист Турат Акимов кол салууну кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, өч алуу актысы катары сыпаттады:

"Деньги и Власть" гезити
"Деньги и Власть" гезити

- Бою узун, чымыр денелүү ал адам чагылгандай тез кыймылдады. Мен буйтай бергенде сокку кулак тушка чала тийди. Анан экинчи сокку моюнума урулуп, колум менен тосо калганда манжаларым сынып кетиптир. Догдурлар сокку жеген жерлеримди тигип, манжаларыма гипс салып беришти. Кылмышкер мени арматура менен башка чапканга аракет кылганга караганда бул жөн эле сабоо эмес, өлтүрүүгө жасалган аракет болду го деп калдым. Бул ишти мен жаңы жылга чейин жазылган иликтөө материалдары менен байланыштуу деп шекшип турам. Мына ушундай ишке барууга жөндөмдүү бир-эки адамда шегим бар.

Ага кол салуу фактысы тууралуу журналист Турат Акимов милициянын 102 кызматына өзү кабарлаган. Окуя болгон жерге келген милициянын ыкчам иликтөө тобу жабырлануучудан көрсөтмө алып, ага кол салууда колдонулган арматураны таап, далил заты катары ишке бекиткен. Андан соң жабырлануучунун саламаттыгына келтирилген залалдын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кылмыш иши бейбаштык беренеси менен козголду

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун ырастады:

- Милициянын ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барганда Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин көчөсүндөгү жетинчи үйдүн астынан Турат Акимов деген жаранга белгисиз бирөө кол салып, аны кулак тушка арматура менен урганы аныкталды. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтеп-тергөө иштери башталды.

Шыкак берген жагдай

Укук коргоочулардын баамында, “Деньги и Власть” гезитинин баш редактору Турат Акимов бийликтеги айрым аткаминерлер менен саясатчылардын көмүскө иштерин ашкерелеген ачуу макалалары менен белгилүү.

Мен бул иштин журналист Акимовдун кесиптик ишмердиги менен толук байланышы бар деген ойдомун.
Азиза Абдирасулова

”Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Президент өткөн 24-декабрдагы пресс-конференциясында журналист Дайыр Орунбеков тууралуу “эгерде президент болбосом мен аны уруп, сабамакмын” дегени туура эмес ишарат болгонун биз ошондо эле айтып чыкканбыз. Биз президенттик аппаратка мындай билдирүүдөн кийин журналисттин коопсуздугун камсыздагыла дегенбиз. Бирок алар биздин айтканыбызды президенттин билдирүүсү ачуу менен айтылып кетти деп туура кабыл алышкан жок. Президент өзү мына ошондой ишарат бергенден кийин ачуу сын жазган Турат Акимовго окшогон журналисттерге кол салуу болбой коюшу мүмкүн эмес эле. Мен бул иштин журналист Акимовдун кесиптик ишмердиги менен толук байланышы бар деген ойдомун.

Ошол эле кезде президенттин маалымат саясаты бөлүмү мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев журналистке кол салуу фактысын тергөөнү жеке көзөмөлүнө алганын жарыялаган маалымат таратты. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов мамлекет башчысы бул кылмыштын бетин тез арада ачууну тапшырганын айтты:

- Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев журналист Турат Акимовго кол салуу фактысын тергөөнү өзүнүн жеке көзөмөлүнө алды. Мамлекет башчысы ички иштер министри Мелис Турганбаевге журналистке кол салган адамды издөө боюнча ыкчам чараларды көрүүнү жана кылдат тергөө жүргүзүп чыныгы күнөөлүүлөрдү таап, жоопко тартууну тапшырды.

Укук коргоочулардын айтымында, 2010-жылдан бери журналисттерге саясий мүнөздөгү кол салуу фактысы каттала элек болчу. Ага чейин Бакиев режимин сындаган бир катар журналисттерге кол салуу болуп, алардын бири каза тапса, айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан эле.

XS
SM
MD
LG