Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Досоновго кайрадан издөө жарыяланды


Кадыр Досоновду (ортодо) абактагы нааразылык учурунда түрмө башчылары менен сүйлөшүүгө алып баратышат. Ош, 20-январь, 2012-жыл
Кадыр Досоновду (ортодо) абактагы нааразылык учурунда түрмө башчылары менен сүйлөшүүгө алып баратышат. Ош, 20-январь, 2012-жыл

Ошто кримчөйрөнүн анабашы атыккан, “Жеңго” деген каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновго үчүнчү жолу издөө жарыяланды.

Ал бул ирет милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө аралашкан деп айыпталып жатат. Былтыр жыл башында Ош шаарындагы мэр шайлоонун так алдында бир канча айдан бери издөөдө жүргөн Досонов күтүүсүз пайда болгон. Анын баш коргоо чарасы боюнча сот жараяны тымызын өтүп, дароо үй камагына чыгарылган. Бул бийлик менен “каралардын” өз ара "кызматташтыгы" тууралуу күдүк ойлорду жараткан.

Ошто милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүү боюнча шектелип издөөдө жүргөн, уюшма кылмыш топтун мүчөсү Кадырбек Сайдиев ушул айдын башында кармалган. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов Сайдиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде бул ишке “Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү, кылмыш топтун анабашы атыккан Кадыр Досоновдун тиешеси бардыгы аныкталганын билдирди:

- Ошол кылмышка тиешеси бар деп шектүү адам катары издөө жарыяланды. Ишти Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгы жана Ош облусу жана Ош шаары боюнча ички иштер башкы башкармалыгы иликтеп жатат.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев үйүнүн жанынан атып кетишкен.12-январь, 2013-жыл
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев үйүнүн жанынан атып кетишкен.12-январь, 2013-жыл

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун активдүү мүчөсү Кадыр Досоновго алгачкы жолу 2011-жылы,”караларга” каршы күрөш күчөп турган маалда издөө жарыяланган эле. Ага карактоо, маңзат соодасы, адам уурдоо өңдүү оор айыптар тагылган. Ал бир жылдан кийин, 2012-жылы Тажикстанда кармалып, Кыргызстанга алынып келген. Бирок шаардык сот аны актап жиберген.

Милиция Досоновго экинчи жолу 2013-жылы эл аралык издөө жарыялаган. Былтыр жыл башында Ошто мэр шайлоого эки күн калганда күтүүсүз пайда болгон. Досоновду чекисттер учакка салып өздөрү коштоп келген деген маалымат чыккан. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Досонов сотко өз эрки менен келгенин билдирип, ал маалыматтарды жокко чыгарган.

Милиция бир канча айдан бери издеп жүргөн кримтөбөлдүн күтүүсүз пайда болушу, баш коргоо чарасы боюнча сот жараяны жашыруун өтүп, дароо үй камагына чыгарылышы бийлик менен “каралардын” өз ара байланышы тууралуу жоромолдорду күчөткөн. Ошто мэр шайлоого уюшма кылмыш топтор ачык аралашкан деген сөздөр чыккан.

Мындай пикирге талдоочу Руслан Ташанов да кошулат. Анын баамында, кримтөбөлдөрдүн боштондукта жүрүшү бийликтин “караларга” каршы күрөшү аксап жатканынан кабар берет:

- Кээ бир саясий өнөктүктөрдүн алдында тигил же бул кылмыш дүйнөсүнүн авторитети боштондукка чыгып калат. Саясий өнөктүк жок учурунда кайра аларга издөө жарыяланып калат. Биздин бийлик кылмыш дүйнөсү менен кандайдыр бир деңгээлде кызматташтыгы бар деп айтууга толук негиз бар. Мисалы, 2012-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоо жана былтыркы Кара-Суу райондук кеңешке шайлоолордон улам саясий өнөктүктө криминалдык бейформал топтордун таасири болгон деп айтсак болот. Мисалы, Кара-Сууда шайлоодо атышууга чейин барышты. Алдыдагы парламенттик шайлоолордо Кыргызстандын түштүгүндө ар түрдүү кылмыш топтор аралашпайт деп эч ким кепил боло албайт.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Ушул айдын башында Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк уюшма кылмыш топторго каршы күрөш, кылмыштуулук маселелерин талкуулаган. Анда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев уюшма кылмыш топтор жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн, бийлик өкүлдөрү менен коюн-колтук алышып, мафияга айланганын айтып чыккан. Айрыкча Ошто кырдаал опурталдуу экенин эскерткен:

- Каракчылык менен кол салуу, ачыктан-ачык келип, коркпостон автомат менен атып, коркутуп тоноолор 2013-жылга караганда былтыр 22 пайызга көбөйгөн. Бул абдан кооптуу. Кеп уюшулган, милицияда жок унаа айдаган, милицияда жок каражат байланыштары менен жүргөн, өз кишилери өкмөттө, Жогорку Кеңеште, прокуратурада, милицияда отурган топтор жөнүндө болуп жатат. Мага Оштон келген шайлоочулар “Ош Сицилияга айланды, кайсыл жакка арызданып барарыңды билбейсиң, баш көтөргөндөн коркосуң”, деп айтып жатышат. Уюшулган кылмыш жаңы тепкичке, жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлдү. Бийлик өкүлдөрү менен коюн-колтук алышып алып, ушундай иштерди жасагандарды мафия деп коет.

“Караларга” байланыштуу талкууларга журналисттердин да аралашкан жайы бар. Былтыр 7-ноябрь - Басма сөз күнүн утурлай кылмыш тобунун анабашы атыккан, оор кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн Алмамбет Анапияевдин атынан Бишкекте журналисттерге сый тамак уюштурулган болчу. Бул окуядан улам “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кылмыш топтор жана алардын лидерлери менен байланышы бар журналисттердин “кара тизмесин” түзүүнү сунуштаган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG