Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Кумтөр: кылмыш ишинен кабар жок


Кумтөр алтын кен долбооруна катышы бар деп табылган жогорку кызмат адамдарына ушул күнгө чейин кылмыш иши козголо элек.

Бул ишти иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде парламент эки ай мурун Кумтөр боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну сунуштаган болчу.

Башкы прокуратура учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелди.

Жоопко тартуу создугууда

Кумтөр алтын кен долбоорундагы коррупциялык иш-аракеттер боюнча козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгы чыга элек. Жогорку Кеңеш Кумтөр чатагын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карап, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иш алып барган кызмат адамдарын жоопко тартууну Башкы прокуратурага тапшырган болчу.

Мамлекеттик комиссиянын корутундусунда 1992-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта бул иштерге тиешеси бар деп саналган кызмат адамдарынын ысымдары аталган эле. Бирок Башкы прокуратура 27-февралда кылмыш фактысы боюнча гана иш козгогон.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташболот Балтабаев тергөө ишинин жыйынтыгы көрүнө электигин белгиледи:

- Биз мына ошого катышы бар кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук жактан баа берүү маселеси гана калды деген негиз менен Башкы прокуратурага тапшырма бергенбиз. Бирок эки айдан бери тергөө кандай нукта жүрүп жатканы түшүнүксүз. Өткөндө башкы прокурор конкреттүү кызмат адамдарына иш козголо электигин айтты. Анда эки айдан бери тергөөчүлөр эмне иш кылып жатышат? Биринчи кезекте мамлекетке чыккынчылык кылган өзүбүздүн аткаминерлер жоопко тартылууга тийиш. Ансыз биз канадалык тарапка кантип доо койо алабыз?

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талабына ылайык козголгон иш боюнча шектүү деп табылган адамдарга эки ай аралыгында айыбы угузулушу керек болчу. Тергөө иши кандайдыр бир себептер менен создукса, кошумча мөөнөт берилүүгө тийиш. Бирок анын себептери тууралуу башкы көзөмөл органы үн ката элек.

Башкы прокуратуранын маалымат борборунун өкүлү Алманбет Абдраманов кылмыш иши факты боюнча гана тергелип жатканын айтуу менен чектелди:

- Бул иш башында факты боюнча гана козголгон. Ал жерде кайсы бир адамдарга кылмыш иши козголгон эмес. Ошондуктан учурда тергөө уланып жаткан соң биз анын жүрүшү тууралуу толук маалымат бере албайбыз. Мыйзамда ошондой каралган.

Сурак берчүлөр үн катпайт

Кумтөр алтын кен долбоору боюнча канадалык тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол койгон жана аны даярдоого көрсөтмө берген кызмат адамдары суракка чакырыла турганы айтылган. Бирок ушул кезге чейин Турсунбек Чыңгышев, Аскар Акаев, Дастан Сарыгулов, Николай Танаев, Курманбек Бакиев, Игорь Чудинов жана Данияр Үсөнов сыяктуу мурдагы ондогон жогорку кызмат адамдарынын кимиси суракка чакырылганы азырынча белгисиз.

Мурдагы өкмөт башчысы Турсунбек Чыңгышев тергөөчү менен жолугуша электигин айтып, аны суракка чакыртууга негиз жоктугун белгиледи:

- Тергөө иштери баштала элек го дейм. Эч ким чакыра элек. Мүмкүн башкаларды чакырып жаткандыр. Мени суракка чакырбаганынын себеби бар. Анткени мен кол койгон алгачкы келишим парламент тарабынан четке кагылып, укуктук жагынан күчүнө кирген эмес. Мен ошондо эле кызматтан кеткем. Ошондуктан мен кийин күчүнө кирген келишим үчүн жооп бербейм. Аны башкалардан сурап алышсын.

"Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгулов суракка чакырылганы жана тергөө иши тууралуу сыр бөлүшкүсү келген жок:

- Мен деле ошол чакырылган адамдардын катарындамын. Бирок бул маселе жашыруун болгондуктан аны кенен жайып, силерге ачык бир нерсе деп айта албайм. Азырынча эрте. Бул иш татаал маселе. Ошон үчүн кылдат иликтениш керек го.

Башкы прокуратура коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишимдерди түзүү беренелери боюнча иш козгогон. Ошол учурда мурдагы президент Аскар Акаев маалымат каражаттары аркылуу муну бийликтин кезектеги саясий оюну катары баалаган болчу.
XS
SM
MD
LG